Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

«Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаш-тартыштар 90-жылдардан бери токтолбой келет. 1994-жылы «алтын комиссиясынын» айынан «легендарлуу парламент» таркатылган. Быйыл 24-апрелде алтын кен долбоорунун жаңы шарттары жөнүндөгү келишим парламентте каралып жатканда 2003-жылкы өкмөт токтомуна тиешеси бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси коюлду.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки эң ири алтын кен долбоорунун айланасындагы жашыруун-көмүскө иштердин көбү ушу кезге чейин көпчүлүккө жарыя кылына элек. Өңгөсүнөн да 1992-жылы эч кандай тендерсиз эле дүйнөдөгү эң ири алтын кендин канадалык уран иштетүүчү “Cameco” корпорациясына концессияга берилип кетиши эмдигиче табышмак.

Кыйла жылдар Москвада мамлекеттик пландоо комитетиндеги жооптуу кызматтарда иштеп келген Касым Исаевдин ырасташынча, алгач кыргыз өкмөтү америкалык “Моррисон Кнудсен” компаниясы менен иштешүүгө макул болот. Америкалык компания ортолук келишимдин шарттарын иштеп чыгууга киришет. Ошол эле маалда өкмөттүн артында турган таасирдүү күчтөр канадалык “Cаmeco” корпорациясынын сый-ургалын көрүп, атүгүл туңгуч президент Аскар Акаев “Сиабеконун” жетекчиси Б.Бирштейндин жеке учагы менен Канадага чейин барганын К.Исаев Москвада канадалык кайсы бир компания жетекчисинен укканын мындайча эскерет:

- Башка эле канадалык компаниянын президенти менен жолуктурду. Улуту чех экен. Анан ал келип айтат: ”Силердин президент А.Акаев жанагы Б.Бирштейндин “Гольфстрим” деген жеке учагында Канадага учуп келди,- дейт.- Бирөөнүн жеке учагында учкан президенттерди “сатылып кеткендер” дешет. Анын үстүнө Б.Бирштейндин “Сиабекосу” жаманатты компания”, деп тигини көзүнчө мага айтып берип, анан А.Акаев бирөөнүн жеке учагында келген үчүн Канадалык өкмөттүн башчысы кезикпей койду, дейт. Ишкерлер менен жолугушам десе сатылып кеткен президент менен кезикпей эле кой, деп эскертишти, дейт. Мага ошентип айтып берип атышпайбы. Анан кийин чын болуп чыкпадыбы, жашырын барган экен,- дейт Касым Исаев.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун айтуусунда, “Кумтөр” алтын кенин канадалык уран казуучу компаниясына берүүгө кызыкдар күчтөр көп болгон.

- Андан кийин өзүңөр билесиңер 1992-жылы Санжар Айтматов Б.Бирштейн мырзаны “Сиабеконун” жетекчисин алып келип туруп А.Акаевге тааныштырат. А.Акаев аны мамлекеттик кеңешчи кылып дайындап 7-кабаттан, Акүйдөн кабинет берген. Өзүңөр билесиңер ал эч кандай бажы башка төлөмдөрү жок учагы менен тонналаган алтындарды чыгарып кеткен учурлары болгон.

Канадалык корпорация тарабынан түзүлгөн “Кумтөр Голд” компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү үчтөн бирди түзгөнүнө нааразы болгон “легендарлуу парламент” алтын боюнча комиссия түзүп, иштин чоо-жайын териштирүүгө киришет. Бирок да комиссия ишинин жыйынтыгынан чочулаган бийлик парламенттин өзүнөн-өзү таркап кетишине жетишкен.

- Себеби биздин материалдын негизинде үч изилдөөчү топ түзүлгөн. Прокуратура, коопсуздук, ички иштер кызматынан. Т.Чилникина деген төрайым болгон. Ошолордун жыйынтыгын угузбаш үчүн. Жобо боюнча алар иш жыйынтыгын сессияда билдириши керек болчу,- дейт “легендарлуу парламент” депутаты, профессор Шергазы Мамбетов.

Анын айтуусунда, Кыргызстандагы эң ири алтын кен чет элдик инвесторго мыйзам негизинде берилген эмес.

- Жөн эле концессияга берилип кеткен. Жадесе лицензия алган эмес. Анан да баарынан таңкалыштуусу техникалык долбоор түзүлгөн эмес. Техника-экономикалык негиздемеге такап А.Акаевди чакырып туруп дирилдетип ачып коюшту. А.Акаевдин кетирген катасы улам бирин улап жүрүп отурду. Жетекчи катары ошонун бардыгын талап кылышы керек эле да. “Кана долбооруңар, эмненин негизинде?” деш керек эле да. Долбоор деген варианттардын салыштырмасы. Андай болгон жок. Бул вариант пайдалуу, бул вариант пайдасыз, деген маселе болгон жок.


Башкы келишим боюнча он жылдан кийин алтын кен комбинаты Кыргызстан ээлигине өтмөк. Аны күтпөй канадалык корпорациянын алтын кен долбоорун өзгөртүү жөнүндө жаңы сунушу кыргыз өкмөтү тарабынан жактырылып, 2003-жылдын 31-декабрында Н.Танаевдин колу коюлган токтом менен Кыргызстан жаңы түзүлүп жаткан “Centerra Gold Inc.” компаниясынын 33% акциясына ыраазы болуп кирүүгө макул болгон. Ал акциянын жарымын өкмөт аз өтпөй 86 миллион долларга сатып жиберген.

Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына кайчы келген өкмөттүн токтомун 2003-жылдын 31-декабрында алагүү премьер-министр кол коюп салганын парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков депутаттар алдында минтип жарыя кылды:

- 2002-жылы биздин ошол жетекчилердин жаңдоосу менен “Камеко” компаниясынан сунуш келет. Ал сунуш боюнча долбоорду өзгөртүүнү Н.Танаев мырза 2003-жылы үч келишимге кол коюп туруп, өкмөттүн токтомун 31-декабрда мас абалында отуруп түн ичинде жалгыз кол койгон. Бирок биздин жетекчиликте да көп күнөө кеткен. Көпчүлүк ошол убактагы жетекчилер өздөрү сунуштаган дагы азыркы бийликке кандай оор маселе калганын билип турасыңар. Андан сырткары ошол маалда 67% канадалыктарга өтөт дагы 33% жетпегени Кыргызстанга калат.

Акыйкатта да алтын кендин үчтөн экисине ээ Кыргызстан өкмөтүнүн жаңы компаниянын 33% акциясына макул болуп түзүүчүлөр катарына киришин көпчүлүк адистер тамырын кенен жайып алган коррупциялык схеманын натыйжасы катары баалашат. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин “Кумтөр” алтын кен долбоорунун шарттарын өзгөртүү үчүн 3 ирет өкмөттүк комиссия түзүлүп, эки жолу келишимдерге кол коюлду. Салык менен Кыргызстан үлүшүнүн аздыгын эсепке алган мурунку-кийинки парламент 2007-жылкы Алмаз Атамбаев өкмөттү жетектеп турган кездеги кол коюлган келишимдерди өткөрбөй койгон.

Андан берки бир жарым жыл ичинде жаңыча шарттар жөнүндөгү келишимдер даярдалып, ага 24-апрелде Бишкекте өкмөт, компания жетекчилери кол коюшту. Талаштуу кенди улутташтырбай же эларалык арбитраждык соттук узак териштирүүлөргө убакыт коротпой, өкмөт менен каналыктардын мунасага келишин айрым парламент мүчөлөрү азыркы бийлик жетекчилеринин иш билгилиги, улуттук экономикалык кызыкчылыктар үчүн тикесинен тик турган азаматтыгы катары сыпатташууда.

- А.Атамбаев менен И.Чудиновдун өкмөтүнүн экөөсүнүн келишимдеринин салыштырмасы 1 миллиард долларга жакын айырма берет экен. Ал эми бүгүнкү иштеп жаткан Салык кодекси боюнча биз 53 миллион ала турган болсок, А.Атамбаев келишими боюнча 50 миллион гана алмак экенбиз. 3 миллион доллар каякка кетип жатат,- деп суроо коет парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуев.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев болсо 2007-жылкы келишимдерди экономикалык бүлгүн катары мүнөздөйт.

- 2007-жылкы келишимдер Кыргызстанга зыян, экономикага бүлгүн алып келчү келишимдер болчу. Мен муну башка жерде деле кенен-кесир далилдеп бере алам.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун маалымдашынча, “Кумтөр” алтын кенинен казылып алынган алтын менен күмүш Лондон биржасында сатылгандан кийинки 13% Кыргызстан бюджетине чегерилет. Буга кошумча 4% минералдык-сырьелук ресурс үчүн, 1% - Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө деп бөлүнөт. Мындан сырткары алтын кен компаниясы тийиштүү салыктардын баарын төлөйт.

- Айта кетейин, салыктардын баары 2008-жылдын 1-январынан тарта төлөнө баштайт. Ошон үчүн быйыл бюджетке кошумча катары 22,4 миллион доллар түшөт. Бул сомго которгондо болжол менен 950 миллион акча болот. Жалпысынан бул акча узакка созулган талаш-тартыш, бири-экинчисине кине коюуну токтотуп мунасага келүүнүн натыйжасы,- деп айтты И.Чудинов.

Тармактагы абалды жакшы билген, а бирок көпчүлүк алдында атын атагысы келбеген адис макталган келишимдерде деле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы сакталбаганын ырастады. “Мунун баары мунаса, анан ар бир келишимдин артында кызыкчылыктарды канааттандырып койгон, деп мен угуп атам. Ошон үчүн баары эле мактап атпайбы. Мактай турган жери жок”, дейт ал. Анан ошол эле атын атагысы келбеген адистин пикиринде, алынган кредитти кайтарып бергенден кийин “Кумтөр” ишканасы толугу менен кыргыз элинин менчигине өтүшү керек болчу. Ал ишке ашмайын ортодогу нааразылык кала берет. Андайда чиеш маселе улам-улам козголору турулуу иш.

“Centerra Gold Inc.” компаниясында “Кумтөр” алтын кенинин үлүшү 62% түзсө, ага ээ чыкчу Кыргызстан кайсы бир коррупциялык схеманын негизинде 33% акциялуу болуп отуруп калышы артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратып, бийлик жаңыланган сайын кайрадан калкып чыга бериши мүмкүн.

Анын үстүнө жалгыз эле “Кумтөр” эмес, Кыргызстандагы башка алтын кен долбоорлорунун жакшы иштебей жатышы эртеби-кечпи кылдат иликтенип, кайсы кендер кандай кызыкчылыктардын садагасына чабылып кеткени да жүрө-жүрө ачыкка чыгышы ыктымал.

- Мунун себеби – биздин жетекчилердин көмүскө чечип атканынан да. Улам бирөөнө өткөрүп берип, улам бирөөнөн бирдеме алып жаткан го. Болбосо 20 жылдан ашып кетти, даяр нерселерди иштете албай жатышпайбы,- дейт Шергазы Мамбетов.

“Кумтөр” алтын кен компаниясы 1997-жылдан бери 10 жыл ичинде – 2007-жылга чейин 191 тонна алтын өндүрүп, аны 2 миллиард 200 миллион долларга саткан. Салык, башка төлөм, жыйымдардан Кыргызстанга ал акчанын 384 миллион доллары тийген. Адистердин болжолунда “Кумтөр” алтын кенинен дагы 445 тонна алтын чыгышы мүмкүн. Андан Кыргызстан 3,4 миллиард доллар пайда көрүшү ыктымал.

Жаңы келишимдер парламентте каралып жатканда өзгөчө мактаныч менен мына ушул 3 миллиард 400 миллион доллар айтылып турду. Апендинин аргымагындай кыялдын жетегинде жүргөн ал акчанын бюджетке түшөр-түшпөсү келечектин иши. Кыргызстандын ички дүң продуктунун 8%, өнөржай өндүрүшүнүн 42% түзгөн ири ишкананын айланасында болуп жаткан иштер мына ушундай.

Парламент депутаттары болсо мурунку бийлик жетекчилерин жоопкерчиликке тартышты талап кылышууда. Антип жоопкерчилик такталчу болсо талаштын өңүрүнөн азыркы жетекчилердин бирди-жарымынын изи табылып калышы деле ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG