Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

13-июлдагы Убактылуу өкмөт жыйынына коюлган 24 маселе каралган жок. Антишке парламент шайлоого катышууну чечкен айрым өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү арызын жазып бериши себеп болду. Алардын арасынан шайлоого катыша тургандыгын ырастап, бирок кызматын тапшыруу маселесин А.Бекназаров гана так чече элек.


Байкоочулар кеңешине баам таштагыла

Жыйын башчысы Роза Отунбаеванын күн тартибине коюлган 24 маселенин олуттуусу катары Коомдук телеберүү корпорациясынын байкоочулар кеңешине талапкерлерди тандап алуусу кийиникиге жылдырылды. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов байкоочулар кеңешине 59 адам сунушталганын, бирок алардын кыйласынын документтери туура келбегендиктен 47 адам тандалып алынганын, эми алардын арасынан “жумшак рейтинг” ыкмасы менен 30 талапкерди иргеп алуу керектигин билдирди. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлердин кимиси кимдиги тууралуу маалымат топтому жуп жыйын болор алдында берилиптир.

- Биз мындай тартипти сунуш кылсакпы дегенбиз. Аларды тааныштырабыз, документтери сиздердин колуңуздарда. Резюмеси, мүнөздөмөсү. Бирок добуш берүү жагынан кичине өзгөрүү бар.

Кичине өзгөрүү Ф.Ниязовдун айтуусунда, талапкердин документтеринин арасындагы белгиленген кагазга өкмөт мүчөсү жарайт-жарабайт, болот-болбойт деген белги коюшу керек. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү минтип байкоочулар кеңешинин мүчөсүн тандап алууга макул эместигин билдирип, маселени кийинкиге жылдырууну чечишти. Анын себеп-жөнүн президент Р.Отунбаева момундай себепке байланыштуу түшүндүрдү.

- Мен айтат элем, мамындай түрдө биз иштей албайбыз. Моминтип алып келип момунча кишини бир паста чече албайбыз. Муну сен чогултуп атканыңда акылдашың керек болчу, кандай түрдө, кантип киргизебиз? Анан ушинтип элдин баарын чакырып алып эле азыр биз түрүн көрүп мамындай экен деген болбойт да.

Антип чоң маселе кийинкиге жылдырылган соң Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурунку бийликтен калган дүйнө-мүлктү улутташтыруу жагына өтүштү.

Бакиевдин байлыгы катталбай атыр

Бул маселеге келгенде Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тең жарымынын жок экендиги, аларсыз декрет сындуу олуттуу мыйзам тартибине жүрчү документти кабыл алуу мүмкүн эместиги ачыкка чыгып калды. Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А.Бекназаров элдик ишеним менен бийликке жетишкен революциячылардын ордун кайдагы бир “техникалык” өкмөт мүчөлөрү ээлеп калышына каршы экендигин билдирип, ушу азырга чейин жаңы бийликтин ишине тоскоол кылгандар бар экенин айтты.

- Силердин алдыңарга эмес, Роза Исаковнанын алдына эмес, каяктан чыгарып атасыңар? Эмитен будуң-чаң салып атасыңар, техникалык өкмөт, бул өкмөт! Эмненин негизинде чыгарып атасыңар? Кечээ каякта эле 7-апрелде кан төгүлүп атканда? Ага чейин каякта эле момундай жоопкерчиликке чыгып атканда? Эгер ушундай иш менен иштей турган болсоңор азыр өткөрүп, азыр кетебиз. Бакиевинеби, Акайыбынабы? Келгиле да отуруп иштегиле! Эми мындан кийин Роза Исаковна, токтотуш керек, момундай ишти!

А.Бекназаров бир айдан бери мурунку президент А.Акаевден кол тийбестикти алып коюу, Казакстанга тиешелүү делинген Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты улутташтыруу тууралуу декрет долбоорлорун Убактылуу өкмөттүн жыйындарынын күн тартибине киргизе албай келатканын белгилеп, муну Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишке апачык тоскоолдугу “саботаж” катары карай турганын билдирди.

Убактылуу өкмөт мүчөсү Абдыганы Эркебаевдин пикиринде, убактылуу өкмөт менен жөнөкөй өкмөттүн айырмасын тактап алуу зарыл.

- Жөн эле министрлер отурат бул жерде. Экөөнү так биз бөлүшүбүз керек. Жалпы эле өкмөт жыйыны болсо бул бир маселе. А Убактылуу өкмөттүкү болсо ошону тактап алыш керек. Кайсы статус кандай болуп атат.

Ошентип Кыргызстанда эки өкмөт Убактылуу өкмөт, ага улай “техникалык” өкмөт түзүлгөнү турат. “Техникалык” өкмөттүн кандай иштерди жасоого укуктуу экенин Убактылуу өкмөт кезектеги декрети менен белгилеп бермекчи. Ошондой декреттер менен мамлекет ээлигине алынган мурунку бийликтин 34 дүйнө-мүлкүн каттоо укуктук маселеге такалып жатканы маалымдалды. А.Бекназаров аларды деле декретке такап мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин ырастап, бул жерде мыйзам жөнүндө кеп кылуунун зарылдыгы жоктугун айтып алакан жаят.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG