Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстандын аскер сот коллегиясы Исмаил Исаковдун жактоочусу Мукар Чолпонбаевдин Бишкек гарнизондук аскер сотуна ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү арызын канааттандырган жок.

Аскер сот коллегиясы И.Исаков менен 4 аскер адамына каршы козголгон кылмыш иштерди карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотуна ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү арызга негиз жоктугун ырастады. Исмаил Исаковдун жактоочусу Мукар Чолпонбаев гарнизондук аскер сот Жакыпбек Бектемиров ишти адилет териштирбей жатканын белгилеп, ага ишеним көргөзбөө жөнүндөгү арызын 28-марттагы соттук отурумда билдирген.

- Прокурорго ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени чечүүдө сот айыпталынып жаткандардын 6 жактоочусунун, 6 коомдук коргоочулардын пикирин сураган эмес. Прокурордун гана пикирин угуп, кеңешип келчү бөлмөсүнө чыгып кеткен. Ал жерден арызды четке каккан чечимин чыгарып келген,- деп айтты Аскер сот коллегиясынын мүчөсү Узбек Алиев.

Аскер сот коллегиясы соттун жүрүшүндөгү алдагыдай алешимдиктердин биртобун белгиледи, анткен менен аскердик мурдагы жетекчилерге каршы козголгон кылмыш иштерин териштирген Бишкек гарнизондук аскер сотуна ишеним көрсөтпөөгө негиз жоктугун ырастаган чечимин чыгарды. Аскер прокурору Жанар Мырзакановдун айтуусунда:

- Бишкек аскердик сотунун токтомун жокко чыгарууга эч кандай негиз жок, деп эсептейм.

Айыпталынып жаткан Коргоо министринин мурдагы орунбасары Борис Югай бир эле иш боюнча улам-улам соттук териштирүүлөргө туш келип жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Бардык иш мурда эле каралган болчу. 2006-2007-жылдары. Кандай суроо болушу мүмкүн. Кайрадан козгоп жатышпайбы.

И.Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаров болсо биринчи арыз кабыл алынбаганы менен сотко ишеним көрсөтпөө ишти териштирүү учурунда дагы козголуп калышы мүмкүн экенин жашырбайт.

- Эртең сот башталганда кайрадан ишенбөөчүлүк көрсөтүп коюшубуз мүмкүн.

Кесиптешинин пикирин жактоочу Мукар Чолпонбаев да колдойт.

- Бир жолу бул сотко ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайрылып алгандан кийин ал деле адам. Адам болгондон кийин анын ичинде калды нааразычылык. Биздин ичибизде да калды. Ырас эки тарап тең нааразы болгондон кийин акыйкаттык болот деп, андай чечимди ушул сот чыгарып бере алат деп, сотко ишениш кыйын болуп калат.

Аскер сот коллегиясынын чечимин айыпталынып жаткан Исмаил Исаков учурдагы саясий шарт-жагдайга ылайык келчү көрүнүш катары баалайт.

- Соттордун баарын бүгүнкү бийлик өздөрүнө көз каранды кылып алган. Мына ошондой көз каранды чечим чыккандыгы ачык-айкын билинди.

И.Исаков өз алдынча бийлик бутагынын экинчисине көз каранды болушунан эчен бейкүнөө адамдар жабыркай тургандыктарын, системаны оңдолмоюн мындай көрүнүштөр кайталана бере тургандыгын эскертти.

Президент шайлоонун алдында мурда жооптуу кызматтарда иштеген азыркы бийлик атаандаштарынын биртобуна каршы кылмыш иштери ачылып, ушу тапта оппозиция өкүлдөрүнүн кыйла убакты-сааты соттук териштирүүлөрдө өтүүдө.
XS
SM
MD
LG