Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Ош: «Хизб ут Тахрир» партиясынан 15 адам баш тартты


"Ноокат тополоңу" боюнча 32 хизбутчу атыккан адам кармалып, 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган

"Ноокат тополоңу" боюнча 32 хизбутчу атыккан адам кармалып, 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунун 15 тургуну «Хизб ут Тахрир» партиясынан расмий түрдө баш тартты,-деп билдирди. Жакында эле Жалал-Абат облусунан да аталган партиянын катарынан 50дөн ашуун адам өз каалоосу менен чыгып кетишкени маалымдалган эле.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жениш Аширбаев Кара-Суу районун 15 тургуну Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюуу салынган «Хизб ут Тахрир» уюмунунан өз каалолору менен баш тартышты деп айтууда.

-Ноокат окуясынан кийин элдерге түшүндүрүү иштери көп жүрүп жатат. Көпчүлүгү диний экстремисттик уюмдарга кирип кетишкенин байкабай калышканын айтышууда. Алар «Хизб ут тахрир» уюмунда эч кандай пайдалуу нерсе жок экен, ошон үчүн биз расмий баш тартып жатабыз дешти.

Экстремисттик уюм катары таанылган партиядан баш тарткан 15 адамдын катарында 22 жаштагы Хасан дагы бар. Ал үй-бүлөөсү менен укук коргоо органдары тарабынан жасалган кысымдан улам партиянын катарынан чыгууга мажбур болгонун билдирди.

-Хизб ут Тахрирге 2002-жылы мүчө болгом. Досторум чакырышканынан киргем. Милдетибиз даават айтуу болчу. Анан Ислам өлкөсүн куруп, Халифатты тикелеш эле.

Азаттык:-Азыр сиз бул жолдон эмне үчүн кайттыңыз?

-Үй-бүлөм каршы болуп туруп алды. Анан өзүм да окугум келбей калды.

Азаттык: -Укук коргоо органдары тарабынан сизге кысым болгон жокпу?

-Ошондой да болду. Орган адамдары айтышты. Милиция кызматкерлеринин суроо талаптарынан улам чыгып кеттим.

Кара-Суу районунда Хасан сыяктуу «Хизб-ут-Тахрир», «Вахабизм» же «Акромий» өңдүү Кыргызстанда иш алып барууга уруксат берилбеген диний уюмдарга мүчө болгондордун саны 226га жеткендигин райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Мындан бир ай мурун дагы үч Кара-Суулук тургун «Хизб утчу» деп шектелип учурда Оштогу тергөө абагында камакта. Оштогу Акыйкат-Сот Чындык укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров, укук коргоо органдары аша чаап, жарандардын укугун одоно бузуп жатышканына кабатырланды:

-Муну кандай түшүнсө болот. Кечээ эле баракча таркаттың деп 2-3жылга кесилгендер, бүгүн 10 жылга кесилип атат. Мыйзам кана! Өкмөт кана! Бул жерде анархия болуп атат. Журт башына келгендер мындай кыл десе эле, ошондой болуп жатат. Өзбекстанда да дал ушундай.

Гапировдун мындай дооматына Оштогу ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жениш Аширбаев макул эмес.

-Атайын кызматтар жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзсө укук коргоочулар кысым деп түшүнөт экен да. Мындай иштердин алдын алуу атайын кызматтын түздөн-түз милдети. Себеби азыр жаштардын дин боюнча туура түшүнүгү жок.

Жергиликтуу серепчилердин баамында өлкө түштүгүндөгү түрдүүчө диний экстремисттик уюмдарга азгырылган жаштар кемчилигин түшүнүп ал жолдон кайтууда. Буга өзгөчө Ноокат окуясы чоң сабак болгондугун белгилешет.

Былтыр Ноокат акимчилигинин астына Орозо айт майрамын уюштурууга уруксат бербеген райондук жетекчиликке нааразы болгон жергиликтүү эл Ноокат райадминистрациясын ташбараңга алышкан эле.

Атайын кызматтар бул тополоңдун артында «Хизб ут Тахрир» партиясы тураарын айтып чыгышкан. Тополоңду уюштурган деген күнөө менен 32 киши кармалып, Ош облустук соту 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан эле.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG