Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Үрөй учурган окуя, табышмактуу өлүм


13-март күнү таңкы саат 4 менен 5 ортосунда болгон кырсыктуу окуянын чын-бышыгын билүү кыйлага созулат окшоп калды. Көпчүлүк маалымдоо каражаттарында күйгөн машине ичинде президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун сөөгү да болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда.

Ээн капчыгай ичинде караңгыда болуп өткөн үрөй учурган кырсыктын табышмагы менен бүдөмүктөрү толтура. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов эмнеликтен олчойгон оор жип машиненин өрттөлүп кетишин, ичиндегилердин бир да бирөө соо калбашынын себеп-жөнүн экспертиза жыйынтыгы чыкканча айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- “Audi 100” машинеси деле оңой машине эмес биринчиден. Экинчиден, эмне үчүн ушундай эки машине кагылышканда өрт чыгып кеткен? Мына ушул фактынын үстүндө атайын экспертиза жүрүп жатат. Өрт техникалык, автотехникалык, сот-медициналык, андан сырткары трассологиялык. Ошол экспертизалардын бардыгы ушул маселеге чекит коет. Азырынча эмне себептен өрт чыкканын айтуу эрте.

Ушундай эле пикирди парламент депутаты, социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү Мурат Жураев да карманат.

- Сөөктү таанып болбойт, деп атат. Ошон үчүн бул ошол М.Садыркуловбу же инсценировкабы, же башкабы деп мен азыр эч бир комментарий бере албайм.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Арапбай Төлөнов ажал адамга айтпай-дебей келерин эскертип, мындай иштин чоо-жайын жакшы билмейин жыйынтыктуу бир пикир айтыш кыйын экенин белгиледи.

- Ошондой болушу мүмкүн деп мен айта албайм. Себеби Н.Исановбу же С.Ибраимовбу, айткандар айтышы мүмкүн. Бирок ушул нерсе, бирөө аркылуу болгон нерсе да, буларды Кудай бешенесине жазган. Аны жасаган адамдар өздөрү тартат. Керектүү жерде кылмышына да, аракетине да ар бири жооп берет. Мындай нерсени Кудайга эле салыш керек. Аркасынан түшүп, андай-мындай деп, эмне жыйынтык айта алабыз? Эч нерсени айта албайбыз.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев бул кырсыктуу окуянын табышмагы көп, эми ал артынан толгон-токой суроолорду жаратары турулуу иш, деп эсептейт.

- Бир четинен ойлоп каласың, арам ою менен бекер болбосо керек, деп. Экинчи четинен ойлоп каласың бул кырсык эмнегедир ушундай жакшы машинени айдап жүргөн, бул машине авария болгондо деле өтө көп кырсыкты алып келчү машинелерден эмес. Өрттөнчү деле машинелерден эмес. Анткени булар евростандарт менен жасалган машинелер. Ошондуктан бул ушундай өрттөн сөөгү да табылбай калды, деген сөздү угуп жатабыз. Бул өтө кейиштүү жана табышмактуу иш.

Көпчүлүк маалымдоо каражаттары өрттөлгөн машинеден табылган сөөктүн бири президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун сөөгү болушу мүмкүндүгүн кабарлашууда.

М.Садыркулов оппозиция менен бийликтин тирешүүсү күчөп, өлкө калтыс абалга кептелип турган чакта 2007-жылдын апрелинде президенттик администрацияны башкарууга келген. Эки жарым жыл аралыгында ал оппозициянын айрым өкүлдөрүн бийлик тарабына тартып, “бийлик вертикалын” түзүүгө үлкөн салымын кошкон. А бирок быйыл жыл башында ал арызын жазып кызматын таштап кеткен. Андай кадамдын себеп-жөнүн М.Садыркулов момундайча чечмелеген.

- Бул менин чечимим. Бул жумуш – оор жумуш. Эки жарым жыл узун убакыт, биринчи орунбасар болдум, андан кийин администрациянын башчысы болуп иштедим. Бул аябай чоң убакыт. Ошон үчүн азыр убакыт да өзгөрүлүп, жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларга менимче, жаңы кишилер керек.

13-марттын түнүндө Казакстандан келаткан М.Садыркулов түшкөн машине капчыгайдан табылып, күйүк темирдин ичинде кимдер набыт болгону азырынча аныктала элек. Учурунда ушундай табышмактуу автокырсыктан Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин өкмөт башчы Н. Исанов, андан кийин коопсуздук кызмат жетекчиси А.Бакаев курман болушкан.

XS
SM
MD
LG