Түрк маалымат каражаттары өзбекстандык шектүү Абдулкадир Машарипов Стамбулдун Эсенйурт районунда кыргыз тектүү досунун үйүндө кармалганын жазып чыгышты. Түрк бийлиги расмий билдирүү жасай элек.
Буга чейин расмий Анкара бул адамдын шектүү экени аныкталганын жарыялап, издөө салган. 1-январга караган түнү "Рейна" түнкү клубундагы ок атуудан 39 адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ өзүнө алган. (NT/ElB)