Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын сегиз пайыздан ашууну жумушсуз. Алардын катарын жыл сайын, мектеп, орто, жогорку окуу жайларын аяктаган 70 миңге чукул жаш адамдар да толуктап турат. Бул жаштардын бир бөлүгү чет өлкөгө иштөө максатында жөнөшүүдө.

Москва-Бишкек поезди: жакшы жашоо издеген мигранттар!

Курамында 17 вагондон турган Бишкек - Москва каттамындагы поезд бүгүн түштө башкалаадан Орусияны көздөй бет алды. Анын ар бир вагону 56 жүргүнчүгө эсептелип, алардын катарынан бош орундук табуу мүмкүн эмес болуп турду. Себеби сыртка кетүүнү каалагандардын саны көп.

Алыс жолго бет алгандардын катарында Токмок шаарынын жашоочусу Совет дагы бар. Ал үч баласы менен келинчегин Кыргызстанда таштап, өзү акча табуу максатында Орусияга жөнөп жаткандыгын айтты.

- Жумуш издеп Орусияга кетип жатам. Алты ай, бир жылга чейин иштеп келсем деген максаттамын. Москвада иним эмгектенет. Бул жакта жумуш орундары болгондо, биз эмнеге тентип чет жака бармак элек. Эми баардыгы жашоо көрсөтөт. Ишибиз жакшы болсо мүмкүн ошол жакта калып калаарбыз.

Кыргызстандан түбөлүкө көчкөн Вика!

Бул поездде отурган кыргыз атуулдарынын көпчүлүгү Орусияга эмгектенүү үчүн жөнөшүүдө. Бирок алардын катарында түбөлүкө Кыргызстандан кетип жаткандар да бар. 27 жаштагы Вика Гавш Бишкекте туулуп өскөн. Эми ал Орусиянын жараандыгын алып, ошол өлкөдө жашоосун улантууну көздөөдө.

- Мен Кыргызстанда туулуп өскөм. Балдарым дагы бул жерде төрөлдү. Ата-энем Бишкекте турушат. Анткен менен биз Кыргызстанда жашаштан коркуп калдык. Балдарыбыз үчүн тынчсыздангандыктан, Воронеж шаарына түбөлүкө көчүп кетүүгө аргасыз болуудабыз. Бул жерде жумуш жок, жашоо кыйын болууда. Биз миграция кызматында болгонубузда көчүп жатабыз деген көп адамдарга жоолуктук,-дейт Вика.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык учурда Орусияда 700 миң кыргыз жарааны эмгектенишүүдө. Алардын саны күн санап өсүп жатканын Бишкектен Орусияга бет алган поездердин саны менен үстүртөн аныктоого мүмкүн. Себеби өткөн жылы ушул маалда жумасына төрт каттам коңшу өлкөгө жөнөсө, учурда Москва, Свердловский жана Новокузнецк шаарларына ар жумада жети-сегиз каттам бет алат.

“Орусияга келген кыргыз эмгек мигранттарын жумуш менен камсыз кылуу маселеси кыйындап калды” деген пикирин “Манас” коомдук уюмунун Ростов аймагындагы жетекчиси Руслан Эшимов билдирди:

- Мен кыргызстандыктарды бекер ишке орноштуруп, аларга юридикалык жардам көрсөтүү максатын көздөп, Москвада кадр агенствосун ачкам. Акыркы эки жылда ишке орноштуруу беш пайызга чейин төмөндөп кетти. Буга чейин бизге күнүгө 20-30 адам кайрылып келген болсо, өлкөдөгү коогалаңдан кийин алардын саны 150 чейин чыгып кетти. Демек чет жакка жөнөшкөн кыргыз атуулдарынын саны өсүүдө дегенге негиз бар.

Анткен менен Орусияга жөнөгөн мигранттарынын саны азайган жок. Москвага ар жума сайын бет алган поездге орточо 800 киши жайгашып, алыс жолго бет алышат.

Москва шаарында жети жылдан бери эмгектенген Залкар Куранбаев “өкмөт кыргыз мигранттарына жеңилдик көрсөтүү максатын көздөп сүйлөшүү жүргүзүлсө” деген көз карашта:

- Мен Кыргызстанды сагынганда тез-тезден келип турам. Өзүм Орусияда иштегениме бир нече жыл болду. Жумуштун жоктугунан, айлыктын аздыгынан, элибиз чет жака кетип жатат. Ал жактан көпчүлүк мигранттар документ маселесинен кыйналышат. Биздин бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, ар кандай женилдиктерди түзүп берсе жакшы болмок.

Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын тагдыры

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу баракчасын алуу менен оңой эле ишке орношуу мүмкүн эмес. Алсак 2007-жылдын 1-январынан тарта орус жараандарына кана базарда иштөө мүмкүнчүлүгү бекиген. Андан соң 2008-жылы 43 миңге жакын кыргызстандык орус атуулдугун алышкан.

“Манас” коомдук уюмунун Ростов аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Эшимов “Орус жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи:

- Орусияга барган кыргыздар ары-бери чапкылап жумушка орношо албай көп азап чегишет. Акыры айлалары кеткенде орус атуулдугун алышат. Ал үчүн алар бул жердеги катоодон чыгыш керек. Аны менен катар алардын үлүш жерин өкмөт алып койот. Орус атуулдугу менен Кыргызстанга келгендер үй же машине алышса алардын атына каттоо жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. Ошондуктан өкмөт бир жактуу негизде эски паспорту бар кыргызстандыктарды, өлкө жараны катары көрүп койсо чоң жетишкендик болмок. Себеби Орусиянын кош жарандуулукка жол ачууга эч кызыкчылыгы жок, - деди Руслан Эшимов.

Кыргыз мигранттары жакшы жашоо издеп коңшу мамлекеттерге жөнөшүүдө. Алар үчүн алдыдагы кыйынчылыктар сыноо иретиндеги маселедей туюлат. Айтор кандай болбосун алар өз казанында өздөрү кайнап, эч кимден деле жардам күтүшпөгөнсүйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG