Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Эл аралык кырдаалга байланыштуу чек арачылар ыкчам жыйын өткөрүүдө


Чек ара.
Чек ара.

Ооганстан, Жакынкы Чыгыш жана КМШдагы айрым өлкөлөрдөгү жагдайларга байланыштуу кыргыз чек арачылары Ошто ыкчам жыйын өткөрүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, анда түрдүү кырдаалдарга даярдык, тажрыйба маселеси талкууга алынат. Жыйынга чек ара тармагында жетекчи кызматтарда иштегендер чакырылган.

25-29-октябрдагы жыйындарда чукул кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү амалдары талкууланат. Катышуучулар өз тажрыйбаларын бөлүшөт. Андан тышкары, өткөрүү пункттарында жарандарды кабыл алуу, автоунааларды текшерүү ыкмалары көрсөтүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG