Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Медет Садыркулов өлгөн окуяда эмне сыр бар?


Медет Садыркулов президент К. Бакиевдин администрациясынын башчысы болуп эки жылдай иштеди
Медет Садыркулов президент К. Бакиевдин администрациясынын башчысы болуп эки жылдай иштеди

Бир катар саясатчылар, саясат талдоочулар автоунаадан көз жумган адам Медет Садыркулов болгон жана аны саясий буюртма менен өлтүрүлдү деп белгилеп жатышат. Башкалары бул окуядан бир жактуу тыянак чыгаруу эрте деп эсептешет.


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов:

- Болжол катары айткым келет. Бул жалпы бийликке болгон абалга байланыштуу. Себеби бийликте эки саясий багыт болуп жатат. Биринчиси бул - күч менен бардык маселени чечүү. Албетте, мындай саясат өткөрүлгөндөн кийин жалпы саясий чөйрөндөгү бүт абалды тескери жакка бурат да. Учурунда өтө криминалдашкан, коррупцияга батып кеткен режимди колдосо барып анын курмандыгы болот.

Бул тарыхта болгон, өткөн нерсе. Мен Медет Садыркулов менен бир курста окуган элем, өтө өкүнүчтүү. Айрыкча бала-чакасына туугандарына. Азыр Кыргызстанда күч органдары жалпы элдин көзөмөлүнон чыгып кетти. Өзүнчө эле мамлекет болуп алды. Кийин соңку М.Садыркулов бийлик адамдарынан курмандыгы болгону аныкталып калса мен таң калбайм.

“Ак Жол” партиясынан шайланган депутат Бегалы Наргозуев:

- Чоң саясий фигуралар ушундай кырсыкка кабылганда, албетте, ар түрдүү сөздөр болот. Ар ким өз кызыкчылыгына карата өздөрүнун божомолдорун айта берет. Мага жеткен маалыматка караганда, М.Садыркулов отурган машина менен “Ауди” машинеси сүзүшүп кетип, эшиктери жабылып калган турбайбы. Экинчи машине чала күйүптүр.

Ошондуктан иликтөө бүтмөйүнчө бир жактуу тыянак чыгаруу эрте деп ойлойм. Иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турган оң деп ойлойм. Бул буюртма деп айтуудан алысмын. Анткени ал кишиден ачык же оппозиция, же бийлик тарапка ачык коркунуч туулган жок болчу. Андан он эсе коркунучтуу кишилер жүрөт да. Колумда фактылар, аргументтер жок туруп бир нерсе айтуудан алысмын.


“Ак Жол” фракциясынын жетекчиси, депутат Улукбек Ормонов:

- Өтө кайгылуу окуя болду. Биз азыр бул маалыматтарга ишенип, ишенбей турабыз. Бул маселе толук такталган соң Жогорку Кеңеште атайын жыйын өткөрөбүз. Учурда биздин фракция комитеттерге да айтып жатат. Бул кырсыкпы, же башкабы азыр айтыш кыйын. Кимге болсо да мындай окуялар Кыргызстанга тынчтык каалабагандар үчүн керек болгон. Тынчтык каалаган адамдар мындайга барбайт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, коомдук ишмер Мирослав Ниязов:

- Мен укук коргоо органдарда иштеп жүргөн адам катары божомолдоп бир нерсе айтуудан алысмын. Бир гана фактылар менен иштеп көргөн адаммын. Ошондуктан жөн эле ой жүгуртуп эч нерсени айта албайм.





Бириккен Элдик Кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев :

- Мен Медет Садыркуловдун өлүмүн буюртма деп эле эсептейм. Биринчиден, мындан бир жарым жыл мурда өлгөн кишинин кулагын, анан сөөмөйүн жаңы жылга белек кылып бербеди беле. Ошондо эле бул кишиге куугунтук башталган болчу. Бирок ошого карабай ал Бакиевге чын ниети менен бүт күч аракетин жумшап иштеп берген.

Садыркулов өтө көп нерсени билет. Ал кийинки парламенттик шайлоонун, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун кандай жүргзүлгөнүн бүт билет. Андан сырткары мамлекеттик чиновниктердин, бүгүнкү үй-бүлөнүн кандай аракеттерди жасап жатканын бүт билет.

Үчүнчүдөн, акыркы он күндүн ичинде оппозициянын лидерлери менен бир нече жолу байланышып, Бириккен элдик кыймылы менен биримдиктүү аракет кылуу жөнүндө сөз жүргүзө баштаган. Мына ошонун бардыгы ал жигиттин өлүмүнө себеп болуп отурат деп эсептейм. Ошондуктан бийлик адамдарынын колунан курман болду деп ачык айтсак болот.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев:

- Бул окуя бийлик менен оппозициянын ортосунда тирешүү болуп жаткан учурда болгонун эске алып, айрымдар аны атайын жасалган иш деп жатышат. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин андай бир жактуу жыйынтык чыгарууга эртерээк.

Бирок кыргыз тарыхында белгилүү саясий ишмерлердин ичинен премьер-министр Насирдин Исанов, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган генерал Анарбек Бакаев да автокырсыктан каза болушкан.
Аларды да учурунда “киши колдуу болушту” деп айтылганы менен, ал толук далилденбей калды.

Эми Садыркулов да ошондой жагдайда каза болгону айтылууда. Кыргызстанда Акаевдин тушунан бери эле канчалаган бийликтеги адамдар, бизнесмендер атылып кетти. Ошолордун изи табылбай калган учурлар бар.

“Буюртма жолдор менен адам өлтүрүү” көрүнүшү Кыргызстанда бар. Бирок азырынча М.Садыркулов да ушундай жол менен өлтүрүлдү деп айтканга негиз жок болуп жатат
.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG