Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Эл аралык “Журналисттерди коргоо” комитети Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча маалыматын жарыялады. Анда акыркы үч жыл ичинде өлкөдө сөз эркиндиги катуу кысымга туш болуп жатканы тууралуу айтылган. Мына ушул жагдайда “Журналисттер” коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев таңкы “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Марат мырза, aкыркы үч жылдын ичинен өткөн жылды сөз эркиндиги жаатында оор жыл болду десек, жаңылышпайт болушубуз керек. Бакандай эки басылманын сот аркылуу, президенттин инисинин ар-намысы үчүн жабылышы, журналисттерге кылмыш иши козголуп, куугунтуккка алынышы, эркин “Азаттык” үналгысынын элдин кеңири катмарына жеткирилбей, бут тосулганы, мындан тышкары президент тарабынан күзүндө кол коюлган “Телерадиолор тууралуу” мыйзамдын кабыл алынышы... Кандай дейсиз?

-Сиз атап кеткен фактылардын баарын биз айтып келгенбиз. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин мейкиндиги тарып, кичирейип баратат. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин азыркы абалы мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагыдан да катаалданып кетти. Ал мезгилде журналисттерге, жалпыга маалымдоочу каражаттарга азыркыдай кысымдар байкалган эмес. Акыркы үч жыл ичинде беш-алты журналист өз өмүрүнүн коопсуздугу үчүн Кыргызстандан чыгып, чет өлкөлөргө баш калкалап кетишти. Ал эми маркум журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келе жатат.

-“Журналисттерди коргоо” комитети да 2007-жылы октябрда атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповго байланыштуу иш аягына чыкпай атканын белгилеп, анын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши жабылган, деген маалымат таратты. Сиздин кабарыңыз барбы бул боюнча?

-Биздин ИИМ берген акыркы маалыматка ишенсек, Алишер Саиповдун өлүмү анын кесиптик ишине эч кандай байланышы жок экен. ИИМ мына ушундай деп бекемдеп атат. Ал эми биз маркумдун ата-энеси, жакындары менен сүйлөшсөк алар Алишер Саиповдун өлүмү анын журналисттик ишине байланыштуу гана болду, деп белгилешет. Биздин эсебибиз боюнча да Алишер Саиповдун өлүмү анын журналисттик кесибине байланыштуу болгон.

-Сиз жетектеген уюм Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу ишти аягына чыгаруу боюнча кандай чараларды көрдү?

-Биз ИИМге кат аркылуу кайрылып, ушул иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, жолугушууну сунуш кылып келдик. Бирок азырынча бул аракеттерден эч кандай натыйжа чыга элек.

-Жакында эле президенттин алдына түзүлгөн катчылыкка эркин маалымат каражаттарынын, журналисттердин укугун коргоочу уюмдардын өкүлдөрү кызматка тартылышты. Атай кетсем, мурдагы Медиаөкүл Илим Карыпбеков, Би-Би-Си үналгысынын тажрыйбалуу журналисти Султан Жумагулов жана башкалар. Булардын президенттик катчылыкка барышы менен бийликтин сөз эркиндигине жасаган мамилеси өзгөрүүсү мүмкүнбү? Кандайдын бир үмүт кылууга жатабы?

-Үмүт кылып турабыз. Себеби Илим Карыпбеков журналисттердин укугун коргоп келген укук коргоочу, адвокат юрист катары маалымат каражаттары арасында өтө белгилүү. Ошондой эле Султан Жумагулов да Би-Би-Си радиосунда иштеп, адис журналист катары белгилүү болгон атактуу адамдардын бири. Эми алар президенттик катчылыктын курамына баргандан кийин балким бийликтин журналисттерге, массалык маалымат каражаттарына жасаган мамилеси жакшы жагына өзгөрөбү, деп ойлойбуз. Кантсе дагы үмүт бар. Көрө жатарбыз, кээде жалгыз-жарым адамдар деле көп иш жасашат, бирок мамлекеттик система аларга мүмкүнчүлүк береби же жокпу, бул –башка маселе.

-Марат мырза, “Азаттыктын” угармандары үчүн маек куруп бергениңизге сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG