Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

Ош облустук ооруканасында алгачкы жүрөк операциясынын жасалышы – облуста келечекте жүрөк хирургиясы институтунун филиалын ачууга багытталган. Гемофилия менен катталгандар Кыргызстанда 300дөн ашык.

Кыргызстанда жыныстык оорулар көбөйүүдө

4-5-декабрда республикалык тери-венерологиялык диспансеринде “Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар. Лабораториялык диагностиканын заманбап ыкмалары” деп аталган семинар өттү. Аталган окуу ЮСАИДдин “Здрав +” программасы тарабынан каржыланды. Семинарга үй-бүлөлүк дарыгерлер, Чүй облусунун ооруканаларынын лаборанттары катышты. Кыргыз Республикасы жыныстык жол менен тараган инфекциялар жана теринин ар кандай жугуштуу оорулары боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турган мамлекеттерге кирет. Мисалы сифилистин кийинки убакта төмөндөгөнүнө карабастан, бул дарт 2006-жылдан 2007-жылга ар бир 100 миң калкка 32,7 пайыздан 25,6 пайызды түзгөн. Нейросифилис менен каттоо 1995-жылдан 2007-жылга чейин 1 ден 16 га чейин, тубаса сифилис 22ге чейин өскөн.

Аталган окууда сифилис, гонорея, трихомониаз, кандидоз, гениталдык герпес өңдүү жана башка жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу дарттарды заманбап диагностикалык жолдор менен дарылап айыктыруунун жаңы ыкмалары өтүлдү.

Жаңы жабдык ишке кирет

Кыргызстан менен Түркиянын жүрөк кан тамыр хирургдары кийинки жылдары тыгыз байланышта иштешүүнү максат кылып келатышат. 1-декабрда жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна аортокоронардык операцияларды биргеликте жасоо максатында Түркиянын “Фатма –Кемаль-Тимучин” атындагы жүрөк борборунан кардиохирург Алаадин Пекедис келди. Эки мамлекеттин кардиохирургдарынын тыгыз байланыштарынын натыйжасында жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча жаш адистерди даярдоо ишке ашырылууда. Ошондой эле күздүн келиши менен Кыргызстандын жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтуна Түркиядан гуманитардык жардам катары жогорку технологиядагы ангиографиялык жабдык алынып келинген.

Бул жабдык орнотулуп, жакында ачылышы боло турганын кабарлады жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу борборунун директору профессор Калдарбек Абдраманов:

- Түркиянын башкы жүрөк хирургдарынын бири Алаадин Пекедис менен учурда бир топ аортокоронардык операцияларды биргеликте жасап жатабыз. Жакын арада Түркиядан алынып келинген ангиографиялык жабдыктын ачылышына Түркиядан дагы дарыгерлер тобу келатат.

Түштүктө жүрөк хирургиясы институтунун филиалы ачылышы зарыл

25-декабрда Кыргызстандын кардиохирургиясынын тарыхында биринчи жолу Ош облустук ооруканасынын базасында жүрөккө операция жасалды. Операция жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборунун директору профессор Калдарбек Абдрамановдун жетекчилигинде ишке ашты. Статистикалык маалымат боюнча, операцияга муктаж оорулуулардын 67 пайызы Кыргызстандын түштүк аймагынан.

Мындай операциялык ыкманын түпкү максаты – түштүк аймагында жүрөк хирургиясы институтунун филиалын ачуу экенин билдирди аталган институттун директору профессор Калдарбек Абдраманов:

- 67 пайыз эми түштүк аймагынан бизге келген оорулуулардын саны. Ал эми келалбагандары канча... Түштүк аймагында жүрөк институтунун филиалын ачуу – 20-30 жылдан бери эле көтөрүлүп келатат. Түштүк жергесиндеги алгачкы операциябыз ийгиликтүү болду. Айтканга оңой болгону менен, бизде ички кабатырлануу катуу болду. Ооба, ырас күндө жасап жүргөн эле операциябыз деңизчи. Биз операциялык шаймандарыбыздын баарын машинеге салып алып бардык. Ал жакта быяктагыдай шарт болбогондон кийин, ички түйшөлүү чоң болду. Биз ушинтип аякта операция жасап элдин, бийликтин көңүлүн буралы деп жатабыз. Барып-келип эле башкы максатыбыз – түштүктө жүрөк хирургиясы институтунун филиалын ачуу.

Кыргызстан гемофилия менен ооругандардын бүткүл дүйнөлүк коомуна кирди

Дүйнө жүзүндө орто эсеп менен бир миллионго жакын адам гемофилия оорусу менен ооруйт. Гемофилия – бул адамдын денинен – мисалы мурдунан, оозунан же кайсы бир жараат кеткен жеринен кандын тынбай токтобой ага бериши. Кыргызстанда дарылоо мекемелерине келип түшкөн маалыматтар боюнча, гемофилия менен катталган орулуулардын саны 300 дөн кем эмес.

Тукум кууй турган илдеттердин бирине кирген гемофилия дартында адамдын канында 8-9-фактор башкача айтканда канды коюлта турган фактор өтө аз болот. Ошондуктан мындай дарты бар орулуулар денесинин бир жерин кесип алса, катуу уруп алса же болбосо оор жумуш кылып койсо кан токтобой, муундарына чейин кан куюлуп кыйналып калат. Катуу жаракат алып калган учурларда каза болуп калышы да мүмкүн.

Бул дарт адам баласы жаралгандан бери эле бар жана бул оору менен эркек балдар гана ооруйт, ал эми кыз балдар илдеттин алып жүрүүчүсү болуп саналат дейт “Республикалык кан борборунун” жетекчиси Мухаметалим Турсунбаев:

- Эгерде ошол генинде гемофилия оорусу бар аял турмушка чыгып эркек бала төрөсө 50 пайыз гемофилия оорусу менен төрөлөт. Ал эми 50 пайыз соо төрөлөт. Эгерде кыз төрөсө 50 пайыз гендин алып жүрүүчүсү болуп, 50 пайызы эч кандай оорусу жок болот.

Биз менен маектешкен Анна Лишинскаянын уулу да мына ушул гемофилия илдети менен ооруйт. Анна айымдын айтуусунда, анын атасы гемофиля менен ооруган.

- Атам да гемофилия менен ооруп, 1992-жылы катуу кармап, кан кетип, ошондон каза болуп калган. Ошол учурда врачтар атама айтышкан экен, эгер кыздуу болсоңуз бул оору менен оорубайт деп. Мен аны угуп, бейкапар эле биринчи уулумду төрөдүм, андан көп өтпөй эле мен аркылуу балама атамдын илдети өткөнүн билдик. Ага тиш чыга баштагандан тарта эле оорунун белгилери байкала баштады, мына азыр 12ге чыкты. 12 жылдан бери гемофилия менен күрөшүп келебиз.

Адистердин айтуусунда, гемофилия илдетинин 70 пайызы тубаса жол аркылуу берилсе, 30 пайызы жок жерден эле берилет. Мисалы Жалал-Абаддан келген Жылдызкан Мамашова урук-туугандарында мындай оору менен ооруган адам жок экендигин айтат:

- Бул оорууну биздин укум-тукумдан уккан эмеспиз, балам жакшынакай эле төрөлгөн. Эки жашында жыгылып, тишинен кан кетти. Анда биз Ошто турчубуз, дароо эле жергиликтүү бейтапканага кайрылдык. Бирок ал жерден ооруну аныктай албай коюшту. Алтынчы-жетинчи күнгө караганда баламдын өңү кетип, алсырай баштаганда борборго алып келдик. Анан ушул жерден гемофилия менен дартты аныкташты.

Гемофилия илдетинин бирден бир дабасы болуп бул ошол жетишпеген 8-9-фактор сырттан алынып, донордун канынан даярдалган дары. “Республикалык кан борборунун” жетекчиси Мухаметалим Турсунбаевдын айтуусунда, бул дары каражаты гемофилия илдетине колдонулган жалгыз дармек болуп саналат.

Мына ушул убагында жакшы дарыланбай, муундарына кан уюп, аксап басып калган Сергей Филипенко аттуу мырза эми Москвада операция жасатат. Ал эки жылдан бери ал жактагы врачтар менен байланышып, даярданып жүргөнүн айтты:

- Мен бул операциядан корккон деле жокмун, себеби мен алар менен дайым байланышта болуп, видео аркылуу башка оорулууларга жасаган операцияларын көрүп, ал оорулуулар менен да кабарлаштым. Адистер айтып жатышат, бутумдун аксап калганы бир эле гемофилия менен байланышкан деп, андыктан бул дарттан өтүшүп кетүү деле болушу мүмкүн эмес.

2007-жылы Кыргызстанда мына ушул гемофилия менен ооруган адамдардын коому түзүлгөн. Бул коом учурда бул илдет менен ооругандарга көмөк көрсөтүп, коомчулукка гемофилия дарты тууралуу туура маалыматтарды берүү менен алектенүүдө. Ал эми быйыл Түркияда өткөн конгрессте Кыргызстанды Бүткүл дүйнөлүк гемофилия коомуна мүчө кылуу маселеси каралган. Эми Кыргызстандык медицина кызматкерлердин чет мамлекеттерге барып, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлөт, деп билдирди “Республикалык кан борборунун” жетекчиси Мухаметалим Турсунбаев.

Мындан сырткары Бүткүл дүйнөлүк гемофилия коому быйыл Кыргызстандын гематолог адисин тажрыйба алмаштыруу максатында Улуу Британияга жөнөтүп жатат. Мухаметалим Турсунбаевдын айтуусу боюнча, келечекте Бүткүл дүйнөлүк гемофилия коомунун колдоосу менен медициналык жактан жакшыртуу багытында бир катар иш-аракеттер көрүлөт
XS
SM
MD
LG