Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Жазуучулар талкуусу: Калп айтууга ким укуктуу?


Яң Лиаң (экранда жана алдыңкы катарда оң жагынан экинчи) талкуунун башка катышуучулары менен, 9-июн, 2009-жыл, Прага
Яң Лиаң (экранда жана алдыңкы катарда оң жагынан экинчи) талкуунун башка катышуучулары менен, 9-июн, 2009-жыл, Прага

Ушул күндөрү Прагада жазуучулар фестивалы өтүп жатат. Соңку талкуулардын бири «Калп айтууга ким укуктуу?» деген темага арналды. Деги калп айтууга ким укуктуу?

Психологдордун айтымында, адам баласы күндө аз дегенде 300 жолу калп айтат. Мисалы баласы энесинин көңүлүн оорутпаш үчүн, «сабак окудум» деп калп айтышы мүмкүн. Бирок калп мындан алда-канча көп кырдуу көрүнүш. Жазуучунун чыгармачылыгы кайсы бир деңгээлде калпычылык экени жалганбы? Чиновниктин калпы чыгып калса, бети чыдабай отставкага кетет, же Жапонияда 10-кабаттан секирип, жанын кыйышы мүмкүн. Ал эми эркиндиктер чектелген өлкөдө калп айтуу укугуна адатта бир гана атка минер «эл жакшылары» ээ. Бирок саясий калптын «салмагы» жана кесепети канча? Айтор, Прага фестивалындагы бир кечте ар кимге өз тажрыйбасына, кайсы өлкөдөн келгендигине жараша ой калчоого көп «жем ташталды»

Талкуунун катышуучулары калп айтуунун күтүлбөгөн, алтургай биз моюнга алгыбыз келбеген түрлөрүн да сөз кылышты.

Кытайлык акын Ян Лиаң адатта бийликтер элге калп айтып, алардын эс-тутумундагы окуяларды «өчүрүп» салууну, анын аркасы менен тарыхты кайра жазууну максат кылаарын белгиледи. Ошол эле мезгилде Кытайдагы маданий төңкөрүш мезгилинде элетте мүрзө казууга мажбур болгон, азыр Лондондо жашаган акын адамдар өздөрүн да алдага маш экендигин белгиледи:

– Мен үчүн чындык - бул жашоого таназар салуу, анын өтүп жатканына көңүл буруу, тилдин чектелүү экендигин моюнга алуу. Кытайды мисалга алсак, маданий төңкөрүштөн кийин ар бир киши «бул трагедияга ким жол берди?» деген маселени көтөрүп, көпчүлүк өзүн курмандык катары көрсөткүсү келди. Бирок кантип бир миллиарддан ашык киши бүт бойдон бул төңкөрүштүн курмандыгы болушу мүмкүн эле? Мындай кырдаалда чындыгында биз баарыбыз трагедиянын катышуучулары экендигибизди моюнга алышыбыз керек. Ал гана эмес трагедияны биз өзүбүз жаратабыз! Ошондуктан, «ким калпычы?» деген суроону биз башкалардан эмес, биринчи өзүбүздөн сурашыбыз керек.

Чехиялык жазуучу Ярослав Рудиш өз кезегинде чехтер бүгүн эстегиси келбеген «ыңгайсыз» суроолорго кайрылып келет. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 3 миллиондой судет немистери ал кездеги Чехословакиянын аймагынан Германияга куулуп салынган. 37 жаштагы калемгер бул темадагы «Гранд отел», «Берлиндин асманы», «Тумандуу Алоис» өндөнгөн чыгармалары үчүн бир катар сыйлыктарга татыган.

Рудиш азыр коңшулаш Италияга же алыскы Америкага визасыз бара ала турган, өз оюн айткандан коркпогон эркин коомдо жашап жаткандыгын белгилеп, бирок мындай беймарал жашоо түбөлүк эмес болушу мүмкүндүгүн эске салды:

– Бир ирет Берлинде израилдик жазуучуга жолугуп калдым. Ал мага «Ярослав, Борбор Европада жашоо кандай сонун. Ыракаттанып кал, бул жашоо түбөлүк эмес» деди. Чынында да, бүгүн Венгрияда, Полшада, бизде Чехияада да (ашынган) улутчулдар баш көтөрүп жатышканын көрүп жатабыз. Ошондуктан, мен да азыркы бейкуттук жашоо түбөлүк эмес ойлойм. Биздин аймак Чыгыш менен Батыштын ортосунда турат. Бизде 20 жылдан бери жашоо тынч экенине кээде ишене албай кетем. Ошондуктан, мен өз элиме ушул бейкуттук жашоодон ыракат алып калса экен деп тилейм.

Кытайлык диссидент жазуучу Ма Тиаң сөздү эркин болбогон коомдордогу саясий калпычылыкка жана адабият менен турмуш чындыгынын ортосундагы ажырымга бурду, ал мындай коомдо элдин психологиясына терең доо кетээрин сөз кылды:

– Калптын сазына баткан коомдо адам аз-аздап ой калчоо дараметин жогото баштайт. Бир эле мезгилде ал үмүттөн да айрылат. Менин бир романымда эс-учун билбей калган адамдын кыймылсыз жатканын көрөбүз. Бирок чыныгы турмушта болуп жаткан акылга сыйбаган окуяларды алсак, адабият бул жакта эле калат. Жазуучу, акындар андай ойлоп табуучулуктун туу-чокусуна жакындай албашы да мүмкүн.

Прагадагы жазуучулар фестивалы коммунизм кулаган 1989-жылдан бери үзбөй өтүп келатат. Бул ирет ага Нобел сыйлыгын алган араб акыны Адонис, мекенсиз көп жылдар жер кезген палестиналык калемгер Мурид Баргут, америкалык акын, феминист жана маданий активист Анне Валдман, Бертолд Брехттин театрында ырдаган “Суук согуштун ырдалбаган каарманы” Волф Бирман өңдөнгөн көркөм сөз жана акыл ишмерлери чогулду.

Жазуучулар талкуусу:Калп айтууга ким укуктуу?

XS
SM
MD
LG