Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Чийки мыйзам, чиеш маселелер тоокенде толтура


Кыргызстанда эгемендик тушунда ишке киргизилген жалгыз ишкана “Кумтөр” алтын кени

Кыргызстанда эгемендик тушунда ишке киргизилген жалгыз ишкана “Кумтөр” алтын кени

Жер байлыгы тууралуу буга чейин үч мыйзам кабыл алынган. 1992-жылкы мыйзамга үч ирет өзгөртүү киргизилип, эми аны жаңылоо зарылдыгы чыгууда.

9-февралда эксперттер менен парламент мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкекте жер байлыгы жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору талкууланды.

Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Капар Курманалиевдин маалымдашынча, дайындуу 120 пайдалуу кендин беш манжа менен саналчулары гана иштеп жатат.

- Бизде тоокен тармагы иштейт, деп өзүбүзчө компоюп жүрөбүз. “Кумтөр” кенинен башка эч нерсе жок. Кадамжай сурма комбинаты ташылып келинген чийки затты иштетет. Айдаркен азыноолок иштеп жатат. Карабалта тоокен комбинаты да чийки затты сырттан ташып келет. Кана, биздеги тоокен тармагы?

К.Курманалиев жаңы мыйзамда мамлекет менен ишкердин ортосундагы мамиле экономикалык жол менен жөндөлөрүн, тактап айтканда, лицензия төлөмдөрү кыйла көбөйгөнүн ырастады. А бирок жаңы мыйзам долбоорунда толгон-токой алешемдиктер бар экенине парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков токтолду. Анын айтуусунда, долбоордо коррупцияга жол аччу шарттар биртоп.

- Анан эң кемчиликтеринин бири лицензияны 1000 сомго алгандар дагы бирөөгө сатканга укуктуу болуп калыптыр. Анда 10-15 жылдан бери иштетепей келаткан кудуретсиз, өзүнүн техникасы, материалдык мүмкүнчүлүгү жоктор, банктагы эсебинде 1000 эле сому барлар, долбоор-сметалык документтери 10 – 15 миллион долларлык долбоор түзгөндөр, кайдан табат? Булар бирөөлөр коюп койгон же ошол геологиянын жетекчилерине жакын кишилерден болушу мүмкүн,- деп айтты К.Исабеков.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, эгемендик жылдарында тармакты каптаган кризиске баш ооруткан адам аз болуп, аны алдыга жылдырууну ойлогон киши жок. 2007-жылкы кыргыз өкмөтү канадалык компания менен түзгөн келишимдин бекитилбей калышынан эле бюджетке салык катары жарым миллиардка жакын сом түшпөй, өкмөттүн акцияларынын куну качууда.

- “Жерүй” кени 90-жылдарда ишке киргизилиши керек болчу. Аны Кыргызстандын тоокен комбинатынын өздөштүрүшүнө толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Аны бизден алып коюшту, ошонун негизинде иштебей калышты.

Жаңы мыйзам тармактагы толгон-токой маселелерди чече албастыгына академик Илгиз Айтматов да токтолуп, долбоордо кен иштеткендердин экологиялык жоопкерчилиги көрсөтүлбөй калганын айтты.

- Мыйзам долбоорунда жоопкерчилик дегеле жок. Ошондуктан муну кабыл алууга болбойт.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловдун айтуусунда, бийликтин кайдыгерлигинен тармактагы абал оңолуунун ордуна жыл санап кедеринен кетип баратат.

- Өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы мыйзам чыгаруу ишине жөндөмсүз, ага кош көңүл мамиле кылганы бүгүн ачык-айкын аныкталды. Уктуңуз, айрым беренелери Башмыйзамга, айрым беренелери жайыттар, лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамдарга, Жарандык кодекске карама-каршы келет экен. Мындай чийки мыйзамдарыбыз менен биз тоокен тармагын алдыга жылдыра албайбыз.

Жер байлыгы жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорунун талкуусу тармактагы абалга өтүп, өкмөттүн атайлаппы же иш билбестиктенби жасаган аракеттери өлкө үчүн өтөле оорго туруп жатканы белгиленди. Болбосо “Жерүй”, “Андаш”, “Талдыбулак” сындуу ири алтын кендеринин ишке кириши жылдан-жылга артка жылдырылмак эмес.
XS
SM
MD
LG