Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Токмоктолгон, чет элге качкан журналист, укук коргоочулар көбөйдү


Жыл башынан бери Кыргызстанда беш журналистке кол салуу болуп өттү. Ыдык көргөн укук коргоочулар да көбөйдү. Соңку жылдары ур-токмокко кабылып, өлкөдөн качууга аргасыз болгон журналисттердин саны да артып баратат. Буга байланыштуу өлкөдө бийликтегилердин бетин ачкан темаларды көтөрүү, коррупциялык иш-аракеттерди калемге алуу абдан кооптуу болуп калганы айтылууда.

Ак үй менен көй үйдүн ортосунда күн алыс түрдүү акцияларды өткөргөндөн тажабаган укук коргоочу Максим Кулешов жакында эле эл аралык уюмдардын жардамы менен Европага качууга аргасыз болду. Буга чейин кесибине байланыштуу ыдык көрүп же токмоктолгон журналисттер да өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп келишкен.

Маселен журналист Кайрат Биримкулов мурдагы “Кыргыз Темир Жолунун” жетекчиси, азыркы Бишкек шаар мэри Нариман Түлеевге байланыштуу иштерди каза коем деп катуу токмок жеп, акыры батыш уюмдарынын жардамы менен Европага качууга аргасыз болгон. Оппозициялык маанайдагы “Де-факто” гезитин түзгөн журналист Чолпон Орозобековага да учурунда басым-кысымдар болуп, ал да өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Бир гана ушул эле жылы кыска аралыкта журналисттер Сыргак Абдылдаев, Улугбек Бабакулов, Елена Агеева, Бахадир Кенжебаев жана Абдувахаб Мониевдерге кол салуулар болду.

Медиа уюмдардын билдиргенине караганда, чынында журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөр, эркин маалымат каражаттарын ар-тараптан кысуулар соңку кездери мурдагыга салыштырмалуу өсүп кетти.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешованын айтымында, журналисттер ыдык көргөн фактылар абдан көп, бирок алар тууралуу жалпы коомчулуктун маалыматы жок. Учурда алардын айрымдары эл аралык уюмдарга кайрылып, чет жерден баш паанек сурай башташты:

- Ар кандай ыдык көргөн, сабалып же токмоктолгон журналисттерге, жапа чегип калгандарына биз да колубуздан келген жардамыбызды берип келип атабыз. Моралдык жардам, кээде анча-мынча каржылык жардам берип калабыз. Бул эми ачыкка чыккандарына. Ыдык көрүп, коркуп унчукпай жүргөндөрү толтура. Биз да алардын коопсуздугу үчүн ким экендиктерин айта албайбыз. Ушундай абалда калгандар бизге юридикалык жардам сурап кайрылышат, кеп-кеңеш сурашат. Араларында сыртка качып кеткенге жардам бергиле дегендери да бар.
Максим Кулешов

Айрым саясатчылар Кыргызстан эми гана демократиялык өнүгүү жолуна түшкөнүн, андыктан дароо эле батыштын стандартындагы демократиянын үлгүсүн талап кылуу болбосун, ага коомчулуктун деңгээли да жете электигин айтышат. Мындай өткөөл мезгилде укуктар бузулган, сөз эркиндиги чектелген фактылар көп учурайт дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Агым” гезитинин мурдагы ээси Бегалы Наргозуевдин айтымында журналисттердин сабалганы өкүнүчтүү, бирок алардын эмне себептен токмоктолуп, ыдык көрүп атканы далилденбей калууда. Андыктан алар жөн гана көчө тентектеринен токмок жеген болушу да ыктымал:

- Бизде акыркы күндөрү ушундай кеп-сөздөр көп айтылып атпайбы азыр. Журналисттерди сабоолор болуп атат деп ар-кандай шектенүүлөр болуп атат. Бирок ошолор саясий себептер менен сабалды деп далилдене элек болуп атат. Мен билгенден өткөндө Ошто бир операторду сабап кетишти. Кийин териштире келгенде аны сабагандар жөнөкөй эле тоногучтар болуп чыкты. Бишкекте деле бир нече журналисттер сабалды. Бул - албетте жаман көрүнүш. Бирок азырынча факт жүзүндө далилденбей атат себептери. Көбүнчө эле талап-тоноо иретинде сабалгандай көрүнүп атат.

Ошентсе да осол иштерге кол куушуруп отура берүү, моюн сунуу начар жыйынтык берерин, андайда авторитаризм күчөп, катаал режим орноп калуу коркунучу бар экенин айткан укук коргоочулар, жарандардын активдүүлүгүн күчөтүүгө чакрышууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын пикиринде, өлкөдө бир гана укук коргоочулар жана журналисттер эмес, бийликке же кайсы бир коррупциялык бирикмелерге коркунуч туудурган бардык жарандар куугунтукталып же жок кылынууда:

- Эгерде биз радиодон, гезиттерден же теледен жалаң жомокторду гана уккубуз келбесе, анда биз журналисттерди коргошубуз керек. Ошону эң оболу мамлекет жасашы керек. Биз мына Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери канча жолу журналисттерди коргоо керектигин көтөрүп атабыз. Бирок мамлекет бул боюнча бир дагы жолу позициясын айткан жок.

Ушул тапта Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында салыштырмалуу эркин делгени менен кырдаал ушул бойдон өнүгө берсе, сөз эркиндигин кысуу улана бере турган болсо толук диктатура орноп калчу күн алыс эмес дешет. Андыктан жарандык коом жалпы элди сергек болууга, өз укуктарын үйрөнүүгө, жогору жактагылардан талап кылууга, “эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн” иштээрин түшүнүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG