Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан дүйнөлүк базарга кызыкдар


Бишкектеги эл аралык жыйында Кыргызстандын ДСУга кирүүсүнүн оң жана терс жактары талкууланды.

Бишкектеги эл аралык жыйында Кыргызстандын ДСУга кирүүсүнүн оң жана терс жактары талкууланды.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнөн кандай утуштарга ээ болгону, эмнелерге жете албай калганы ушу азыр да чоң талаштарды жаратып келет. Кыргызстан бул уюмга киргенине быйыл он жыл толууда.

Кыргызстан дүйнөлүк соода уюмуна 3 жыл ичинде мүчөлүккө өткөн. Эл аралык уюмдун толгон-токой талаптарын аткарууга, айталы, Кытай өкмөтү 14 жылын коротсо, Латвия 7 жыл аралыгында ниетине жетишкен. Ушу тапта постсоветтик Борбор Азия республикаларынын ичинен Тажикстан менен Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө өтүүнүн жөрөлгөлөрүн жасоодо.

Казакстандык эксперт Төлөш Каудыровдун ырасташынча, Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүдөн сыртка негизинен чийки зат чыгаруудан башканы билбеген өлкөнүн табар пайдасы эмне, суроосунунун тегерегиндеги талаш дагыле токтоло элек.

- Дүйнөлүк соода уюму жакшы товарыңыздын чет өлкөгө чыгышына шарт түзүп берет. Албетте, андай товарыңыз болсо. Кыргызстанда Дүйнөлүк соода уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга кедергисин тийгизчү жагдайлар тууралуу айтылды. Ушундай эле жагдай бизде да бар. Бул эскирген жабдуулар, энергиянын көп сарпталышы жана башкалар.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө 152 өлкөнүн базарларына эч тоскоолу жок товарларын алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону менен аны толугу менен пайдалана албай келатат. Уюмга кирүүнүн жол-жоболорун кылдат иликтеп чыккан а кездеги өкмөттүн ведомстуктар ортолук тобунун жетекчиси Эсенгул Өмүралиев Кыргызстандын Кошмо Штаттар базарына кирүүгө уруксат берген квотасын кайсы бир ишкер кытай пайдаланып, өздүк наркы 5 доллар турган жинсы шым тигип, анысын АКШда 35 доллардан сатып пайда көрүп жатканын маалымдады.

- Бүгүнкү күнгө дейре биздин стандарттар дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Андай лабораторияларыбыз, сертификатыбыз жок. Ошонун эсебинен жакшы продукциябыз да сыртка чыкпай калууда. Сертификаты жок. Бул бир маселе. Экинчи маселе экспортко чыгыш үчүн атаандаштыкка чыдай алар товар болуш керек. Жаңычыл, технологиялык маданияты мыкты болушу абзел. Ан үчүн каражат керек. Каражатыбыз жетпей жатпайбы,- дейт Эсенгул Өмүралиев.

Европа өлкөлөрү Кыргызстандын экологиялык таза азык-түлүгүнө куштар экенин Бишкектеги жыйында Болгариянын Экономика жана энергетика министрлигинин статс-катчысы Владимир Тужаров белгиледи.

- Анын ичинде төөбурчак, Өзгөн күрүчү, жаңгак, өрүк как, каймак май, топоздун эти жана башкалар бар. Аларды сыртка чыгарыш үчүн ириде европалык стандарт менен нормаларды сактоо керек.

Азырынча Кыргызстандын тышка товар ташып чыгарышына караганда четтен буюм-тайым ташып келүүсү 2,5 эсе арбын болууда. Аны Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров да ырастап, Кытайдан ташылып келген товарлардын өлчөмү быйыл 6 миллиард доллардан ашканын Бээжиндеги расмий бийлик өкүлү маалымдап жатканын билдирди.

- Эми биз ал статистиканы такташтырып жатабыз. Биздин бүгүнкү күндө соода-сатыгыбыз ички дүң продукт көлөмүнөн көп болууда. Ошондой өлкөлөрдүн катарына кирип жатабыз. Ички дүң продукт түзүмүндө соода-сатык менен кызмат көрсөтүү анын 40% түзөт.

Кыргызстан өкмөтү 1995-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө кирүү чечимин кабыл алган. Ошол жылдын ноябрь айында ведомстуктар ортолук комиссия түзүлүп, анын үч жылдык аракетинин натыйжасында Кыргызстан уюмга мүчө болууга жетишкен. Калкынын сатып алуу буямасынын дагыле төмөн калып жатканы, чыгарган товарынын өздүк наркынын кымбаттыгы Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлүк мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кедергисин тийгизип келатканы чоң жыйында айтылды.

Сырттан товар арбын ташылып келгени үчүн Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн 52% бажы төлөмдөрүнөн түшчү каражаттар түзөт. Анан да Кыргызстанда иштеген калктын көпчүлүгү өндүрүш ишканаларындагы жумушчулар эмес, базарда соода кылган чайкоочулар экенин өкмөт өзү ырастоодо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG