Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Жаштар цензурага каршы


4-майда “Кыргызстан жаштарынын корпорациясы” баштаган бир катар жаштар уюмдары Бишкекте “Журналисттерге коопсуздук” аттуу акция өткөрдү. Анда маалымат каражаттарына ашыкча көзөмөлдү токтотуу талабы да коюлду.

Ушул эле күнү медиа жаатында иш алып барган 25 эл аралык уюм Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү таратты.

“Кыргызстан жаштарынын корпорациясы” баштаган “Жаңы максат”, “Биз чын жүрөктөн шаар үчүн” жаштар уюмдары 4-майда Бишкектеги эски аянтта “Журналисттерге коопсуздук” акциясын уюштурду. Акция “Журналистика тобокелсиз болсун!”, “ММКга ашыкча көзөмөлдүн кереги жок,” “Биз эркин басма сөз үчүн”, “Цензурага жок!” ураандары алдында өттү.

Акциянын уюштуруучуларынын бири, “Жаңы максат” кыймылынын төрагасы Улугбек Бакиров иш-чаранын максаты тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Азыркы кырдаалда журналисттердин иш алып баруусу үчүн канчалык шарттар жакшы болсо ошончолук элет жериндегилерге жакшы маалымат жетип турат. Азыр маалымат жетпей эле элдер бири-бирин түшүнүшпөй чаң-тополон чыгып кетип атпайбы. Бүгүн чыкканыбыздын себеби журналисттер эркиндигин камсыздоо талабын кою.

Акция маалында отузга чукул жаштар Жогорку Кеңеш имаратынын алдында журналисттер коопсуздугу үчүн жөн гана ураан чакырбай, басма сөз өкүлдөрү үчүн атайы даярдалган жүзгө чукул кемсел да таратышты.

“Кыргызстан жаштарынын корпорациясы” уюумунун координатору Арсен Закиров кечээ жакында эле Маевкада болуп өткөн окуялардын ММКларда чагылдырылышын мисал тартып, бийлик алмашканы менен басма сөз эркиндиги жаатында абал дагы эле анчейин экенин айтып өттү:

- Чындыгын айтканда биз Маевкда бир акция уюштурганбыз. Жарадар болгон балдарга жардам бергенбиз. Ошондон кийин ММК боюнча ойлонуп калдык. Анткени көп журналисттер келди. Бирок аны көрсөтүшкөн жок. Эмнеге десек, алар бизге “редактор көрсөтпөйсүң” деди дешти. Чындыкты көрсөтпөйсүнөрбү деп сурасак “азыр убактылуу өкмөт тарабынан киргизилген кичине цензура бар”, - дешти.

Ала арада бүгүн медиа жаатында иш алып барган 25 эл аралык уюм Кыргызстандагы сөз эркиндигинин учурдагы абалы тууралуу билдирүү таратты. Анда өлкөдө 7-апрелдеги окуялардан кийин күчтүү жана жигердүү иш алып баруучу массалык маалымат каражаттары пайда болушуна жакшы шарт түзүлгөндүгү менен, журналисттердин абалында кооптонууну жараткан көптөгөн маселелер бар экени айтылат.

Айталы, Улуттук коопсуздук кызматтын куралчан кызматкерлери тарабынан www.24.kg маалымат агенттигин мыйзамсыз түрдө басып алуу аракети; “Бешинчи канал” жана “Пирамида” кирген жеке менчик маалымат каражаттарын мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу демилгелер; убактылуу өкмөттүн кадамдарын сындаган журналисттерге жана алардын укугун коргоочуларга телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы медиа жаатындагы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырат.

Жергиликтүү медиа-эксперт Мырзакат Тыналиев басма сөз эркиндиги жаатында мурунку бийликтин кетирген каталары кайталана турган болсо анын арты эмне менен бүтөөрүн эскертип, убактылуу өкмөттү ММКга карата саясаттан жаңылбоого чакырат.

- Сөз эркиндигин чектеп, кысымдарды киргизүү аракети дайыма тескери натыйжа берет. Ошондуктан толук ачыктык, маалыматтын ар түрдүү булактардан алынуусун камсыз кылуу керек. Ошондо гана кандай бийлик болбосун ошол бийлик жүргүзгөн саясатты ишке ашырууга жардам берет.

Эл аралык уюмдар тараткан бул билдирүүдө ошондой эле сөз эркиндиги жаатында алдыга жылыш катары: «Азаттык» үналгысынын уктуруулары калыбына келтирилиши; УТРКнын жетекчилигине кесиптик деңгээли жогору, көз карандысыздыгы менен таанымал журналисттердин коюлушу; президенттин аброюна шек келтирди деген айып менен ушул жылдын март айында жабылган гезиттердин ишмердүүлүгүнө тыю салуулар жокко чыгарылышы белгиленген.
XS
SM
MD
LG