Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасары күздө Кыргызстанга эл аралык жанкечтилер басып кириш ыктымалдыгын айтса, коопсуздук кызмат жетекчиси мусулмандар менен христиандар тиреши чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертүүдө.

Жаздан берки кагылыш-сүрүлүштөрдөн жүрөкзаада болуп калган кыргызстандыктарга эми божомол-жоромолдор жаай баштады. “Азаттыктын” бүгүнкү “Бетме-бет” берүүсү коопсуздук маселесине арналат. Студияга “Эл арманы” партиясынын жетекчиси Мирослав Ниязов, эксперт Талант Разаков чакырылган.

“Беймаал коноктор” сарсанаасы

- Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри А.Муралиев быйыл күздө эл аралык жанкечтилер басып кириши мүмкүн божомолун ортого жайды. Ал киши деле расмий өкүл катары коопсуздук кызматтарынын маалыматына таянып ушул божомолун айтса керек. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Мирослав Ниязов:
Эл кызыкчылыгы үчүн коопсуздукту бекемдөө зарыл. Тилекке каршы, бизде бул экөө тең жакшы аткарылбай келатат. Ал эми жанагы божомолду текшериш керек. Так маалымат болсо ошого жараша чара көрүлүшү керек. Элди бүгүн коркута бериштин кереги жок.

- Талант мырза, ашуу ачылганда келип калышы ыктымал эл аралык жанкечтилердин күздө келип калыш мүмкүн божомолу кандай себепке байланыштуу чыгып жатты экен?

Талант Разаков: Бул биринчиден такталган маалыматтардын негизинде болушу керек. Анан болушу мүмкүн деген сөз күмөнсүү туудурат. Мурда боевиктер жайында келип, күзүндө кетип калышкан. Балким башка маалыматтар бар чыгар. Минтип айтылып калгандан кийин биздин өнөктөштөргө, уюмдаштарга билдирилип, чогуу-чаран аракет көрүлүшү керек. Расмий кишиден андай сөз чыгып жаткан соң чогуу даярдык көрүшүбүз зарыл.

- Мирослав мырза, Кыргызстандын коопсуздук кызматынын жетекчиси мусулмандар менен христиандардын кагылышы мүмкүн божомолун айтты. Ушундай божомолго негиз барбы?

Мирослав Ниязов: Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин божомол айтышы түк жарашпаган нерсе. Эгемендик келгенден бери ушул коопсуздук кызматына бир да жолу профессионал жетекчи коюлган жок. Милиция кызматкери, бажыда иштеген, мугалим болгондор жетекчиликке келишти. Ошон үчүн божомолдоп эле келатабыз. Бул кызмат так иштеш керек. Чалгын, башка өлкөлөр менен биргелешип иштөө зарыл. Анткени коопсуздук деген маселе өтө олуттуу нерсе. Улуттук коопсуздук кызматы момундай божомолдорду токтотсо жакшы болмок.

Дагы бир божомол боолгосу

- Талант мырза, жаңжалды дагы козутуш үчүн кайсы бир күчтөр эми эки дин ортосундагыларга от жагып ийиши мүмкүнбү?

Талант Разаков:
Менин түшүнүгүмдө коопсуздук кызмат жетекчиси бул маселени глобалдык планда караган болуш керек. Эл аралык террорчул күчтөрдүн негизги максаты Кыргызстанды мусулман, христиан мамлекеттери менен кагыштыруу. Глобалдык масштабда бул жерде террорчул мусулман уюмдарынын аракети болушу мүмкүн.

- Мирослав мырза, миш-миштер оперативдүү так маалыматтар элге жетпей калгандан чыгуудабы же аны атайын эле бирөөлөр уюштуруудабы?

Мирослав Ниязов: Бул мамлекеттик бийликке ишенимдин жоктугун көрсөтөт. Ишеним болсо учурма кептер чыкмак эмес. Кыргызстанда азыр коопсуздук система жок. Тышкы күчтөр киреби, ички күчтөр чатак чыгарабы – кандай сценарий болбосун бүгүн Кыргызстанга бүт баары жарашат. Коопсуздук болбогондон кийин жүдөгөн мамлекетке айланып калдык. Коркунучтун баары, тышкы күчтөр коркунуч тудуруп, ички күчтөр болсо бийликти шыпырып түшкөнгө шарты бар. Кыргызстан бүгүн өтө коркунучтуу ахывалда турат.

- Талант мырза, миш-миш, уу-дуу кептер чочулаган элдин ичинен чыгып жатабы же атайын күчтөр атайылап таратып атышабы?

Талант Разаков: Жагдайдын курчтугунан миш-миштердин чыгышы табигый көрүнүш. Биздин укук коргоо органдары азыркы учурда катуу иштеп жатышат. Күн-түн дебей Мекени үчүн иштеп жатышат. Анан алардын иши бизге чет өлкөлөрдөн чакырылган меймандардын келиши менен азыноолок ишенбөөчүлүккө тушугуп жатат. Алардын ишинин натыйжасын тигилер жокко чыгарып коюшу мүмкүн.

Анан биздин укук коргоо органдарына ишенбестик жаратыш үчүн да жанагындай миш-миштер таратылышы мүмкүн. Биздин жергебизге башка бирөө келип тынчтык орнотуп, болбосо биз жасай турган ишти жасап беришпейт. Мамлекеттик аппарат, өзгөчө укук коргоо органдары абдан жакшы иштеп атышат. Катылган куралдарды таап, издөөдөгүлөрдү кармап атышат.

Кош-кош комиссиялар

- Мирослав мырза, Кыргызстандагы кайгылуу окуяларды иликтөөчү мамлекеттик комиссияга удаалаш эл аралык комиссия, укук коргоо органдарына эл аралык полиция кеңеш тобу келип жатат. Бир ишке эки тараптын тартылышынын натыйжасы болобу?

Мирослав Ниязов: Бул - Кыргызстандын алсыздыгы. Ишенбестик көрсөтүшкөнү. Биралдын жардам экинчи жагынан бул кырдаалдан кыргыздар өздөрү чыга албайт, дегенден чыгып жаткан ой. Бизде канча комиссия болбосун мына бул жыйынтыкка ишеним болбой калышы мүмкүн. Иш жүзүндө булар киришти.

- Талант мырза, эмне үчүн Кыргызстандын укуктук маселесине сырттан кийлигишүү болууда?

Талант Разаков: Булар 4 айлык мөөнөт менен иштеп атышат. Бул аралыкта кандайдыр бир натыйжаларга жетиши кыйын. Азыркы учурда тергөө иштери бүтө элек. Сырттан көмөк келишинин зарылдыгы деле жок болчу. Анткени жагдай тынчып калды. Биздин өзбек, кыргыз жарандар баары тең четтен келген соттун бизге кереги жок дешүүдө. Оштогу окуялар негизинен бөлүп-жаруучулук аракеттердин натыйжасында болду. Ага тиешеси барлар бир четтен кармала баштады. Ошолор жазаланышы керек.

- Рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG