Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Турдукуловго коюлган доо басым катары сыпатталууда


Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Сөз эркиндигин коргоо комитети активист жана блогер Адил Турдукуловдун үстүнөн жазылган арызды – Кыргызстандын жарандык коомуна басым жасоо деп сыпаттады. Бул тууралуу комитет тараткан билдирүүдө айтылат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети Кыргызстанда аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдарга да кайрылып, кыргыз бийлигин демократия принциптерин сактоого үндөөнү суранышты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Турдукуловдун үстүнөн быйыл ноябрдын этегинде сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Адил Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG