Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Бишкекте президенттик шайлоо кандай чагылдырылганы талкууга алынып, кетирилген каталарды кийинки шайлоолордо кайталабоонун аргалары изделди.

Кыргызстанда 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо маалымат каражаттарынын кандай иштегени да байкоого алынган болчу. Кыргызстан боюнча андай байкоону “Медиа өкүл институту” менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурган эле. Эми бул эки уюм ошол маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, адистерди, бийлик өкүлдөрүн чогултуп, шайлоодогу маалымат айдыңында кетирилген каталарды талкуулап, аларды кайталабоонун аргаларын издешти.

Мурда маалымат каражаттарында жарыялангандай, эки уюмдун байкоолору боюнча шайлоо маалында негизинен ММКлар мыйзамдарды одоно бузууга жол беришкен эмес. Бирок журналисттик этикалык нормаларды, эрежелерди сактабоочулук көп эле байкалган.

Медиа өкүл институтунун деректири Бегайым Үсөнованын айтымында, шайлоо кампаниясы баштала электе эле айрым журналисттер Курманбек Бакиевдин президент катары иш-сапарларын чаташтырып, “талапкер катары барды” деген учурлары болду.

Адистердин айтымында, К.Бакиевдин кызматынан чегинбей туруп шайлоого катышуу укугуна жетишкени, чынында шайлоону чагылдырууда да көптөгөн маселелерди жаратты. Анткени, ири маалымат каражаттарынын бардыгы мамлекеттин көзүн карагандыктан, бардык талапкерлерге өз программаларын жайылтуу үчүн бирдей укуктар берилбей калды.

Бул тууралуу Бегайым Үсөнова буларды айтты:

- Курманбек Бакиев шайлоо алдында негизинен оң чагылдырылып жатты. Ал эми Алмазбек Атамбаев маалымат каражаттарында көбүрөөк орун алып калган учур кездешкен болсо, ал маалыматтар терс болуп, соттук териштирүүлөр, чыр-чатактар тууралуу болду. Мындайча айтканда, бул маалымат каражаттары ушундай ыкманы колдонуп, элдин аң-сезимин билдирбей бурганга аракет кылышты.

Президенттин катчылыгынын адиси Илим Карыпбековдун айтымында, чынында эле маалымат айдыңында чечилбей келаткан көйгөйлөр көп. Андыктан маалымат каражаттарын саясий күчтөрдүн гана жеке куралына айлантпоо керек. Ал үчүн бийлик да, оппозиция да, коом да салым кошуусу зарыл:

- Мамлекеттики дагы жеке маалымат каражаттары дагы эл аралык журналистиканын эрежелерин сакташпайт. Же таптакыр бийликтин көз карашын чагылдырып келет, же оппозициянын, же болбосо башка саясий күчтөрдүн көз карашын чагылдырып келишет. Тилекке каршы бул абдан туура эмес көрүнүш. Албетте биз муну оңдошубуз керек.

Учурда иштеп жаткан шайлоо кодекси боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттары менен президент өз кызматтарын тапшырбай туруп шайлоолорго катышуу укугуна ээ. Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү 2007-жылдагы жалпы элдик референдум, “Ак жол” партиясынын түзүлүшү менен кошо кирип калган.

Айрым адистердин баамында, шайлоо кодексинде ушундай кемчиликтер турган чакта мамлекеттин көзүн караган маалымат каражаттары бийликтин камчысын чабууну уланта берет. Журналист Данияр Каримовдун пикиринде, балким президент шайлоо алдында өз кызматын тапшырып турганда, мынчалык чоң кемчиликтер болбойт эле.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев мындай дейт:

- Чынын айтканда биздин шайлоо кодексинде бир топ эле кемчиликтер бар. Аларды БШКнын адистери өздөрү деле айтып атат. Биз эми шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралбасы үчүн биргелешип иштеп, кандайдыр бир сунуштардын негизинде кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип каларбыз. Ошол эле президенттин талапкер катары же президент катары аткарган иштери, же маалымдоо менен үгүттөөнүн ортосундагы айырмалар так эмес. Эми бул шайлоо клдексине байланыштуу гана кемчиликтер. Андан башка кемчиликтер да толтура.

Медиа адистеринин пикиринде, маалымат саясаты боюнча айтылган сындардан бийлик жыйынтык чыгарса жакшы болмок. Ошентсе да Борбордук шайлоо комиссиясы менен Улуттук телерадио корпорациясынын өкүлдөрү, президенттик шайлоо маалында бардык эле талапкерлерге бирдей укук берилгенин айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG