Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

Ош менен Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин Орусияга жер которуп жаткандардын катары арбууда. Миграция агымынын күчөшүнө Орусиянын быйыл 1-июлдан тарта иштөөгө келгендерди мамлекеттик каттоо шартын кыйла жеңилдеткени да шарт түзүүдө.

Кеткени көп - катталганы аз

Кыргызстандын Эмгек, жайгаштыруу жана миграция министрлигинин кыргыз жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаевдин маалымдашынча, Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны жыл бою 350 миң ашуун кишини түзөт. Алардын 38 миңи патент алып, мыйзамдуу иштөөгө өтүшкөн. Өлкөдөгү окуялар миграцияга да өз таасирин тийгизди.

- Ош, мына бул окуялардан кийин Орусияга кетип аткан адамдар көбөйдү. Чынын айтканда. Анткен себеби биз темир жол станциялар менен иштешебиз, анализ кылабыз. Авиакомпаниялардан маалымат алабыз. Анан ошол бираз көбөйүп атат акыркы учурда. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад жактан Орусияга кеткен жарандарыбыз. Бирок менин айтаарым, бул массалык түрдө жүргөн жери жок. Көбөйүп атат, бирок баары массалык көчүп кетип жатат, деген маалымат жок.


Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү Владимир Филипов да кийинки кездери көчүп кетчүлөр саны арбып баратканын ырастады.

- Азыр бизге кайрылгандар көбөйүүдө. Алар аркыл маселелер боюнча, көчүрүп кетүү программасы, документтерди тууралоо, башка кеп-кеңеш сурагандар. Бирөөлөр документтерин 2 жыл илгери, башкалары 5 жыл мурун тапшырышкан. Азыр алар документтерин тууралап жатышат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова да Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдардан кийин жер которуп көчүп кеткендер көбөйүп баратканын айтат.

- 18 миң 600 адам чыгып кеткен болсо, ошонун 10 миң 600 адамы өзбек улутундагылар. Мобу берилген маалымат самолет менен гана чыгып кеткендер. Ал эми транспорт, машина, поюз менен кеткендер да балким бардыр. Балким чек арадан мындай өтүп кетип аткандар бардыр. Чынында эле ушул окуядан кийин Кыргызстандан кеткендердин саны көбөйдү. Ошолордун басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар экени чын.

Конок койдон жоош

Кыргызстандын эмгек, жайгаштыруу жана миграция министрлигинин кыргыз жарандарын чет жерде ишке жайгаштыруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаевдин ырасташынча, антип аргасыздан жер которууга мажбур болгондорго көчүп барган жеринде мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшү керек.

- Бул боюнча аргасыз мигрант болгондорду колдоо жөнүндө жобо бар. Табигый кырсык, экологиялык апаат же массалык кагылыш, калаймандын айынан жашаган жери менен ишин таштап жер которууга мажбур болгондор келген жеринде аргасыз мигрант катары эсептелиниши керек. Биздин ички миграция жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренесинде аргасыз мигрант болгондорго мамлекет жаңы жеринде бардык колдоого милдеттүү экени көрсөтүлгөн.

Анткен менен Орусияда азырынча аргасыз мигранттарга өзгөчө шарт түзгөн мыйзам жок. Агылып көчүп баргандардын текши баары патент алып, канча киреше тапканын тийиштүү мекемелерге кабарлап туршу керек. Анын түйшүгүнөн качкандар ортомчулардын кымбат кызматынан пайдаланышка аргасыз. Иштөөгө келгендердин 10% жетпегени гана патент алып, калганы жасалма документ менен эптеп жан багып келишет. Кыйла убакыт Москвада иштеп келген Талант аттуу жигиттин айтуусунда, мигранттардын көпчүлүгү патент, мыйзамдын эреже талаптарын билишпейт.

- Кымбат дагы турат документти жасаш. 10 рублге турат. Жаңы барганда алар ал акчаны таба калбайт да. Баргандан кийин тез эле 6 айга же бир жылга жасап беришет. Бизге ошондой кылып жасап беребиз дейт эле. Андан кийин 3 айга бир айга жасагандарын 10 миңден, 8 миңден жасайт.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү жер которууну чечкендердин арасында жалаң эле Ош, Жалал-Абад кожолуктары эмес, Бишкек менен Чүй, Көл кылаасынан деле көптөгөн үй-бүлөлөр бар экенин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG