Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

3-сентябрда Жогорку Кеңеш «Тышкы эмгек миграциясы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык мындан ары чек арага танапташ жашаган өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары маселесин жөндөө милдети өкмөткө жүктөлөт.

Чек арага танапташ жашаган коңшу Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары күн сайын Кыргызстан чек арасынан өтүп, күнүмдүк тиричилигине тыйын таап кетишет. Утурумдук иш күчөгөн чакта андай мандикерлердин саны 70 миңге жетерин парламенттин эмгек, социалдык саясат, миграция комитетинин төрайымы Бүмайрам Мамасейитова депутаттар алдында маалымдады.

“Бирок эсеби жок,- дейт Б.Мамасейитова.- Бүгүнкү айрым маалыматтарга таянганда 30 миң күндө кирип чыгат, деп жатышат. Кээ бир жерде күндө 70 миң Кыргызстандын чек арасынан өтөт, кайра чыгып кетишет, деп айтат. Бирок кээ бирлери чыгып кетпей, калып жатпайбы”.

Кирген из көп, чыккан из аз болуп жатканын ошол эле парламенттеги комитет жыйынында Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кабарлаган. Анын айтуусунда, 2007-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн 5 миңге жакын адам административдик жазага кириптер болсо, 2008-жылы андайлардын саны 7700 ашуун адамга жеткен. Министрдин эсеби боюнча өлкөдө чет жердик мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны 56% көбөйгөн.

Антип жыл санап көбөйгөндүн үстүндө бараткан тышкы миграция агымын жөнгө салып, келген-кеткендердин так эсебин алып туруу үчүн чек арага автоматташтырылган система орнотулушу абзел. Депутат Роза Отунбаева андай аракет кыйладан бери жасалып, бирок да азырынча натыйжасы болбой жатканына токтолду.

“Айтам, ошентсе деле киргизишпейт,- деп айтты Р.Отунбаева. -Автоматташтыруунун такыр кереги жок дейт. Анткени көп акча ошол жерден өтүп жатат”.

Парламенттеги “Акжол” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов чек арадан өтүп жаткан коңшу өлкөнүн жарандары ички иштер кызматынан маалымдама алып келиши керектигин сунуштап, антиштин жөн жайын көпчүлүк арасында жанкечтилердин кирип келишине байланыштырды. Эл өкүлү 1992-1995-жылдары Баткендин Зардалы айылында Өзбекстан ислам кыймылынын башчылары Абдулазиз менен Жума Намангани дубал уруп, үч жыл жашап кетишкенин мисалга тартты:“Чек араны жакшы билип алып 1999-жылы алар кайра кайтып келип жатышат. Бизде бүгүнкү күндө деле 70 миң кишинин ичинде ушундай кишилер деле болушу мүмкүн. Буга эч ким кепилдик боло албайт да”.

Чек ара жанындагы айылдарда топтолгон проблемалардын текши баары экономикалык кыйынчылыктардан чыгып жатканын парламент депутаты Асылбек Жээнбеков ырастады.

“Алар бизге эмне үчүн чыгып жатат?- деп суроо койду социал-демократиялык фракция өкүлү.- Ачкалыктан. Наны жок. Бир күндүк оокат табыш үчүн чыгып жатышат. Биздин да ошо Фергана өрөөнүндөгү Ош, Баткен, Жалал-Абатта жашап аткандар эмне үчүн Орусияга кетип жатышат? Өзүн-өзү багыш үчүн”.

А.Жээнбеков күн сайын иш издеп коңшу айылдардан келген тышкы эмгек мигранттарынан Кыргызстанга киргени үчүн акы алуу коррупцияга гана жол ачарын белгилеп, чек арадан өтүп жаткан адамдардын кимдиги автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлгө алынып турушу керектигине токтолду.

Кыргызстандын миграция жана жайгашытруу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова миграциялык карта маселеси ушу тапта иликтенип, изилденип жатканын маалымдап, бул иш алдыдагы 2-3 жыл ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигин белгиледи.

“Эң биринчи, мен ойлойм, бул жерде биздин чек арадан өтүп жаткандарды автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлөдөп турууга жетишибиз керек,- дейт А.Рыскулова.- Ал кирмейинче, жанагы мыйзамсыз миграцияны, күн сайын кирип-чыккандарды эсепке алуу абдан кыйын”.

Чет өлкөдөн келгендер маселеси – иммиграциялык көзөмөл Кыргызстандын ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматына жүктөлгөн. Ички иштер министрлигинде болсо Кыргызстан ичинде мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди жерине кайтарып ийүүгө жетерлик акча бөлүнгөн эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG