Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Тоокен өндүрүшү: өкмөттүн саясаты, элдин каалоосу жок


"Кумтөр" Кыргызстан экономикасы ишенген ири ишкана

"Кумтөр" Кыргызстан экономикасы ишенген ири ишкана

Кыргызстандын тоокен өнөр жайынын кризиске капталышына өкмөттүн тармакты өнүктүрүү тууралуу так саясатынын жоктугу себепкер.

«Кумтөр» алтын кени боюнча Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү жетишкен келишим парламенттен жактырылбай, анын натыйжасында өлкө миллиондогон сомдук төлөмдөрдөн куржалак калууда. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу тоокен тармагынын абалына арналат. Пикир алышууга Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев, Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун кеңешчиси Аскер Турдугулов, «Коомчулук жана тоокен өнөр жайын өнүктүрүү» институтунун жетекчиси Чолпон Дыйканова катышат.

- Биз азыр тоокен тармагынын бүгүнкү абалы жайында кеп кылсакпы деп турабыз. Мына
, мисалы, мурда «Жерүй» алтын кени качан иштетилет экен деп келсек, эми алтын кендин уулуу зат калдыктары кайсы жерге сакталат талашы чыгууда. Орозбек мырза, комбинаттан чыккан уулуу зат калдыктарынын кайсы жакта сакталганы оң? Төмөн жагындабы же комбинатка жакын өйдө жагындабы?

Орозбек Дүйшеев: - Бул маселе инженердик изилдөөдөн өтүшү керек. Бизде андай документтер азырынча жок. Мен жакында «Жерүй» алтын кенинде болдум. Ал жерде азырынча эксперттик жыйынтык жок деп айтышты. Кайсынысы экономикалык жагынан пайдалуу, экологиялык жагынан коркунучсуз болсо ошону кабыл алышыбыз керек.

- Чолпон айым, сиздин институт кендин экологиялык маселелерине кызыгып жүрөт. Кендин уулуу зат калдыктарынын сакталышынын экологиялык проблемалары жокпу?

Чолпон Дыйканова: - «Жерүй» кенинин уулуу зат калдыктары сакталчу жайдын курулушу боюнча эксперттик топтун корутундусу менин колумда турат. Быйыл 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин экспертиза жүргүзүлгөн. Адистер уулуу зат калдыктары сакталчу жайдын жогору жакта жайгашканы туура деген жыйынтыкка келишкен.

- Аскер мырза, сиз сейсмолог адис катары айтсаңыз, уулуу зат калдыктары кайсы жерде сакталганы туура деп ойлойсуз?

Аскер Турдугулов: - Биздин сейсмикалык карта боюнча «Жерүй» кени 9 баллдык зонада жайгашкан. Жана айтылгандай

экспертиза жүргүзүлүш керек. Мен ал материалдар менен тааныштым. Аны жакшы эле адистер жазышыптыр, уулуу зат калдыктары турчу жердин гидрогеологиялык шарттарын, инженердик шарттарын беришиптир. Эки варианттын ичинен уулуу зат калдыктары сакталганга ыңгайлуу деп өйдө жактагысы көрсөтүлүптүр. Бир гана жери анда сейсмикалык талаптар жазылбай калыптыр. Сейсмотектоникалык түзүлүш деген болот. Анда кайсы жерде жарака бар, ал кооптуубу же кооптуу эмеспи, ошолорду аныктайт. Ал жөнүндө сөз айтылбаптыр. Мен ойлойм, мындай татаал ишти аткарыш үчүн сейсмотектоникалык ишти да жүргүзүш керек болчу.

- Орозбек мырза, «Жерүй» алтын кени мурда эле иштеш керек эле. Эмдигиче анын «багы ачылбай келатат». Анын себебин сиз эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Орозбек Дүйшеев: - Эгемендик алгандан кийин биз өтө татаал саясий кырдаалга туш келдик. Кыргызстанды минтип эч ким талкалаган эмес. Согуштан талкаланган Украина деле үч жылда калыбына келтирилген. 17 жылдагы биздин талкалообуздан кийин 1990-жылдагы ахывалыбызга келебизби? Абал чынында эле оор. Тоокен өнөржайы орто эмеп менен 10 эсеге төмөндөдү. Советтер Союзу кезинде тоокен өнөржайына чоң маани берилген. Көп иштер жасалган. Бүгүнкү биздин эсеп боюнча 80 триллион долларлык эсептелген, изилденген байлыгыбыз бар экен. Мына ошонун баарын талкаладык. «Жерүй» кени терең изилденген. Айылга жакын, жумушчу орундары жетиштүү кен. Аны эмне үчүн өздөштүрө албайбыз? Бул биздин Кыргызстанда тоокен өнөр жайына карата жүргүзүлүп жаткан саясат. Мына «Кумтөрдү» албаганда тоокен өнөр жайы толук талкаланып бүттү. К.Бакиев кызматка келип жатканда үч маселени койгон. Тоокен өнөр жайын, энергетиканы, айыл чарбасын экономикалык приоритеттүү багыт деген. Мына ушул үч тармак тең азыр кризиске батты. Ар бир иштен кыйкым таап, шылтоо кыла берсе болот. «Жерүйдүн» уу калдыктарын кайсы жерге сактоо жөнүндө инженердик чечим бар. Каалаган жерге койсо болот. 9 баллдык жер титирөө болчу жерге деле курса болот. Эгер өкмөттүн туура эмес чечими болбогондо «Жерүй» 2006-жылы ишке кирмек. Ф.Кулов туура эмес чечим чыгарган. Ошону токтотуп койгондун айынан Талас облусуна 9 миллион доллар түшпөй калды. Кыргызстан болсо быйыл 10 тонна алтын албай калат. Уу калдыктарды кайсы жерге жайгаштырабыздын талашка түшүп жатышы чечкиндүүлүктүн жогунан. «Кумтөрдүн» ишин көрүп атасыңар. «Кара-Кечени» көрүп атасыңар. Башка тоокен өнөржайын карасаңар баары токтоонун алдында турат.

- Чолпон айым, Кыргызстандагы тоокен өнөр жайынын экологиялык абалы кандай?

Чолпон Дыйканова:- Биз аны жалпысынан айта албайбыз. Себеп дегенде ар бир тоокен ишканасынын өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар.

Адистер «Жерүй» алтын кенин экологиялык жаткан зыяны жок деп эсептешет. Алардын чыгарган тыянактарын элге көрсөтүш керек. Эл менен жолугушууда алар бизге көптөгөн суроолорду берет. Адистер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө да жакшы болмок. Мына биз жакында Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш айылдарында болдук. Ал жердин эли: «Эмне үчүн «Кыргызалтын» акционердик коомунун кызматкерлери келип элге түшүндүрбөйт?» дешти. «Облус губернатору кенден облуска канча салык түшөт, жергиликтүү элге эмне каларын түшүндүрүп беришпейт», дешти. Мындай суроолорду алар бизге берип жатат.


- Аскер мырза, Кыргызстандын тоокен ишканаларынын сейсмикалык маселелери кандай чечилип жатат? Тоокенчилер сиздердин бүтүм, жыйынтык менен эсептешеби?


Аскер Турдугулов:
- Бул жерде «Кумтөр» айтылып кетти. Учурунда алар бизге кайрылышкан эмес. Биз айтып-айтып кала бердик. «Кумтөр» өзү жакшы иштеп жаткан мекеме. Кендер деп атпайбызбы. Алардын баарын иштетүүгө болот. Алардын баарын жакшылап изилдеп, текшерип, анан бизде сейсмикалык карта бар ошонун негизинде курулушту башташ керек. Биздин институтта карталар түзүлгөн. Бизде миллиондук масштабда карталар бар. Биз аларды эмне үчүн иштеп жатабыз? Ошол карталардын негизинде тыянак чыгарып, сейсмиканы эсепке алып иштешсин дейбиз.

- Орозбек мырза, тоокен өнөр жайы Кыргызстан экономикасында чоң орунду ээлей албай жатат. Эгемендик жылдары ага чоң үмүт артылган эле. Бирок ал акталбай келе жатат. Анын себеби өкмөттүн тоокен саясатына байланыштуубу же буга коррупция себепкерби?

Орозбек Дүйшеев: - Энергетика менен тоокен өнөр жайы абыдан коррупцияланган тармактардан. Тоокен өнөр жайын жоготуу саясаты жүрүүдө. Адистер менен иштешпейт. Мен эсептеп көрсөм, 2005-жылдан бери эле «Жерүй» боюнча өкмөткө беш жолу кат жазыптырбыз. «Жерүйдү» токтотуп салышты эле эмне болду? Элдин ортосунда карама-каршылык, бийлик менен элдин ортосунда карама-каршылык, бийлик менен инвесторлордун ортосунда карама-каршылык көбөйдү. Мына мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев чечкиндүүлүк көрсөттү. Ал Кыргызстанга пайдалуу келишимге жетишкен болчу. Адистерди чогултуп алардын пикирин угуп, комиссия түзгөн. Мына бир жылдан ашты келишим парламенттен өтпөй турат. Бул аралыкта 800 миллион ашуун долларлык активибизди биржадан жоготтук. Быйыл Ысыккөл облусунун өнүгүшүнө 5 миллион доллар алалбай калат. 20 – 25 миллион салык аз түшөт. Жогорку Кеңеш бүгүн-эртең деп карабай келатат.

Анча чоң эмес «Андаш» кенинин айланасындагы талашты караңыздар. Бирөөлөр анын өздөштүрүлүшү элге аябай зыян деп үйрөтүп коюшкан экен азыр иштетпесин деп кыйкырып турушат. Муну адистерге берели. Адистер иштетүүгө болот дешет. 4-5 жумадан бери Жогорку Кеңеш эч нерсе кылбай олтурат. Мына биздин бийлик. «Акжол» партиясы өндүрүштү өстүргөн жок. Тигил жактан берилген буйрукту аткарышат, бүттү. Табигый байлыктар жеке колго өтпөш керек. Куранда да ошондой жазылган.

- Чолпон айым, бу талаш коомчулукта кандай пикирлерди жаратууда?

Чолпон Дыйканова: - Биздин түшүндүрүүбүздөн кийин көпчүлүгү түшүнүп атат. Бул иш мурда башталышы керек эле. Кен жаңыдан казылып жатканда бул иштер башталганда мындай суроолор бүгүн болбойт эле. Биз бейөкмөт уюм катары саясаттан оолак болобуз. Негизги ишибиз элге түшүндүрүү. Ошол «Жерүйдөн» алтын казылып алынганда жергиликтүү элдин коопсуздугу эске алынат. Биз ишибизде мына ушул максатты көздөйбүз.

- Аскер мырза, тармактын экономикалык жактан кирешелүү болушу үчүн өкмөт, адистер, жергиликтүү бийлик тарабынан эмнелер жасалышы керек деп ойлойсуз?

Аскер Турдугулов: - Эң алгач ушул айтылгандардын баары ишке чечкиндүү кириши керек. Жылдан-жылга созула берсе биздин кендер казылып алынбайт, убакыт күтпөйт. Жогорку Кеңеш, президент, адистер туура чечим кабыл алып иштей башташы керек. Антпесек ушул кейпибизде кала беребиз.

Маекти алып барган Бекташ Шамшиев.









- Урматтуу меймандар, убакты-саатыңыздарды бөлүп талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG