Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Ош менен Бишкекти эсепке киргизбегенде Кыргызстанда облус, районго баш ийген 23 шаар бар.

Алардын текши баарына мүнөздүү социалдык көрүнүш катары каржылык жетишпестикти, жумушсуздукту, таза суу таңкыстыгын, жол, медициналык тейлөөнүн начардыгын айтса жарашат. “Азаттыктын” бүгүнкү “Коом жана турмуш” радиотүрмөгү кичи шаарлар проблемасына арналат.

Окшош жол, окшош арык, окшош адырлар

Кичи шаарлардын текши баарынын тарых-таржымалы деле окшош. Социализм заманында ачылып калган кайсы бир кен же энергетикалык курулуш, болбосо аскер өнөр жайына керектүү ири ишкананы паанектеп отурукташып калган кичи шаарлардын кейпи эгемендик тушунда адам ыйларлык абалга жетти. Социалисттик байлыктын текши баары таланып-тонолуп, үйлөрү жыгач-ташына чейин бузулуп, темири - Кытайга, бетону - Казакстанга ташылып кетти. Бапыраган калктын кыйласы башка жактарга көчүп, социалисттик байлыктын канталамайга салынышынан чакан шаарлар кыйын жапа чекти.

Тоо арасында мурда “москвалык камсыздоого” алынган Көкжаңак шаарынын көп үйлөрү бузулуп, ушу тапта чоң айыл кейпин кийип калган кези. Шаар жашоочусу Тургун Рысбаев көкжаңактыктардын азыркы абалын “Азаттыктын” облустагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовго момундайча билдирген.

- Биздин кыла турган тирилигибиз ушул. Бизде башка иш жок. Болгону көмүр менен иш кылабыз. Эми завод-фабрикалар жок болгон. Төрт балабыз бар. Көмүрдүн аркасы менен ошолорду багам. Декабрдын аягына чейин көмүр казыш иш болот. Андан кийин токтойт. Көмүр өтпөй калгандан кийин иш токтойт. 200 мсетрге чейин жерге киребиз. Он адам бир күндө бир машине казып чыгабыз. Ошондон 600 – 700 сомдон акча калат.


Тиричилик өткөрүү үчүн Эртөштүк жете албаган тереңдикке түшүп, көмүр казып жатышкандар жалгыз эле Көкжаңакта эмес, Сүлүктү менен Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Миңкушта деле толтура. Кыргызстандыктардын кышкы отунуна жетерлик, анан да Бишкектин электр-жылуулук борборуна ташылчу 100 миң тонна көмүр мына ушул эгемен шахтерлордун эсебинен даярдалууда. Таш-Көмүр шаар башчысы Мамадалы Кулдышевдин айтуусунда, жергиликтүү эл өзгөчө үмүт арткан айтылуу “Кристалл” заводу токтолуп, көмүр казчу эки компаниянын иши деле анчалык жүрүшпөй, экономикалык оор абал түзүлүүдө.

- Шахтада деле ошол. “Ташкөмүр” акционердик коому, “Юнайтед коал” деген эки шахтабыз бар эле. Алардын иши деле бүгүнкү күндө өтөле алдыга жылып кетти дегенден алысмын. Ахывалдары өтө оор. Анан шаардын айлана-тегерегиндеги курулуп калган ГЭСтер гана туруктуу иштеп атат. Бирок аларды деле өтө натыйжалуу иштеп атат, деп айтыш кыйын. Быйыл “Токтогул” көлүнө суу жакшы толуп, электр энергиясын өндүрүүгө жакшы шарт түзүлгөнү менен аны сыртка экспорттоо маселеси чечилбей келатат. Мына биздин жаныбызда “Үч-Коргон”, “Шамалды-Сай”, “Таш-Көмүр” ГЭСибиз бар. Булар деле толук кандуу иштебей жатат. Ошондуктан биздин эң көйгөй проблемабыз бүгүнкү күндө таза экономикалык планда болууда.

“Каракөлдүн кыздары ай, жылдыздардай...”

А бирок ушу тапта азыноолок жандана баштаган кичи шаарлар катарында энергетиктердин Кара-Көлүнүн аты көбүрөөк айтыла баштады. “Камбар-Ата” ГЭС курулуштарынын аркасы менен энергетиктер шаарында айрым социалдык курулуштар улантылып, биртоп иштер жергиликтүү бюджет эсебинен жасала баштады. Быйылкы жаздагы бийлик алмашуусунан кийин шаар башчылык милдетти аткарууга киришкен Илияс Эркеевдин маалымдашынча, мамлекеттик акча уурдалбай, үнөмдүү жумшалса оголе көп жумштар бүткөрүлмөк.

- Быйыл өзүңүздөргө белгилүү жамгыр, суу мол болду. Суу киргенде биздин шаардагы да көп үйлөрдү каптап кетти. Ошондон Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күтүп отурбай селдин кесепетин өзүбүз жойдук. Министрликке онго жакын кат жөнөткөм. Эч кандай тыянак чыккан жок. Аларды карап отура бербей өз күчүбүз менен 745 метр тосмо курдук. Ал 920 миң сом болду. Буга чейинки өкмөт мисалы үчүн 800 метрлик тосмону 8 миллион сомго, 7 миллион 745 миң сомго жасаса, мен ошончолук эле узундуктагы тосмону 920 миң сомго жасап койдум. Мен муну менен бюджеттик акчаны үнөмдөп, максаттуу колдонуп, шаарды ушуга чейинки бюджети 105 миллион сом бюджети менен көп иштерди бүтөрүнө көзүм жетти. Каракөл шаарына бөлүнчү 105 миллион сом бюджетти максаттуу пайдаланса, эч ким жебесе Каракөл шаары качан эле гүлдөп калмак. Илгеркидей болмок. Союз убагында Каракөл белгилүү шаар болчу. Шаар кулуну, элимдин патриоту катары шаарды үлгүлүү шаарга жеткиргенге болот.

Бирөөнө көп, экинчисине аз акча

Антип энергетиктер шаары жаңы гидрокурулуштар эсебинен байып жатканы менен, андан бираз төмөн жайгашкан өнөр жайлуу Таш-Көмүрдүн абалын мыкты деп айтыш кыйын. Кендирди кескен маселе жергиликтүү бюджеттин кирешесин толтуруп турчу ири ишканалардын, орто, чакан ишкердиктин токтолушу болууда. Таш-Көмүр шаар башчысы Мамадалы Кулдышевдин маалымдашынча, өлкөнүн улам-улам революциялашып жатышы экономикага өз салакасын тийгизүүдө.

- Мен бир күн кечке Кар-Көлдө жүрдүм. Кесиптешим Илияс менен. 18 миң адамга 105 миллион бюджети бар Кара-Көлдүнчү. Эми эсептеп көрүңүз. Биз 40 миң адамга 57 миллион бюджет кабыл алганбыз. Анын дагы 10 миллиондоюн быйыл чогулта албайбыз. Эми ал шаардын бактысына “Камбар-Ата” ГЭСи курулуп атат. Киреше бөлүгүн ошол “Камбар-Ата” ГЭСине иштеген мекемелердин эсебинен толтуруп жатышат. Шаар толук кандуу жашаш үчүн 100 миллиондун тегерегинде бюджет болуш керек.

Андай бюджетке Таш-Көмүр шаарынын жакын арада жетиши деле күмөн. Анткени эң ири салык төлөй турган “Кристалл” заводунун айланасындагы талашка эмдигиче чекит коюла эле. 1996-жылы айтылуу “PESAC” программасына туш келип, сатылып, кайтарылуудан башы чыкпай, жаңы бийлик келгени өзгөрүлмөйүн калбаган ишкана толук бүтө элек. Мамадалы Кулдышевдин кыйла өмүрү мына ушул “Кристалл” курулушyна арналган.

- Эми бул союздун убагында долбоор боюнча монокристалл чыгаруучу 4 цехте 4 ири меш залы салынышы керек болчу. Ар бир меш залында дагы 11 мештен салынышы долбоорлонгон. Анан союздун убагында 1 меш залдын 3 – 4 гана меши толук кандуу ишке киргизилген болчу. Ушунун айлана-тегерегинде 20 жылдан бери улам бүттү дей бергенбиз. “PESACтан” кийин Малайзиялык кредит берилди. Андан кийин өкмөттөн да берилди. Кийин анан “Эстер Холдинг” деген компания 2007-жылы келип, булар деле бир-эки жыл ичинде 8 миллиондон 10 миллионго чейин инвестиция жумшап заводдун сырткы көрүнүшүн, ичиндеги цехтерин реконструкция жумуштарын бүтүрүшүп, түзүк эле болуп калдык эле. Себеби 2008-2009-жылдары 600 – 650 адам иштеп калды эле.

Азыноолок иштей баштаган завод Убактылуу өкмөт чечими менен мамлекетке кайтарылып, 3 ай ичинде башка инвесторго сатылышы керек эле. Ортодо оорчулук жумушчуларга тийип, алар акысыз отпускеге чыгарылган. Баары азыр үйүндө отуруп калышты. Жумушчулардын 11 миллион сомдук айлык акысынын 5 миллион сомун өкмөт үстөк пайызы жок кредит катары бөлүп берген. Токтоп турган заводго жаңы инвестор качан келери белгисиз. Ошентип башталган иш орто жолдон ташталып, арасат туру.

Мешке кызыккан мер

Кара-Балта шаарында болсо мурдагы союз кезиндеги килем комбинаты бөлүп-бөлүп сатылып кеткен. Мурдагы ири ишкана ээлеген жердин көбү жеке ишкерлерге берилип, жергиликтүү элдин үмүтү эми кытайлыктар куруп жаткан мунай иштетүүчү заводго бурулуп калган. Кара-Балта шаар башчысы Оомат Казакбаев жылуулук менен камсыз кылчу борборду жергиликтүү бийликтин карамагына алуу менен алек.

- Анткени “Жилкоммунсоюз” 30 миң тонна көмүр, 2 миң тонна мазутка тендер өткөрөт. Ошону ортодо көрүп аткан өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жылуулук борборун Кара-Балтага бербей койду. Андан кийин бул маселе боюнча Убактылуу өкмөткө, Амангелди Муралиевге чейин кайрылдым. Облус, район башчыларына кайрылдым. Бүгүнкү күндө дитин коюп ушул Кара-Балта шаарын колдойлу деген аракетти мен көрбөй атам. Бул сөздүн ачыгы.

Шаар башчысы жалгыз жылуулук борбору эмес, менчикке өтүп кеткен дагы бир ири ишкана “Кара-Балта буудайдын” да жергиликтүү бийлик карамагына кайтарылышын каалайт. Төш-Көмүрдө болсо мамлекет ээлигине өткөрүлген ишканадан айлык маянасын алалбай жумушчулар “Кристалл” заводу тезирээк жеке ээликке сатылышын саргая күтүп олтурушат.

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жетекчиси Бахтияр Фаттаховдун ырасташынча, кичи шаарлар проблемасын иликтеп чыга турган атайын комиссия түзүлгөн. Ар бир шаарды өнүктүрүү программалары иштелип чыккан. Ушу тапта ага инвестиция тартуу маселеси талкуудан өтүүдө. Маселен, Майлысуу шаарынын келечеги ал жердеги электр лампалары заводуна байланышкан.

- Ал ишкананын (Майлысуу электр лампалары заводу – Ред.) экономикасы жакшы болбогондон кийин жергиликтүү бюджеттин киреше жагы кыскарып кетти. “Изолит” деген жакшы иштеген заводубуз иштебей калды. Бул жерге жаңы көз караш керек. Заводдун технологиясы жаңырса, анын иш жайын сактап, мурдагы деңгээлинде болбосо да шаарды сактап кала турган иш жайын сактап калса болот.

Ал эми жергиликтүү тургундар болсо өзгөчө зарыл делген маселени, карапайым калкты жумуш менен камсыз кылуунун жөнөкөй жолун сунуш кылышат. Көкжаңак шаар тургуну кара жанын тобокелге салып 200 метр тереңдикке түшүп жаткан жигиттердин ишин жеңилдетүү, үйдө олтурган аялдарга тигүү цехтерин арбын ачууга өкмөт тарабынан сөзсүз көмөк көрсөтүлүшү керек деп эсептейт. Бул маселе эгемендик алгандан бери эле өкмөттүк жыйындарга чейин такай козголуп келатканы менен азырынча ал ишке ашырыла элек. Анын жакын арада ишке ашырылышы да күмөн. Аткаруу бийлик өкүлдөрү жаңы ишкана түзгөндөн көрө мурдагы замандан калган ишканаларды кайтарып алууну жакшы көрөт. Каржылык маселеси чечилбегенден “Кара-Кече” көмүр кенинде ачылган жалгыз мамлекеттик ишкана бюджеттик карыз акчаны күтүп олтурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG