Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Жалал-Абат: Президенттик мөөнөт боюнча пикирлер карама-каршы


К.Бакиевдин кийинки президенттик шайлоого катышаары тууралуу билдирүүсү Жалал-Абат облусунун тургундарынын арасында ар кыл пикирлерди жаратууда. Социалдык-экономикалык абалды жакшыртты деп эсептегендер президенттин кийинки мөөнөткө баруу чечимин жактырышты. Бийликке сынчыл адамдардын көз карашында адам укуктары, сөз эркиндиктери чектелип, оппозицияга кысым көрсөтүлүп, электр жарыгы туташ өчүп, нааразылык күчөп жатканда кийинки мөөнөт жөнүндө сөз кылуу туура эмес.

К.Бакиевдин президенттик эмки шайлоого катышаары тууралуу билдирүүсү Жалал-Абат шаарынын тургуну Асылбек Таштанбековдун көптөн бери күткөн тилеги менен дал келди. Анын баасы боюнча Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн кыйла алдыга кетти жана мамлекетти дүйнөгө таанытууда өлкө башчысы Бакиевдин кошкон үлүшү бараандуу. Демократиядан тайбаганы үчүн президент мурдагы оппозиционерлерди чоң кызматтарга тартып, радикалдуу саясатчыларды сүйлөшүүгө чакырды.

- Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биз эки кадам алдыга кеттик. Жаныбыздагы эле Өзбекстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды алалы, дүйнө жүзүнө таанылган ачык-айкын мамлекет болдук. Ошого биздин президентибиздин бирден-бир салымы өтө чоң. Ошондуктан биз президентибизди бул эле мөөнөт эмес, кийинки дагы мөөнөт иштетип калышыбыз керек. Кыргызстандын өркүндөп- өсүп, гүлдөшүнө президентибиз гана алып баштап барат.

Россиядан инвестициянын тартылаары, Камбар-Ата ГЭСи менен Кызыл-Кыядагы цемент заводунун курулушу, айлык, пенсия, жөлөк пулдардын көтөрүлүшү – президентке учурдагы мөөнөтүн толук аткарууга жана кийинки шайлоого барууга өбөлгө түзөт. Облустун жашоочусу Абдракман Исаковдун жогоркудай көз карашы боюнча эмки шайлоого башка партиялардын өкүлдөрү да талапкерлигин коюусу ыктымал:

- Партиянын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн укугу, алар дагы өздөрүнүн мүчөлөрүнөн президенттикке кандидат кылып сунуш кылышы мүмкүн. Кийинки мезгилге азыртадан шайлайбыз деген туура эмес. Себеби мыйзам бар, шайланган президент К.Бакиев 5 жылдык мөөнөтүн өз мөөнөтүнө чейин аткарышы керек.

«Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев Бакиевдин кийинки мөөнөтү тууралуу Таштанбековдун демилгесин колдобосун билдирди. Анын эсеби боюнча бийлик оппозициядагылардын өздөрүнө же балдарына кылмыш ишин козгоп, адам укугу менен сөз эркиндигин кысмакка алып, өз кемчиликтерин элден жашыруу өнөкөтүнө өткөн. Өлкөгө зор пайда келтирчү өнөр жай тармактарын менчиктештирүүгө ашыгууда. Айлык-пенсиялар жашоо талабына дал келбейт. Оппозиция талап кылган үй-бүлөлүк башкаруу тыйыла электе кийинки мөөнөт тууралуу сөз эрте:

- Электр энергиясына болгон кризиске болгон нааразылыктары, басма сөз, сөз эркиндигине болгон нааразылыктардын баардыгы бийликтин туура эмес саясат жүргүзүп келе жаткандыгынан билдирет. Оппозиция лидерлерине, жер-жердеги лидерлерге саясий кысым кылуу бул азыркы бийликтин алсыздыгын, мыйзамды сактабагандыгынан кабар берет. Президент Бакиев башында турган бийлик бул арактетери менен ого бетер өзүнө каршы коюп, өзүнүн бийликтен кетишин тездетет, -дейт Асылбек Текебаев.

Ош шаарынын тургуну Айбек Султанкуловдун пикиринде ишкерлер деле бийликке нааразы. Бийлик оппозиция менен сүйлөшөм дегени менен БЭК иштеп чыккан өнүгүүнүн концепциясына көңүл бурууга саясий эрки жетпеди. Соңку Баш мыйзам болсо бир адамдын пайдасына кызмат кылган Конституция болуп калган:

- Бир адамдын бийлиги болуп калды. Кыргызстан азыр 18-кылымга барып калдык. Элдин көбү эле Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы, ашып барса 10-15 пайыз колдоп атышы мүмкүн, чиновниктер, туугандары. Карапайым эл, жеке ишкерлер бул системага каршы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG