Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Таласта акимчилик алдына митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынды


18-ноябрда Таласта өткөн митинг.
18-ноябрда Таласта өткөн митинг.

Талас шаарына жана облустук акимчиликтин алдына мындан ары митинг, пикет жана башка нааразылык акцияларды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салды.

Талас шаарынын борбордук аянты, облустук акимчиликтин алдында ушул тапка чейин кандай гана митинг-пикет, нааразылык акциялар өткөрүлүп, төөбурчак маселеси, алтын кендер тууралуу, сугат суунун жетишсиздиги, жергиликтүү бийлик башчылардын жана президенттин кетишин талап кылышып, бийликке элдер ар кандай көйгөйлөрүн кыйкырык менен айтып келишкен. 5-декабрда Талас шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттары мындан ары Талас шаарынын ичине митинг пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган токтом кабыл алышты. Депутаттарга мындай чечим чыгарууга ушул жылдын октябрь айында Таласта элдик революция кыймылынын өкүлдөрү өткөргөн курултай да түрткү болду дейт Талас шаардык кеңештин төрагасы Жузумамбет Жаналиев:

- Талас шаарынын борборунда пикеттер мыйзамсыз өтүп атчу. Азыр ошонун бардыгын карап, мыйзамдын негизинде биз аянтта өткөрүүгө уруксат бергенбиз. Бир ай өтпөй эле дагы митинг өткөрөбүз деген каттар келип, стадиондун администрация жетекчиси бизге кайрылды, стадионду тебелеп, биз футбол оюнуна кармап жүргөнбүз, бул өтө кыйындыкка турат деп. Караштырып отуруп, биздин шаарда ылайыктуу жер болбогонунан биздин депутаттар маселени Талас шаарына жакын жайгашкан ипподромду көргөзүшүп, ошол жакка пикеттерди өткөрүүнү калашты.

Ошентип эгер губернатор макул болсо жергиликтүү депутаттардын чечими менен мындан ары бийликке нааразы болгон тараптар облустук акимчиликтен беш км. алыстыкта турган Талас шаарынын түштүк жагындагы Талас районуна караштуу Алканов атындагы ат майданына барып ар кандай митингтерди өткөрө алышат. Оппозицияны жактаган аксакал Абди Байболотов аксакал күн өткөн сайын эл менен бийликтин ортосундагы ажырым күчөп баратат деген ойдо:

- Эң кыйын турмушта калдык. Пикетке чыгабыз десек, ипподромго барып кыйкырбайсыңарбы дейт. Жер түгөнүп калгансып, ошол жакка барабызбы. Эл азыр тескерисинче басып калды. Ленин айткан эле, эки кадам алдыга, бир кадам алдыга деп. Биз азыр 10 кадам артка басып калдык. Кандай кылып, кандай коерубузду билбей калдык.

Мындай көрүнүштөрдүн көбүн президент эмес, анын жанындагы бийлик өкүлдөрү ага жагынуу максатта элге да, бийлик башчыларына да ылайыксыз жагдайларды түзүп жатат. Азыркы тапта бийлик башчылары эске келип бул жагдайды оңдосо болот деген үмүтүн «Азаттыкка” Талас облустук “Ата мекен” партиясынын лидери Койсун Курманалиева билдирүүдө:

- Ошондой болсо дагы бир багытка элди үндөп, эл менен иштесе, менин оюмча эл ээрчип, өзүбүздүн системаны өзгөртүүгө толук мүмкүнчүлүк бар го деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG