Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

А. Алагушев: 8-беренени аткаруу үчүн "Продакшн студия" керек


ЖК депутаттары "Телеберүү, радио уктуруулар жөнүндөгү” мыйзамдын 8-беренесин өзгөртүүгө ынабай жатышат.
ЖК депутаттары "Телеберүү, радио уктуруулар жөнүндөгү” мыйзамдын 8-беренесин өзгөртүүгө ынабай жатышат.

Кечээ 30дан ашык маалымат каражаты, медиа уюмдар “Телеберүү, радио уктуруулар жөнүндөгү” мыйзамдын 8-беренесине вето коюуну сурап президентке кайрылышты. Алардын бири – Медиа өкүлчүлүктүн адиси Акмат Алагушев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Акмат мырза, айтсаңыз, эмне себептен 30дан ашык уюм 8-берененин мурдагы редакциясы менен макул болбой жатат?

- Былтыр билесиздер, Жогорку Кеңеш “Телекөрсөтүүлөр, радиоуктуруулар жөнүндө” мыйзам кабыл алышкан да. Ага президент 2-июнда кол койгон. Бирок бир топ маалымат каражаттары мунун кээ бир жоболоруна каршы чыгышкан. Ошондон кийин президент өз жардыгы менен Адилет, Маданият жана маалымат министрликтерине тапшырма берген.

Ошонун негизинде медиа коом өкүлдөрүнүн, депутаттардын катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү азыркы учурда ушул 8-беренени аткарууга, башкача айтканда, 50% мамлекеттик тилде чыгууга, 50% аудио, видео программаларды даярдоого мүмкүнчүлүгү аз деген бир пикирге келишкен. Экономикалык жактан, техникадан, адистерден кыйналып калышат деп эсептешкен.

Ошон үчүн көрсөтүлгөн пайыздык катыштагы улуттук телекөрсөтүүлөргө, радиоуктурууларга акырындык менен өтүү сунушталган болчу. Мыйзам 20 пайыз менен күчүнө кирсин, андан кийин жыл сайын 10 пайыздан көбөйө берсин деп сунуш кылганбыз долбоордо. Анан депутаттар кайра эле минтип каршы болуп атышат.

- Ошол силер даярдап, парламентке сунуштаган долбоор боюнча мыйзамдагы 50% х 50% талабы канча жылда ишке кирип бүтүшү керек?

- Үч жыл деп эсептелген. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн маанилүү жагы – улуттук аудио-видео продуктыларды чыгаруучу тармакты өнүктүрүүгө түрткү боло турган механизм болуп атат. Улуттук аудио-видео продуктыларды чыгаруу бүгүнкү күндө чектелүү. Маселе "Продакшн студия" дегендин иш жүзүндө жок экендигинде болуп турат.

- Сиздер тактап көрдүңүздөрбү, берүүлөрдү, уктурууларды даярдоочу студиялар караманча жокпу же аз болуп атабы?

- Эсептеген жокпуз, бирок, баамыбызда аз эле болуп атат, анткени телерадиокомпаниялар өз продуктыларын чыгарбай эле негизинен ретрансляция менен отурушат. Мындайда зарылдыгы деле жок. Бирок булар түптөлүшү, пайда болушу керек. Аталган мыйзамды биз сунуштагандай этап менен киргизгенде буга шарт түзүлөт, улуттук программаларды даярдоо сапаты да жакшырат. Ошондо көрүүчүлөр телерадиокомпаниялардан качпай калышат.

- Рахмат сизге.

Эскерте кетчү жагдай: “Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзамдагы 8-жобону өзгөртүүсүз калтырууну каалаган депутаттар өз көз караштарын аймактарда өзбек, тажик, казак тилдеринде маалымат чабуулу жүрүп, мамлекеттик тилдин куну кетип атат деп негиздешүүдө. Былтыр кабыл алынган мыйзамда жергиликтүү телекөрсөтүүлөрдүн жана уктуруулардын 50%тен ашыгы мамлекеттик тилде болушу, даярдалган көрсөтүүлөр менен уктуруулардын 50%тен ашыгы компаниялардын өзүнүн менчиги болушу кепилденген. Кечээ Парламенттин Билим, илим, маданият, маалымат саясаты комитети жумушчу топ даярдаган жаңы долбоордун 8-беренесин жактырбай, былтыр кабыл алынган мыйзамдагы жобону күчүндө калтырды жана сессияга сунуштоо чечимин чыгарды.

XS
SM
MD
LG