Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Ат айланып казыгын табат же парламенттик башкаруу талашы


Конституция долбоорунун талкуусу
Конституция долбоорунун талкуусу

Жаңы Конституция долбоорунун айланасындагы талаш-тартыштар кызуу жүрүүдө. Аны укуктук-демократиянын үлкөн жетишкендиги катары сыпаттап, эмитен эле мактоого тундургандар, эшиктен ары түртүп жактырбагандар, окубай туруп оюн айтуучулар арбын чыгууда.

Эл көзөмөлүндө болбогон, элдин алдында жооп бербеген бийлик эгерим элге кызмат кылган эмес. Муну тарых далай ирет далилдеген.Эл көзөмөлүндө болбогон, элдин алдында жооп бербеген бийлик эгерим элге кызмат кылган эмес. Муну тарых далай ирет далилдеген. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары: «Теңир Ордо» коомдук уюмунун жетекчиси Дастан Сарыгулов, экс-спикер Ишенбай Кадырбеков Конституциянын жаңы долбоору тууралуу ой бөлүшөт.

Жаңы топчу, жаңы седеп, жаңы байпак же жаңылыктын эскилиги

- Дастан мырза, жаңы Конституция долбоорунун айланасындагы талаштын курч чыгышына парламенттик башкарууга өтүү системасы себеп болдубу же башка жагдайлары да барбы?

Дастан Сарыгулов:
- Маселе бөлөктө. Кыргыз эли да ойгоно баштады, аң-сезим өзгөрүлдү, жаштар намысына келди. Жаңыча жашоону талап кыла баштады. Мына жаңы деп аталган Башмыйзам ошол ойгонгон элдин талабына жооп бере албаганы көп талашты туудуруп атат. Жаңы деп аталганы менен баягы эле эски Башмыйзамга жаңы топчу тагып, жаңы байпак кийгизип элге сунушташын чоң тарыхый адашуу, ката деп айтар элем. Маселе азыр парламенттик, президенттик же аралаш башкарууда эмес.

Маселе эл бийлигин орнотууда болуп атат. Бүгүн Кыргызстандын абалы ушунчалык оор, бийликтин баары ынтымакташып иштешсе дагы азыркы кризистик абалдан алып чыгып кетиши кыйын. Алып чыкчу күч – кыргыз эли, ошого мүмкүнчүлүк бериш керек. Ата-бабанын салтын сактап биз Элдик курултайды бийлик башына коюшубуз керек. Бийликтин үч бутагы такай алдында жооп берип турмайынча бийликтин жоопкерсиздиги мыйзамдаштырылып 20 жыл бою козголбой келатат. Маселе ушу жерде.

- Ишенбай мырза, жаңы Конституция долбоору жаңы эмес, мурунку варианттарынын айрым оңдоолору гана деген сөз айтылып жатат...

Ишенбай Кадырбеков: - Бул чындык. Кайсы мамлекет болбосун Конституцияны жазуунун структурасы ошол эле болот. Канча айлантпа бир эле жерге келет. Граждандардын укугу, анан бийлик бутактарынын аткара турган кызматы бөлүнүп берилет. Бирөөн алдына коюп, экинчисин артка коюштан эч нерсе өзгөрбөйт. Жаңы Конституция жазыш керек деп атышпайбы. Анда деле ушул эле структурага келебиз.

- Жаңы Конституция долбоорунда Элдик курултай институту жөнүндө айтылбай калыптыр.

Дастан Сарыгулов: - Орус тилинде Батыш үлгүсүндөгү Башмыйзам жазууну дагыле 20 жылдан бери улантып жатабыз. Бу Башмыйзамдын негизги кемчилиги түп нускасынын орус тилинде жазылышы. Кыргыз элине ошонун көчүрмөсү, таржымасы берилип атат. Кыргыз эли орус элинин көчүрмөсү, котормосу эмес. Орус тилинде жазылышы – бул кыргыз тилин, дилин, тарыхын, салтын сыйлабай четке каккандык. Мунун эл жүрөгүнөн түнөк таппашын эмитен эле айтып койсок болот.

Үч казыкты айланчыктаган чийим

- Ишенбай мырза, конституциялык кеңешмеге канча долбоор түштү?

Ишенбай Кадырбеков:
- Аны эми эсептеген деле киши жок. Дүйнөдө негизи бийликтин үч түрү: парламенттик, президенттик, анан парламенттик-президенттик же президенттик -парламенттик деп тандалган. Биз экөөн өттүк. 1993-жылкы Конституция парламенттик-президенттик болчу. Кош бийлик бири-бири менен тең болчу. Экөө талашып отуруп акыры президенттик бийликке келдик. Азыр эми парламенттик деп сунуш кылынып жатат. Көпчүлүгү президентикке эле келели, эки ирет жакшы президент болбой ката кетип калды, эми жакшы болор деп алып чыгып жатышат. Парламенттик республика биздин менталитетибизге жакын. Талаш-тартыштын аягы кандай болорун эми көрөбүз да.

- Дастан мырза, парламенттик башкаруу деле элдик бийлик, кеңешип иштечү кызмат. Элдик курултай кирип калса ал парламенттик башкарууга кайчы келип калбайбы?

Дастан Сарыгулов: - Азыр сунушталып аткан Башмыйзам долбоорун парламенттик башкарууну орното алат деп айтуу кыйын. Бул баягы эле президенттик-парламенттик башкаруу. Болгону эле президенттер качып кетип, парламент өзүнө укуктарды көбүрөөк алып алган Башмыйзам.
Эл көзөмөлүндө болбогон, элдин алдында жооп бербеген бийлик эгерим элге кызмат кылган эмес. Муну тарых далай ирет далилдеген.
Эл көзөмөлүндө болбогон, элдин алдында жооп бербеген бийлик эгерим элге кызмат кылган эмес. Муну тарых далай ирет далилдеген. 20 жыл бою же президент же өкмөт же парламент элге жооп берген жок. Маселенин баары ушерде болуп турат. Бир шайланып алып үчөө тең беш жыл каалаган ишин жасап, жооп бербей, басып кете берет. Бул Башмыйзамда деле президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт - үчөөнүн ортосунда укук талашы калган. Бул дагы улана берет. Кимдин укугу азайып кетти, кимдин укугу узарып кетти талашы токтолбойт. Бул коомдо туруктуулукту камсыз кылбайт. Маселенин оор жери ушерде.

Талаштын жиби барып-келип эле эл бийлигине байланууда

- Ишенбай мырза, үч бийликтин үстүнөн көзөмөл кылчу Элдик курултай институтунун жаңы долбоорго кирбей калышынын себеп-жөнүн айта кетсеңиз.

Ишенбай Кадырбеков: - Биз көп нерсени чаташтырып жатабыз. Эл бийлиги деп атабыз. Эл бүлетенди үкөккө таштаганда өз укугун бирөөгө ыйгарып берет. Ошол укукту алган Жогорку Кеңеш депутаттары Элдик парламенттин мүчөсү болуп калат. Курултай деле, парламент деле эл тарабынан шайланат. Укуктары бирдей эле. Бирөө мыйзам чыгарат. Экинчиси эмне кыларын мен билбейм. Курултай, курултай деп эле жатышат. Анын кандай укуктары бар экенин эч ким айткан жок. Туура эмес түшүнүк эмнеден чыгып жатат? Аткаруу бийлигин ким шайласа бийлик системасы ошондон чыгат. Президент өзү билип, өзү тескеп аткаруу бийлигин түзсө президенттик башкаруу болот. Парламенттен уруксат алынып өкмөт түзүлсө президенттик-парламенттик аталат. Азыр парламентке көп укук берилен жок. Негизги укук өкмөттү ким шайлашына байланыштуу. Негизги иши дагыле мыйзам чыгаруу. Парламенттик болгондо утуп келген партиялар өкмөт мүчөлөрүн, премьер-министрди шайлоого мүмкүндүк алышат.

- Бул жерде саясий партиялар жайында кеп болду. Дастан мырза, парламенттик башкаруу боюнча сиздин пикириңиз.

Дастан Сарыгулов: - Ишенбай мырза курултайдын укугу белгисиз, эч ким айткан жок деп айтты. Бул туура эмес. 2006-жылкы Башмыйзамда бийликтин башына курултай коюлуп, анын укук милдеттерине президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт – баары менен шайкеш келтирилген. 4 жыл мурда үлгүсү жарыкка чыккан, элге таркатылган. Парламент менен президентти шайлагандан кийин эл беш жыл бою бийликтен четтетилип калат. Элдин үнү бийликке жетпесе, Жогорку Кеңеш мыйзамдуу шартта президентке импичмент жарыялай албаса, депутатты эл кайра чакырып ала албаса, 5 жыл бийликти баш-оту менен берип салып кыргыз чачылып жүрө берсин деген саясат камтылып жатат.

Эми партияларга келели. Мынабу кандуу, канкор К.Бакиевдин бийлиги партиялар съездинде кулатылган жок. Элдик курултайлардын күчү, элдин күчү менен кулатылды. Бул чындыкты биз эч качан унутпашыбыз керек. Ал эми “партия” дегенди кыргыз тилине которгондо ал “жаат” деген эле сөз. Партиялык шайлоо жаатташуу, элди жаат-жаатка бөлүү дегенди туюндурат. Элдин 10% жетпеген өкүлдөрү партияларга мүчө болуп 90% элди башкарып, бийлик жүргүзгөнү коомдо адилеттикти, калыстыкты орнотпойт. Башмыйзамдын 2-беренесинде минтип айтылган. “Бийликти тартып алуу өтө оор кылмыш”. Мына ушул сүйлөм эмнегедир мына бул долбоордо алынып ташталыптыр. Ошол эле К.Бакиевдин Конституциясында 2-беренеде: “Мамлекетте элдин кандайдыр бир бөлүгү, бирикмеси же жеке адам бийликти ээлеп алганга укуксуз”, деп жазылган. Абдан жакшы жазылган. Анда партиялар эмне үчүн мыйзам чыгаруу бийлигин ээлеп алышат? Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин тагдырын чечишет. Конституциянын 8-беренесинде минтип жазылган. “Кыргыз Республикасында мамалекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле мамлекет иштерине партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирилүүгө жол берилбейт”. Бул талап азыркы сунушталган Башмыйзамда алынып ташталган. Муну биз мурдагы Башмыйзамдын жетишкендиги алынып салды деп айтышыбыз керек. КПСС доорунан кийин бир дагы партия өлкөдө үстөмдүк кылбасын деген талап коюлган. Ошонун баары жокко чыгарылып атат да. 10% эл өкүлдөрү 90% элге бийлик жүргүзгөнү калыстыкка жатпайт.

Бийлик талашынын башкатырмасы

- Ишенбай мырза, президент бийлиги 5 жылга гана созулат экен. Бир гана жолу шайланат. Экинчи шайланбашын билген президент эч нерсе жасабайт, тек гана убакыт өткөрөт, деген ой айтылууда.

Ишенбай Кадырбеков: - Бул дагы жаңылыш түшүнүк. Мунун алдында Дастан мырза айткан курултайга токтоло кетейин. Бийлик үчкө бөлүнүп атат. Сот, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги. Курултай сот бийлигине кийлигише албайт. Аткаруу бийлигине укугу жок. Мыйзам чыгарууну алайын десе ал жерде парламент отурат. Ошон үчүн мен анын орду кайсы жерде деп сурагым келет. 4-күчпү? 4-күч бул эл. Элдин үстүнө дагы өкүлдөрдү отургузуп коелубу? Президентти, Жогорку Кеңешти чакырып алуу укугубу? Аны парламент өзү чакыра алат. Өкмөттү өзү шайлаган. Мурда парламент түшүнүгү жокто курултай деп аталып калгандыр. Азыркы парламент ошол эле курултай.

Эми партияларга келсек. Биз бир мандаттуу округдардан шайлоону башыбыздан өткөргөнбүз. 100% жер-жерлерден бир мандаттуу округдардагы шайлоону көргөнбүз. Анан келгенден кийин Жогорку Кеңеш өзүнчө, аткаруу бийлиги өзүнчө болуп кетти. Азыркы партиялык шайлоо. Партиянын өзүнүн жолу, программасы бар. Мамлекетти кайсы жол менен баштай турганын сунуш кылат. Көп партиялардын ичинен эл тандайт. Өкмөт кандай иштесе аны шайлаган партия да жооптуу. Парламент дагы, аткаруу бийлиги дагы бир күч болуп иштеши керек. Ошондон биздин элдин 99% партияга мүчө эмес, ошолорду башкарабы деш туура эмес. Партияларга мүчө болуп киргиле деп эч ким айткан жок. Ошол партиянын ичинен тандагыла деп атпайбы.

- Дастан мырза, кеп сизде.

Дастан Сарыгулов: - Ишенбай мырза айтканына ишенсе, мен бир сөз айтайын. Мына 20 жылда 2 президент башкарып, элди тоноп, аягында бирөө ок атып, канга чөмүлтүп, экөө тең аягында качып кетишти. Турмуштун бул ачуу чыныдыгы эмнени көрсөтүп жатат? Себеби эл бир ирет шайлап коюп 5 жыл укугу жок калып жатат. Жадесе жыйынга чыга албай ушундай абалга келип атпайбы. Мындан сабак алышыбыз керек.

Мынабу сунушталып аткан Башмыйзамда Мекендин ыйыктыгы, улуттун улуу дөөлөтү, рухий мурасы баарынан бийлик бааланат, өйдө коюлат деп жазылган эмес. Улуттук саясат мында чагылдырылган эмес. Бул маңкурттарга арналган Башмыйзам. Ачык айтып коюш керек. Бүгүн ойгонгон кыргыз эли бул Башмыйзамга ыраазы болбойт.

- Ишенбай мырза, сиздин кошумчаңыз барбы?

Ишенбай Кадырбеков: - Айтса баары боло берет. Элге жакпай калды деп айтса деле боло берет. Элдин көбү жаңыдан таанышып келатышат. Бирин-серин адамдар гана өз ойлорун айтып атышат. Элдин ою 27-июнда, референдумда билинет. Эгер жакпаса алар “жок” деп чийип ташташат. Ооба, “жагат” десе ошондо элдин ою билинет. Анан кийин улуттук менталитети камтылбай калган деген сөзгө мен кошула албайм. Бул жерде Кыргызстандын Конституциясы жазылып жатат. Мен айтып атпаймбы. Структурасы бардык жерде бирдей эле.
Оң жагынан жазасыңбы, сол жагынан жазасыңбы баары айланып отуруп эле ушуга келет.
Оң жагынан жазасыңбы, сол жагынан жазасыңбы баары айланып отуруп эле ушуга келет.

- Анда талкуубузду жыйынтыктасак. Мырзалар, сиздерге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG