Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Бапыратып эле Башмыйзам жазып жатырбыз, эй!


Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Эркин Алымбеков, Медер Абдиев.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Эркин Алымбеков, Медер Абдиев.

Бүгүн 5-Май Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган күн. Эгемен өлкөнүн Баш мыйзамы 1993-жылы кабыл алынгандан бери жети жолу өзгөртүлүп, эми дагы бир жолу орчундуу өзгөрүүнүн алдында турат. Апрел ыңкылабынан кийин оппозициялык күчтөр түзгөн Убактылуу өкмөт өлкөдө парламенттик башкарууну орнотуу максатын жар салып, кезектеги конституциялык реформанын бүткүл элдик талкуусун баштады.

ЕККУнун Бишкектеги борбору, Убактылуу өкмөт демилгеси менен 4-майда жаңы Конституция долбоору талкууланды. Алгачкы талкууга укукчу адистер, бейөкмөт уюм, саясий партия, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конституциялар төөбастысы

Ушу тапта Кыргызстанда Конституция жазууга кызыккандар арбып, жумушчу топтун түйшүгү дагы көбөйгөнүн Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Өмүрбек Текебаев маалым кылды.

- Орто билими бар адамдар да, жогорку билими бар адамдар да билим деңгээлине карабастан, Конституциянын долбоорлорун жазып алып келип атышат. Билесиз, 1993-жылы президент А.Акаев анан мен эле Конституция долбоорун киргизгем. Азыр 20 ашуун долбоор бар. Абдан көп сунуштар түшүп жатат. Биз баарын системалаштырып эске алганга, жок дегенде аларга жооп бергенге аракет кылып жатабыз.

Убактылуу өкмөт түзгөн жумушчу топ өлкөнүн Башмыйзамын орус тилинде даярдашкан. Ошол тилдеги долбоорду 40 миңден ашуун нускада өкмөттүк “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыялоого каражат жагынан жардам беришкенин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы элчи Эндрю Тесорьер белгилеп, Конституция долбоорунда эларалык уюмдардын пикир-сунуштары эсепке алынганын маалымдады.

- Конституциялык реформа жараяны ачык, кызыкдар тараптардын баарынын катышуусунда болушу өзгөчө маанилүү. Ага саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, улуттук жана эларалык эксперттер, жөн-жай адамдар катышсын. Конституциялык өзгөрүүлөр карапайым калкка түшүнүктүү болушу абзел. Жарандар жасалып аткан реформаларга ишенгендей болушсун.

Эмкиси Ошто

Элчи Э.Тесорьер 7-майда ушундай эле талкуу Ошто, 13-майда эл аралык эксперттердин катышуусунда Бишкекте өтүшү болжолдонуп жатканын кабарлады. Жаңы Конституция долбоорунун талкуусунда бийлик бөлүштүрүлүшү, анын ичара тең салмактуулугун сактоо, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин эриш-аркак иштешине баш-көз болчу президенттин ыйгарым укуктарынын чектелиши кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Долбоорду даярдоочу жумушчу топтун мүчөсү Эркин Мамыров кыскартылгандан кийинки президенттин укуктары деле жетиштүү экенин ырастады.

- Анткени маанилүү маселелер президент аркылуу чечилет. Мисалы, президент Борбор шайлоо комиссиясынын 1/3 бөлүгүн сунуштайт. Эсеп палатасынын аудиторлорунун 1/3 сунуштайт. Коргоо министрин, Улуттук коопсуздук кызмат жетекчисин дайындоого укуктуу. Ошондой эле тышкы саясатты Жогорку Кеңеш чектеген багытта алып барат.

Мындан тышкары президент Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорлорун жаратпай коюу, парламентти таратуу укугуна ээ. Бирок бул укугун ал парламент бир жарым ай ичинде өкмөт түзүүгө макулдук бербеген чакта гана ишке ашыра алат.

Жаңыланчу Башмыйзамда президенттин бир мөөнөткө беш жылга гана шайланары биртоп суроолорду жаратты. Жумушчу топтун мүчөсү Гүлнара Искакова жаңы чектөөнүн кандайлыгын убакыт көрсөтөт, деген пикирде.

- Мунун туура-туура эместигин Латын Америка өлкөлөрүнүн тажрыйбасынан көрсө болот. Алар да баш бербес президенттердин тизгинин тартыш үчүн бир эле мөөнөттү чектешкен. Бул эмнеге алып келет? Президент кийинки мөөнөткө шайланбашын билип иштеп деле жарытпайт. Ошондон Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн көбү кайра эки мөөнөткө келишти.

А.Акаев менен К.Бакиев бийлигинен жүрөкзаада болгон Кыргызстан парламенттик башкарууга ык коюуда. Жаңы форманын кыргыз кыртышына байыралышы кандай болорун алдыдагы убакыт көрсөтөт. Бийликти күч менен алмаштырган сүрмөтоп көпчүлүк союл-баканын көтөрүп дагы чыкпаса болду.


Маалымат иретинде:

Кыргызстан эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-чакырылышында жаңы Конституция кабыл алынган. Ал эми Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы өз күчүн жоготкон. Баш мыйзам кабыл алынган 17 жыл аралыгында жети жолу өзгөртүүгө дуушар болду.




пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG