Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Кыргыз элинин ичара ынтымагын бекемдөөгө багытталган «Үч канат» демилгеси тууралуу көпчүлүктүн түшүнүгү дээрлик жок. Бул маселе "Азаттыктын" "Бетме-бет" талкуусунда козголду.

Оң, сол, ичкилик уруулар биримдигинен куралган жаңы түзүм коомдук таасирин күчөтүп, ушу тапта жер-жерлерде уруулардын чоң жыйындарын өткөрүүдө. Жаңы демилгенин башында тургандар унутта калчу уруулуктун туусу элди биримдикке алып келеринен күмөн санашпайт. Уруулук биримдиктин иш башчылары генерал Кеңешбек Дүйшөбаев, «Таза коом» партиясынын негиздөөчүсү Абдусалам Жолдошев, журналист Кадыр Кошалиев «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусунун коноктору.

- Түптүү журттун түбүн бекемдеп, канткенде түндүк-түштүк, батыш-чыгыш бөлүнүшүнөн кутулабыз суроосу социализм заманында эле козголуп, бирок ал тилек канчалык ишке ашканын эгемендиктин жылдары ачыкка чыгарып койду. “Кокту-колот психологиясы” бул заманда аябай оожалды. Кеңешбек мырза, жаңыдан түзүлүп жаткан оң, сол, ичикилик уруулар биримдиги ошол “кокту-колот психологиясын” жандантуунун аракети эмеспи.

Кеңешбек Дүйшөбаев: - Жок, андай эмес! Түндүк – түштүк, акаевчил же бакиевчил, болбосо кайсы бир партия же бейөкмөт уюмга кирип бөлүнүп-талануунун үстүндө болуп жатабыз. Антип бөлүнүүдөн, команда-команда болуп ажыроодон кантип арылабыз, элибизди кантип ынтымакка алып келебиз, мамлекетти кантип оңойбуз деген ой ар бир кыргыздын жүрөгүндө орноп турса керек. Артыбызга карап ата-бабаларыбыз элибиздин биримдигин кантип сактап келген деген суроого абай салсак эле баары ачыкка чыга келет. 6 миң жыл ичинде элибиз эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Канча кыйынчылык, тоскоолдорго карабастан элибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Азыркы глобалдашкан дүйнөдө кыргыздын жок болуп кетүү коркунучу турат. Миллиондогон жаштарыбыз чет жерде бирөөлөрдүн жумушун кылып, өз жеринде иштей албай жүрүшөт. Биз феодалдык-архаикалык заманга элди сүйрөбөйбүз. Азыркы конституциялык формалардын негизинде эле иштейбиз. Кыргыздын кырк уруусу биримдиктүү болсо, үч канаттын ынтымагы бекем болсо элибиздин ынтымагы, ички биримдиги чың болот.

- Элдин биримдиги деп бирок урууларга кайра бөлүп жатпайбызбы. Абдысалам мырза, бул элдин ынтымагына доо кетирип, ажырымды чоңойтуп ийбейби?

Абдысалам Жолдошев:
- Кокту-колот психологиясы деп атпайсыңбы. 20 жылдан бери ошол күчөп келатат. Ынтымактын дарысы же формуласы биримдик болуп атпайбы. Биз ошону айтып жатабыз. Бул жерде бөлүнүү-жарылуу, бийлик талашуу жок. Кеп келечек жөнүндө болуп жатат. Кыргыз мамлекетинин күчтүү, цивилизацияга кошула турган жолдорунун бири ушул.

- Кадыр мырза, уруулук аркылуу биригүүнүн опуртал жагы да бар. Уруулук сезим менен ойноочулук отту тутантып ийбейби? Болбосо уруулар урушпай-талашпай, мамыр-жумур жашап калабы?

Кадыр Кошалиев:
- Ар бир улуттун өзүнүн тагдыры, келечекке басар жолу болот. “Кырк уруу кызырлуу журт” кыргыз да ошондой татаал жолду басып өткөн. 40 деген кыргызда кадырлуу сан. “Кыркы чыгыптыр”, “кырк чоро” , “кырк чилтен” жана башкалар. Кыргыз да кырк уруудан турат. Элестүү айтканда бул уруулар түндүктү тиреп турган касиеттүү калк. Түндүк - кыргыз улуту. 6 миң жыл кантип ал өзүн-өзү сактап келди? Башка элдер жок болуп кетсе да кыргыздардын чабылып-чачылганына карабай биримдикте келиши мына ушул уруулар ынтымагына байланыштуу. Кийинки 200 жыл ичинде уруучулук өткөндүн саркындысы, калдыгы деп жерилип келгенде да сакталып калды. Ынтымак элдин жүрөгүндө, кан-жанында сакталып келди. Бул жерде эл катары, этнос катары кантип сакталып кала алабыз, деген сөз болуп жатат. Аны өткөнгө байланыштыруу, артка тартуу деп айтпаш керек. Эл айкөл, кенен болот экен. Уруучулук, тууганчылык аркылуу биригүүнүн жолун издебесек глобалдык дүйнөдө жашообуз кыйын. Ата-бабабыздан келаткан коом түзүү тажрыйбасына кайтуу демилгеси көтөрүлүүдө. Коомдук-саясий түзүлүш, экономикалык чарба жүргүзүү, руханий идеологиялык негиздер мамыр-жумур келгенде гана өлкө жакшы өнүгөт.

- Кеңешбек мырза, эл арасында болуп атабыз деп жатасыздар. Ошол элдин баары эле сиздерди текши колдоп жатабы же буга ишенбегендер да барбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: - Сиз кыргыздын үч канатка бөлүнүшү ичара ынтымакка доо кетирбейби, деп сурабадыңызбы. Антпейт. Биздин максат - элди ынтымакка чакыруу, биримдикке алып келүү. Албетте, уруу-урууга кайрадан ажыроо бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн деген коркунуч бар. Эгер ушул үч канатты бириктиребиз деп бийликтин камчысын чапсак бөлүнүп кетишибиз мүмкүн. Анан да үч канатты оппозицияга кошуп, митинг-пикетке чыксак ал да чачыроого алып барышы мүмкүн. Экөөнө тең кошулбай саясаттан тышкары иш алып бара турган болсок, ошондо гана ишибизден натыйжа чыгышы мүмкүн. Азыр эл аралап көп жүрүп жатабыз. Уруулар чогулуштарына, жолугушууларга катышып жатабыз. Биз менен сүйлөшкөн 10 адамдын тогузу бизди колдоп, онунчусу ишенбей жатканы деле чын. Анан элдин нааразылыгы да болуп жатпайбы. Жарык баасы, жылуулук акысы көтөрүлүп, көпчүлүктүн нааразы болгондору көп. Мына журналисттерди кысымга алып жатышат. Чындыкты кайдан издейбиз, жашоо-турмуш качан оңолот, деген эле ой. Биздин ишибизде кемчиликтер, тоскоолдуктар бар. Ал кандай тоскоолдуктар? Падышалык Орусиядан баштап уруучулдук дайыма сындалып, четке кагылып келатат. Совет кезинде деле ошол мамиле сакталды. Мунун баары биздин элибиздин мүнөзүн биртоп өзгөртүп койду. Жаштардын арасында маңкуртчулкту жоюу биртоп тоскоолдорго учурап жатат.

- Абдысалам мырза, азчылыктар маселеси кандай болууда? Кыргызстанда башка улут өкүлдөрү да арбын жашайт эмеспи.

Абдысалам Жолдошев: - Биз негизги калкпыз. Биз ынтымак болсок алар да ынтымак болот. Башка улуттарга жакшы шарт түзүлгөн. Алардын курултайлары өтүп жатат. Патриот кыргыз үчүн бул туура иш деп ойлойм. Чет өлкөгө көп бардым. Мисалы, Түркия дегенде жанын берүүгө даяр адамдарды көрдүм. Кытайлар болсо дүйнө жүзүндө кытай, анан башка элдер бар деп эсептешет экен. Ошолорду көрүп бизде да кыргызды көтөрө турган патриоттор болушу керек, ошол учур келди деп ойлоп калдым. Эгемен элбиз, бизге эми эч ким жолтоо болбойт. Кыргыз урууларын күчөтүшүбүз керек. Ошого жетилдик.

- Кадыр мырза, сиздердин демилге колдоо таап, бийлик уруулук негизде түзүлө турган болсо башчылыкка келген адам өзүнүн туугандарын жанына чогултуп алуу коркунучу бар. Же андай эмеспи?

Кадыр Кошалиев: - Азыркы бийлик реформалоону баштап ийбедиби. Биз да өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Туура, кыргыздын кан-жанына жакын жаңы форманы сунуш кылып жатабыз. Элдик курултай буга чейин эле жашап келген. Эгер ал Конституцияга кирип калса үч канат кыргыздын таянычы болот. Төртүнчү канат Кыргызстанда жашаган башка элдин өкүлдөрүнөн куралышы деле мүмкүн. Ал эми кадрдык маселе, “өз уруумдан короомо кочкор салам” деген коркунуч бар. Биз муну көбүрөөк ойлонгонбуз. Жаңы нерсени ойлоп чыккан жокпуз. Бул табигый нерсе, ата-бабанын жолу. Ушул идеяны көтөргөн адамдар буга жоопкер. Бийлик да, эл да ушул идеяны көтөрсөк кыргыз үчүн чоң кызмат кылып бере алат.

- Кеңешбек мырза, сизге чоң ырахмат! Алыста жүрүп убакты-саатыңызды бөлүп талкууга катышып бердиңиз! Урматтуу студиянын коноктору, ишиңиздерге ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG