Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Бул жолку каарманыбыз манасчы жана акын Рыспай Исаков 1975-жылы Ош аймагында туулган. Бир нече эл аралык кароо-сынактардын жеңүүчүсү.

- Бир учурда жаш чыгармачыл жаштардын башын бириктирдиңиз эле? Бүгүн алардын карааны көрүнбөйт... Алардын дарамети кандай болуп атат?

- Жаштар бардык учурда эле жигердүү болот. Болгону аларга кам кордук коргон мамлекет же камкордук коргон демөөрчү болушу шарт. Бирок азыркы адабияттагы башаламандык баарына эле белгилүү. Ар ким колунан келген китебин чыгарып атат. Адабий, маданий цензура жок. Мунун баары утурумдук иштер. Акырындап баары жолго салынышы шарт.

- Кайсы бир кез азыркы башаламан адабиятка да баа берилет чыгаар. Бирок азыркы жаш чыгармачылдардын адабиятта бир салымы болоор бекен?

- Сөзсүз түрдө салым кошо алышат алышат. Болгону алардын чыгармаларын иргей турган сынчылардын тобу кандай түзүлөт кеп ошондо. Эгер сынчылар тааныш- билиш менен түзүлүп калса анда билбейм. Бирок баа бергене келгенде азыркы башы көрүнүп калган жаш чыгармачылдарды кайрадан иргеп, мыктысын тандап чыгууга неге болбосун.

- Рыспай мырза, деги эле чыгармачылык сиз үчүн эмне?

- Чыгармачлык- бул жашоо, кыялдануу, алдыга умтулуу. Чыгармачыл адамдарды көптөрү кыялкеч, жашоонун чыныгы көрүнүштөрүнө жуурулуша албаган калк деп келишет. Бирок ошол кыялкечтиктин өзүндө эң күчтүү кайрат бар.


АЙЫЛ МУЗЫКАСЫ

Илгерки-и бир зикир чалган шамандай,
Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.
Эрте менен азан айтып жаткандай,
Эшектери обон созот заңкылдап.

Койлор ырдап коңур үндүү хор менен,
Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.
Аргымагы солист сымал кишенеп,
Актриса болот эчки шайтандай.

Таранчылар конгон токтун зымына,
Ноталардай сызыктарга тизилген,
Чаташтырбай дирижёрдой башкарат,
Чабалекей – дирижёрдой кийинген.

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,
Ойгонушуп, ишке кетет аталар.
Арабасын айдап бара жатканда,
Оркестрдей чак-чук этет такалар.

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,
Шыңгыр-р! этип обон коштой чакалар.
Бейгам жат деп, бешик болуп терметип,
Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар…


БАЛАЛЫКТЫН АМАНАТЫ

… Түйшөлткөн ойлор анда ыраак болчу,
Түшүмө жылан дайым ынак болчу.
Анан мен ал түшүмдү айтып берсем:
«Жылан – бул, байлык болот!» – деп чоң энем,
Жылмайы-ып маңдайымдан сылап койчу.

Чоң энем кээде мага көлүк болуп,
Бир адат калган эле көнүк болуп.
Коркутуп мени кээде көзүн жумуп,
Коркутуп оозун ачып, тилин сунуп…
Калп эле жатып калчу өлүк болуп.

Анда мен коркуп өлүк өңдү көрүп,
Аздан соң ыйлачу элем өңгүрөнүп.
«Жан кирип» ошол замат чоң энеме,
Жалбарып анан мага коёор эле:
«Жарыгым, мен калп эле көрдүм өлүп»…

Каныма ошол адат жороптолуп,
Калыптыр түшүмө да конок болуп.
Өлүмүш болуп калсам чакпай жылан,
Көнүмүш доско айланып атпай жылан,
Түшүм да кетүүчү эле жомок болуп…

Ойгонуп, анан түштүн изин улап,
Түштөгү байлыгымды калсам сурап:
«Балам а-ай, садагаңа чабылайын,
Балалык – өзү байлык, кагылайын!» –
Деп койчу, маңдайымдан өөп, сылап…

… Бир күнү энем турбай жатып калды,
Билинбей өмүр күнү батып калды.
Тил сунуп, мурункудай өлөм дебей,
Тирилип, ыйласаңар келем дебей…
Ирмелбей каректери катып калды.

Өмүрдө жектеп ыйлап күнүмдүктү,
Өкүрүп, өңгүрөндүм! Үнүм бүттү!
Мен эмес, атам дагы боздоп ыйлап,
Мен эмес, бүт айылым коштоп ыйлап!…
Жоктошту кечээ күнкү тирүүлүктү…

Өкүрүк арбактарды козгоп кетти,
Өксүктү толтура албай боздоп кетти.
Теңир да чыдай албай көрүп туйлап,
Турганда жамгыр жашын төгүп ыйлап…
Өлүктү балалыгым коштоп кетти…

… Азыр мен балалыктан айрылгамын,
Жаштыктын Жигитчилик айлындамын.
Энемдин ар бир баскан кадамынын,
Изинде калып кеткен балалыгым,
Таптырбай жүрөт мага дайнын дагын.

Артынган чоң энемдин жомокторун,
Алтындай балалыкты жоготкомун.
Айдыңдуу жаштык доору сүрүп турган,
Ажалга тике карап күлүп турган,
Азыр мен жашчылыкта коноктомун!

… А бирок, түштө көрчү ошол адат,
Азыр да түш дүйнөмө кошо барат.
Ал адат – балалыктын аманаты!
XS
SM
MD
LG