Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Ара жолдо калган реформа


Кыргыз туусу гезити 7-ноябрда 85 жылдыгын белгиледи

Кыргыз туусу гезити 7-ноябрда 85 жылдыгын белгиледи

Башкаруу реформасынын күүсү менен өкмөттүк гезиттер түздөн түз Президенттин Катчылыгына баш ийип калды. Байкоочулар бул көрүнүш өкмөттүк ММКлардын реформасы жөнүндө демилгелер ишке ашпай калганын билдирет деп белгилешүүдө.

Өкмөттүк ММКлардын реформасы жөнүндө кийинки мезгилде сөз дагы болбой калган. “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” жана “Слово Кыргызстана” гезиттеринин Президенттин Катчылыгына түздөн түз баш ийип калышы, байкоочулардын баамында, өкмөттүк маалымат каражаттарынын реформасы деген идеяны ишке ашыруу токтогондугун көрсөттү. Медиа эксперт Шамарал Майчиевдин айтымында, өкмөттүк гезиттердин Катчылыкка өткөрүлүшү мурдагы реформалоо жана акционерлештирүү жөнүндөгү жарлыктар токтоду же жоюлат дегенге барабар.

Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси Султан Жумагулов өз кезегинде бул кадамдардын максаты жаңылануу реформасынын алкагында өкмөттүк гезиттерди да жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу болуп саналарын “Азаттыкка” билдирген болчу:

- Биздин саясатыбыз - чөнтөк гезит кылып алалы деген максаттан улам эмес, жаңылануу, башкача деңгээлге алып чыгалы, ушул аркылуу бүт кыргыз журналистикасына дем, жигер берели деген тилек.

Өкмөттүк гезиттерди акционерлештирүү тууралуу 2006-жылы президенттин жарлыгы чыккандан кийин “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттери акционерлештирилчү ишканалар тизмесине киргизилген. Ошондон бери иш ордунан жыла элек. Ошондуктан жогоруда аталган гезиттерди бийлик эч качан колунан чыгарбасына коомчулуктун көзү жетип калгандай. Аларды акционерлештирген күндө дагы башкаруу рычагы баары бир мамлекеттин колунда кала берет деген пикир арбын айтылууда.

"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяз Молдокасымов бул ойду бекемдеп, жеке менчик гезиттер жайнап чыгып жаткан учурда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн үч эле гезит бар экенин мисал тартат:

- Бүгүн мамлекеттин саясатын жүргүзгөн гезиттердин саны, өзүңүздөр деле билесиздер, үчөө эле. Ошол эле учурда эркин гезиттердин саны ондоп саналат. Бул Кыргызстандын басма сөзүндөгү эркиндик, пикирлердин плюрализми башка өлкөлөргө караганда алдыда экенинин далили десе болот.

Өткөн жылы апрелде парламент “Телеберүү жана радио уктуруу жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алгандан кийин Кыргызстанда мамлекеттик башкы каналдын базасында коомдук телеканал түзүү идеясы дагы биротоло токтогон. Бул мыйзамга ылайык улуттук каналдын Байкоочу кеңешин да бүтүндөй президент сунуштайт, жетекчисин да түздөн түз президент дайындайт.

УТРКнын Байкоочулар кенешинин азыркы учурда иштеп жаткан түрү да байкалбайт. Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчисин Байкоочулар кенеши жок эле президент алып, дайындап атат. Президент соңку жарлыктары менен Мелис Эшимкановду УТРКнын башкы директору кызматынан алып, анын ордуна Кайыргүл Орозбай кызын дайындады.
XS
SM
MD
LG