Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

“Бириккен элдик кыймылы” бүгүн Таластагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын калкына кайрылуу кабыл алды. Анда “бийликтин былыгын, кылыгын көзгө сайып көрсөтүп жатышкан Мекендин патриотторунун демин, белин сындырууга” аракеттер болуп жатканы жөнүндө айтылат.

БЭКтин кайрылуусунда Кыргызстандагы азыркы кырдаал “мамлекеттүүлүгүккө зак кетип”, “бир ууч коррупциялашкан топ, бийликти алдамчылдык жол менен басып алган үй-бүлөлүк клан жана анын арампоз таламдаштары чексиз хандык бийлигин орнотуу үчүн бардык аракеттерин көрүп жатышат”,-деп айтылат. - “Турмушубуздун негизги мыйзамдары тебелендиде калды. Адам укуктары – акчанын, дүйнөнүн бирдигине айланды. Мекенибиздин асыл байлыктары чачылып, сатылып, тонолуп, жоголуп барат. Аздектүү наркыбызга, аялуу баркыбызга доо кетти. Бийлик эл менен элдин, бир туугандардын, кандаш- жандаштардын ортосуна абийирсиз чагым салуу ыкмасына өттү.”

БЭКтин жетекчилиги Таласта “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин милиция тарабынан кармалып, тоскоолдукка кабылып, суралып жатышын түздөн-түз бийликтин тукуругу катары айыптаган:

“Кечээ бийликтин азгырыгы, тукуруусу менен Түп жергесинде өз элине жумуртка ыргыткандар эмнени тапты. Болгону бабалардан калган ата мурас Каркыраны басып, сатып берүүгө жол чабышты. Мына бүгүн алар кеч болсо да түшүнүшүп бармактарын кыя тиштеп отурушат. Бүгүн ошол эле ыкманы Талас жерине, Айкөл Манас элине колдонуп жатышат. Алардын максаты бирөө гана. Кайчы сөз айткан, чындыкты тайманбай тике карашкан, бийликтин былыгын, кылыгын көзгө сайып көрсөтүп жатышкан Мекендин патриотторунун демин, белин сындырууга аракеттенишүүдө.”

Бириккен оппозиция Кыргызстандын калкын “көрпендечиликке берилип көздүү сокур болбоого, зулумдардын, ачкөздөрдүн өлкөнү бүкүлү жок кылуусуна" жол бербөөгө чакырган:

“Учурда эл деп чыгышкан эр азаматтарды камоолоп, ошону менен упай утабыз, башкаларын кыңк эткис кылабыз деген ишараттарын жасашууда. Ушунусу менен патриоттордун байрагын жапырабыз дешсе жаңылышат. Учтуу элдин уучу куру болгон эмес. Бирин кармаса аркасында ону турат, онун байласа аркасында түмөнү турат. Бакай мүнөз бабасы бар, жалын жүрөк баласы бар. Чындык, абийир, намысты басуу мүмкүн эмес. Ал ар бир мүнөт сайын көз жарып өнүп туруучу гүл.”

XS
SM
MD
LG