Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Кумга сиңген Кумтөр


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ал ноябрь айында парламенттин кароосуна коюлат. Ал эми канадалыктар менен жаңы келишим түзүү боюнча жыл башында түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын ишинин натыйжасы тууралуу маалымат жок.

Кумтөр алтын кени боюнча келишим Кыргызстан үчүн пайдасыз жана коррупциялык мүнөздө экени 1992-жылы алгачкы келишим түзүлгөндө эле айтылган. Ал келишим 2003-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин келишими менен Кыргызстанды талап-тоноочулук мүнөзгө ээ болгонун парламент белгилеп, келишимди жокко чыгаруу талабы бир нече токтом кабыл алган. Бирок ал келишим күчүндө кала берген. 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин өзгөрүү болот деген үмүт аткарылбай келатат.

2007-жылы өкмөт башына келген Алмазбек Атамбаевдин тушунда канадалыктар менен жаңы келишимге жетишилип, бирок Жогорку Кеңештеги “ак жолчулар” тарабынан ал жокко чыгарылган.

Алмазбек Атамбаевдин келишимин кайра карап чыгуу үчүн өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов башында турган жаңы топ түзүлүп, ал канадалыктар менен сүйлөшүүнү баштаган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, ал топ беш айдын ичинде эки жолу жолугуп, сүйлөшүү өткөргөн. Бирок жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. Ошондуктан ал кенди мамлекетке кайтарууга аракеттенүүдө:

-Өкмөт дагы булар менен начар иштеп жатат . Бүгүн биз болгону 15.5% акция менен отурабыз. Ошол эле маалда бүгүнкү күнгө чейин канадалыктар кошумча нарк салыгын төлөбөй иштеп келатышат. Сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыкпай тургандыгына байланыштуу мен конституция жана мыйзамдарга таянып туруп, Кумтөр кенин Кыргызстандын пайдасына мамлекетке кайтаралы деген мыйзам долбоорун ноябрь айында парламентке киргизген жатам.

Ал эми Мурат Исмаилов башында турган комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сергей Ибрагимов канадалыктар менен сүйлөшүү негизинен аягына чыгып, жаңы келишим ноябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын маалымдайт.

Белгилей кете турган Сергей Ибрагимов келишимге жетишилгенин, ал сентябрда, андан кийин октябрда парламент кароосуна коюларын буга чейин маалымдаган эле. Бирок ал ишке ашпай келатат.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча андай келишим жок:

-Мен андай келишимди мен көргөнүм жок. Андай келишим бугүн жок. Ошол комиссиянын башчысы Мурат Исмаилов менен мурдагы күнү сүйлөштүм, андай келишимди ал билбейт. Эгерде жең ичинен, же стол астынан андай келишим түзүлгөн болсо, түзгөн келишимдин ээлери жоопко тартылыш керек.

Өкмөттү да түзгөн, парламентте да абсолюттук көпчүлүк добушка эгедер болгон “Ак жол” фракциясы Кубанычбек Исабековдун демилгесин колдойбу?Бул суроого “Ак жол” фракцияларынын жетекчилеринин бири Ажибай Калмаматов бир жактуу жооп берген жок.
Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, бирикме Атамбаевдин келишими ишке кирбей калгандан Кыргызстан тартка чыгымды эсепке алууга киришүүдө. Ал эми эски коррупциялык келишим кимдир-бирөөлөргө ыңгайлуу болгону үчүн калып калууда.

Кыргызстанда он алты жылдан бери иштеп, 200 тонна алтын казып, аны 2.5 миллиард долларга сатканга карабай Кумтөр долбоору чыгашалуу ишкана бойдон калууда. Анын 16 жылдан берки чыгашасы 190 миллион доллар. Бул салыктан качуу үчүн жасалган аракет дейт, Кубанычбек Исабеков.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG