Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда быйыл сырттан келген чет өлкөлүк жарандар үчүн 10 миң жумушчу орун бөлүнгөн. Анын тең жарымын Кытайдын жарандары ээлейт.

Калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда? быйылкы жылы 358 чет өлкөлүк жаранга иммигрант макамы берилген. Алардын ичинен 49 пайызын - Орусиядан келгендер, 14 пайызын - Өзбекстандан, 8 пайызын - Казакстандан, 4 пайызын -Германиядан келгендер түзөт.

Аталган комитет төрагасынын орун басары Токтосун Сабыровдун парламентте билдиргени боюнча, сырттан келгендерге иммигрант макамын берүү Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин бири, ал эми мындай макамга ээ болгондор Кыргызстандын аймагында беш жылга чейин жашоого укук алышат. Токтосун Сабыровдун маалыматы боюнча, быйылкы жылы Кытайдын 9 жаранына гана мындай макам берилген. Ошондой эле быйылкы жылы сырттан келгендер үчүн бөлүнгөн 10 миң жумушчу ордунун жарымынан көбүн кытайлык жарандар ээлейт. Бирок бул маалымат талаштуу пикирлерди жаратты.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бейшенбек Абдырасаков чыныгы иш жүзүндө мындай эместигин, ушул тапта Бишкектеги “Дордой”, “Таатан” соода борборлорунда, Оштогу Кара-Суу базарында эле ар биринде эле 10 миңден ашуун кытайлык жарандар жүргөнүн эскертти:

-Бүгүнкү күнү иш жүзүндө Кыргызстанда он миңдеген чет өлкөлүк жарандар иштейт. Алсак, Оштун Кара-Суу базарынын өзүндө эле он миңден ашык кытайлыктар иштейт. Эмне үчүн алар эсепке алынган эмес?

Бейшенбек Абдырасаковдун айтуусунда, алардын көпчүлүгү Кыргызстандан кайра мекенине кетүүнү каалашпайт.

ИИМ жана чегара кызматынан маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга 75 миң Кытай жараны кирген. Ал эми анын канчасы кайра мекенине кайтып, канчасы өлкөдө калып жатканы тууралуу маалымат жок.

Депутат Бегалы Наргозуев ушул тапта сырттан келгендер коррупциялык жол менен жашоого уруксат алып, Кыргызстанда калып атышкандыгын айтат:

-Жашоо үчүн укук алуу 2,5 миң доллар турат. Мынча акчасы бар ар бир эле чет өлкөлүк жаран аны оңой эле сатып ала алышат.

Бегалы Наргозуевдин айтуусунда, калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция комитети Кытайдан кирип жаткан жарандардын тизмесин алып, алардын кайра өлкөдөн чыгып кетүүсүн да көзөмөлгө алууга тийиш.

Кыргызстанда биротоло калууну каалагандар бул үчүн түрдүү жолдорго барып жаткандыгы да айтылууда. Алардын арасында кыргызстандык жарандар менен жасалма никеге туруу жолу менен мындай макамга жетүүнү көздөгөндөр бар. Мындайга жол бербөө максатында миграция комитети атайын комиссия түзгөн. Айрым байкоочулардын баамында, комиссиянын иши жетишсиз. Кытайдан, Түркиядан жана башка алыскы чет өлкөлөрдөн келип, кайра кайтпай калып жаткан жарандардан тышкары коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандын жыл өткөн сайын берилеп кирип келе жаткан жылма экспансия да ойлоно турган иш болууда, дешет байкоочулар.

2002-жылдан бери Кыргызстанга сырттан келген 2000 ге чукул чет элдик жаранга иммигрант макамы берилген. Айрым пикир ээлери болсо бул макамды берүүдө алардын Кыргызстан үчүн келтире турган пайдасы, өлкөнүн кызыкчылыгы каралууга тийиш, деп эсептешет. Алардын айтуусунда, тескерисинче сырттан, өзгөчө Кытайдан келгендер кара жумуштарда иштеп, кыргызстандык жарандарга жумуш орундар жетпей атса, сырттан келгендерге көрүнөө да, көмүскө да иш берүү менен коррупцияга жол берилип жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG