Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Мындан 15 жыл илгери Кыргызстанда аялдардын арасында эң кеңири учураган жумуш мугалим болуп келсе, учурда “челнок” деген адистик андан да ашып түштү. “Дордой” базарында эле соода кылгандардын токсон пайызын аялдар түзөт.

Алар балдарга тарбия берүү, үй кутун бекемдөө, жада калса өзүнүн ден-соолугу деген нерселерди арткы планга сүрүп коюшкан. Антпеске да айла жок. Болбосо баягы эле үй бүлө ачка калат.

- Ушул коробкаларды эртең менен түшүрөбүз. Кечинде кайра жүктөйбүз, - деп базар түйшүгү мене алектенип жаткан Жаркынай чайкоочулук менен алты жылдан бери алек.

Акыркы үч жылдан бери Бишкектеги «Дордой» базарынан туруктуу орун ээлеп иштеп калганга чейин, туш келди көчүп конуп соода кылып келген.

Эки студент кызы жана мектептеги окуучу уулу кандай билим алып жатат эмне жеп кимдер менен бош убактысын өткөрүп жатканын билгиси келсе да мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Жаркынайдын максаты студент балдарынын контракт пулун төлөө жана күнүмдүк тиричиликке каражат табуу:

- Эмне кылабыз анан?! Балдар жакшы каралбай калат. Үйдө тим эле «күйүп жаткан» иш болсо да базарга кетишиң керек. Ансыз кирешең тескери кетет. Ооруп калсаң өзүңө кыйын. Өзү биз өкмөткө өгөйбүз.

Жаркынай айткан «өгөйлөрдүн» иши канчалык оңунан кетсе мамлекетке ошончолук көп акча түшөт. Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгынын, жеке жана чакан бизнести көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жайнарбек Бараткановдун айтымында 2009-жылдан баштап базарчылардан алынуучу пулдун суммасы дагы алты пайызга өскөн:

- Дордойдо отургандар үчүн ар бир өтмөктө товардын жүгүртүлүшүнө жараша ар кандай чегерүүлөр бекитилген.

Иштин көзүн эми эле түшүнүп колуңа акча кармай баштаганыңда «салык!» деп кекетүү, чиновниктердин соода азабынан алыс экендигин көрсөтөт дейт сатуучу Жамийла:

- Өз аракет менен тамды процентке коюп, иш баштап бир күн алдыга кетип бир күн артка кетип, эми акча кармап, нанга жеткениңде келип салык деп басканына жиниң келет. Ошол чиновниктердин бири да базар азабын түшүнбөйт.

Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири «Дордойдо» соода кылгандардын 90 пайызын аялзаты түзөт, кээде алардын үй-бүлөлүк маселелерин да тең бөлүшкөнгө туура келет.

- Эми бизге көбүнчө түрдүү тактама кагаздар боюнча кайрылышат. Дээрлик аялдар кайрылышат. Кээде алардын үй-бүлөлүк маселелерин угууга да туура келет. Кеп кеңеш сурап келишет,- дейт «Дордойдогу» ишкерлер профсоюзунун төрагасынын орун басары Зайнабүбү Ахматова.

Профсоюздан деле тактама кагаз алып, кээде ашыкча кеп-кеңеш арттырбасаң башка колдоо болбогону байкалат. «Базар аялдарынын» дагы бир орчундуу маселеси жатат. Бул сак саламаттык проблемасы, иштеп жүрө берип, бир күнү эле грыжа оорусуна чалдыгышат.

Грыжа бул оорулар гүлдестесинин чекеси гана. Соода-сатыкта, алыс жолдо жана ыңгайсыз шарттарда жүргөн аялдардын көбү тукумсуздукка дуушар болушат.

-Тукумсуздук маселеси, деги эле репродуктивдүү ден-соолук маселеси бир нече суроолорго такалат. Анын ичинде челноктук бизнестин таасири, албетте, тукум улоочулуктун бузулушун шарттайт. Бул жерде маалымат жеткирүүнү күчөтүү жана коомчулукта ар бир кишинин өзүнүн саламатчылыгына кай жерде кандай шартта болбосун жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин жеткирүү жатат. Аны менен кошо репродуктивдүү ден-соолукту тажрыйбада жайылтуу маселеси да турат,-дейт «Репродуктивдүү ден соолук» альянсынын аткаруучу деректири Галина Чиркина.

Челнокчулук кылуу бүгүнкү күндөгү кыргыз аялдарынын арасында эң популярдуу жумуштардын бири. Кай жакты караба, соодада кээде неберелүү энелерди да учуратууга болот. Эмнеси болсо да кирешеси соодадан түшүп, тиричилиги жүрүп жатканына ыраазы аялдар, кийин эмне болоору туурасында ойлонгулары да келбейт.

Алар эптеп балдарын багып, үй-бүлөсүн каражат менен камсыздоого дилгир турушат. Бала демекчи, жада калса бала бакчадагы кичинекей бөбөктөр да "базар-базар" ойногонду эп көрүшөт экен.
XS
SM
MD
LG