Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Ж. Жээнбеков: Бакиевдердики жетишет!


Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин жактоочулары тынчыбай митинг өткөрүп жатышат. 19-апрелде алар өздөрү облуска губернатор шайлашып, областтык бийлик имараттарын ээлеп алуунун аракетин көрүп жатышат. Жалал-Абадагы кырдаал жөнүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Жусупжан Жээнбековдун көз карашын сурадык.


- Мен дагы ошондон кабатыр болуп атам. Кыргызда сөз бар, жыгылгандан кийин болду деш керек да. Ушунча кан төгүлүп кетти, канча жетим-жесир калды, канча ата-эне сыздап калды. Ушулардын баарын түшүнүш керек. Агасы арызын жазып бергенден кийин болду, митинг пикетти токтотуш керек. Тез аранын ичинде жазгы талаа жумуштарына киришүү керек.

Мен айтаар элем, ошол жерде чогулган элдерге, чогулуп аткан аялдарга дагы: айланайындар эгерде силердин балдарыңардын мээси чачырап асфальтта жатканда эмне болот эле, ойлонбойсуңбарбы, Кудайдан тилек кылып, ынтымакты, улуттар аралык достукту күчөтүп, кайрадан бирге Кыргызстанга жардам бербейлиби бардыгыбыз. Мен ушуну бүткүл кыргыз элине айтаар элем. Биз азыр кошуналарга уят болбостон, ынтымакка келип Кыргызстанды кайра түптөшүбүз керек. Бул биздин мамлекет, биздин мүлк, биздин балык.

Бүгүн бир жерди тоноп, килемин же компьютерин көтөрүп кетсең, аны менен байыбайсың, анткени бул кан төгүлүп калган жерден болуп атат, аны менен жарып кетпейсиң, кайра каргаша тиет. Басып алуулар боюнча бул өтө туура эмес. Нан тиштеп, ант ичип Бектур Асанов болду. Башкарсын элди, жооп берсин ар бир кыймылга, анан артынан 5-6 адамды чогултуп алып эле кыйкырып-бакырып, ары жакка бир ооп, бери жакка бир ооп, ары жакка барып акча ала коюп, миллион акчаны алып курултай өткөрөм деп кайсы райондорго бөлүп берди, белгисиз. Мындай болбойт.

- Жусупжан мырза муну Бакиевдин бир туугандары уюштуруп атат деген маалымат бар. Ушунун канчалык чындыгы бар?

- Бул 100 пайыз эле чындык. Кечээ мага маалымат беришти, менин деле эли-журтум, тууган-уругум Жалал-Абаддын эли, айтып атышат УВДны басып алыптыр, телевидение, обладминистрацияны басып алышыптыр, Акмат Бакиев жүрөт экен. Уялыш керек да эми, беш жыл жыргап жашады, болду да эми.

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмне үчүн Жалал-Абадга жеринде барып ушул маселени чечалбай келатат?

- Мурат Жураев экөөбүз Өмүрбек Текебаевге кирип айтканбыз, айланайын бизге эл керек, чогулуп баралы, айталы, ынтымакка келели тез аранын ичинде. Ойлон дедим. Ошол бойдон эч кандай кабар болгон жок Ө.Текебаевден. Мен өзүм ошонун ортосунда барып келдим. Бирични өзбек-кыргыз болуп, анан эки тарап болуп чатак чыгып кетишине аз калды. Элди мен Базар-Коргонго алып чыгып кеттим.

- Кыргызстандагы башалмандыкты, элдин толкундоосун токтотуу боюнча кандай бир чечимге келиш керек. Ушундан чыгуунун жолу барбы?

- Чыгуунун жолу бар. Биринчиден, жаңы убактылуу бийлик элди караш керек. Отуруп алып эле арабаны алдыга салып, бүгүнтөн баштап референдум, конституция жазабыз, ошондон жылтырап кетебиз дебеш керек. Жок, биз кагазга жазып койгондон жылтырабайбыз биз. Биз биринчи элди аралашыбыз керек, жер-жерлерге барып элди тынчтыкка чакыруу керек. Бир-эки адам калып жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүп, ошол каражатты чечсин, солярка, жер семирткичтерди чечсин. Калгандары элге чыгып, түшүндүрүү иштерин көбөйтүш керек.

- Жер басып алуу көрүнүштөрү азыр Бишкекте күчөп жатканы?

- Бул өтө терс көрүнүш. Эл-журт дагы ойлонбойбу, бул бирөөнүн үлүш жери болсо, 70-80 сотых жер менен 5-6 баланы багып отурган болсо, анан күчкө салып кыйкырып барып эле басып алып, мен бул жерге там салам деген болбойт. Бул карама каршылык.

Кечээ Орусиянын телевидениеси ачык айтып атат бизди жарандык согуштун кырында деп. Биз мындай болсо жарандык кагылышууга баратабыз. Милиция кызматкерлери да буйрукту аткарды да, буларда эмне айып. Буларды караш керек, жарадарларга да көңүл бурулуш керек. Иштен айдашып атат, сен түндүк, сен түштүксүң деп, сен баягыда баланча менен күлүп сүйлөшүп, карап койгонсуң деп. Бул эмнеси? Бизде Кыргызстанда болгону 3 миллионго жетпеген кыргыз элибиз бар.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG