Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Тажикстанда эркин ой айтуу мейкиндиги кыскарууда


Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири.
Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири.

Бул тууралуу эл аралык Эл аралык мунапыс уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын бузулушун иликтеген баяндамасында айтылат.

«2016-жылы жалпы улуттук референдум менен Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган. Аларга ылайык, диний жана саясий көз караштар менен партия түзүүгө тыюу салынды, ошондой эле президенттик мөөнөттүн санын чектөө алынып, бул өлкө башчы Эмомали Рахмондун президенттик шайлоого чексиз санда катышып, бийликте калуусуна жол ачты. Ноябрда «Улут көсөмүнө акарат кылуу» үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген», - деп айтылат баяндамада.

Укук коргоочулар Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин иши боюнча бардык расмий маалыматтар, анын ичинде аларга карата тагылган айыптар бийлик тарабынан расмий ресурстардан өчүрүлүп салынгандыгын белгилешкен. Расмий түрдө соттун өкүмү дагы, материалдары дагы жарыяланган эмес. Баяндамада Ислам кайра жаралуу партиясынын 14 лидери менен иштеген адвокаттар кысымга, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, айрым учурларда камалып, соттук териштирүүлөргө дуушар болгондуктары белгиленген.

Баяндаманын авторлору тажик бийлигин «ММКларга киргизилген чектөөлөрдү катаалдаткандыгы жана көз карандысыз маалыматтарга жетүү мүмкүндүктөрүн кыскарткандыгы үчүн сындаган.

Тажик бийлиги өз оюн эркин айтуу жана адамдардын биригүүлөрүнө киргизилген чектөөлөрдүн катаалдаштырылып жатышын улуттук коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү коркунучтары менен түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG