Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Кыргыз эл биримдигинин демилгеси менен өткөрүлгөн 3-кезексиз курултайга 1200 ашуун өкүлдөр катышты. Жыйында айрым саясий күчтөр сунуш кылган Кыргызстанды сактоо элдик комитетин түзүү сунушу колдоо тапкан жок. Андай түзүм өлкөдө кош бийликтин орношуна алып келери, ансыз деле курч кырдаалды курчуткандан башкага жарабастыгы белгиленди.

Курултайдын 1-маселеси

7- апрелде окко учкан шейиттерге арналып куран окулгандан кийин курултай катышуучулары өлкөдөгү оор кырдаалды кенен-кесир талкууга өтүштү. Жыйындын негизги баяндамасын жасаган “Элдик кеңеш” кыймылынын өкүлү Мукар Чолпонбаев Убактылуу өкмөттүн дарегине биртоп сын айтты. 90 жакын кырчындай жигиттерди аттырып салгандардын бир да бирөө кармалбай, мурдагы президент К.Бакиевдин чет өлкөгө чыгып кетишине жол берүү натуура иш болгонуна токтолду. Эми укуктук негизге түшүш үчүн 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирип, 2 ай ичинде шайлоо өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз эл биримдиги коомдук бирикмесинин өкүлү Кадыраалы Кошалиев Кыргызстан Конституциясы батыш демократиясынын үлгүсүн карманбай, улуттук каада-салт, нарк-насилдерге таянышы керектигин ырастады.

Жыйында жаңы өкмөт дарегине арбын айтылган сын пикирлерге жооп кылып Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев учурдагы саясий кырдаалды момундайча сыпаттады:

- Мен Убактылуу өкмөттүн жасап аткан иштерин жакшы деп айта албайм. Убактылуу өкмөт кыйын иштейт деп айта албайм. Кадр саясаты жакшы болуп атат деп айта албайм. Бирок бир нерсе айта алам. Жоопкерчилик бар

Курултайдын 2-маселеси

Курултай катышуучуларына өлкөдөгү курч саясий жагдайдан чыгуунун жолу катары Кыргызстанды сактоо элдик комитетин түзүү, анын жобосун бекитүү сунушталды. Жаңы түзүмдүн жобосун курултай катышуучуларына “Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин өкүлү Шамшыбек Медетбеков окуп берди.

- Кыргызстанды сактоо элдик комитети өзү иштеп турганда сот бийлигине тиешелүү ыйгарым укуктардан тышкары мамлекетти башкарууга тиешелүү бардык укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат. Кыргызстанды сактоо элдик комитети Убактылуу өкмөт жөнүндө жобону бекитет, анын структурасын аныктайт. Убактылуу өкмөттү, анын айрым мүчөлөрүн дайындайт жана кызматтан алат.

Элдик комитет мындан тышкары борбордук, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин текши баарын кызматка дайындоо, кызматтан алуу укугуна ээ. Ойдо жок жерден болгон бийликтин баарына ээ чыккан жаңы түзүм, элдик комитеттин жобосун жактырып курултай катышуучуларынын биртобу кол көтөрүп да ийишти.

Анткен менен көпчүлүк элдик комитет жөнүндөгү жобону жактырышкан жок. Зал ичи уу-дуу болуп, талаш күчөй баштаганда эл алдына Дастан Сарыгулов чыгып элдик комитет жобосунун долбоорун М.Чолпонбаев баш болгон айрым уюмдардын өкүлдөрү даярдап, калгандары аны окубай калышканын маалым кылды. Аны Д.Сарыгулов жыйындан соң да ырастады.

- Талкууланган эмес. Кимисинен болсо да сурасаңар. Кыргыз эл биримдигинин үч канатынын иш алып баруучуларына, үч канаттын үч аксакалына бул жобо окулган да эмес. Айтылган да эмес. Талкууга алынган да эмес. Бул жобо М.Чолпонбаев тарабынан даярдалган атайын бийликти тартып алуу, Бириккен элдик кыймыл менен болгон өчүн алайын деген аракет.

М.Чолпонбаев болсо Кыргызстанды сактоо элдик комитетинин жобосунда белгиленгендердин баары курултайда жасалган баяндамада кенен-кесир чагылдырылганын, жыйын чечиминде жактырылганын айтат.

- Анан кийин ошол жобонун долбоорун окуса М.Чолпонбаев кош бийлик түзүш үчүн түзүп коюптур деп Дастан Сарыгулов бийлик менен байланышып алып ошондой күнөө кое коюп, анан кийин М.Чолпонбаев баарына күнөөлүү деп таап атат да.

Курултай катышуучуларынын көпчүлүгү оголе чоң талашка түшкөн Кыргызстанды сактоо элдик комитети, анын жобосунан кабарсыз калышканын айтышты.

Ансыз да токтолго таппай турган калтыс кырдаалда Убактылуу өкмөттүн ишин тескеп, президент менен парламенттин милдетин толугу менен өзүнө алган жаңы түзүм өзүн-өзү жарыялап чыгышы кандай натыйжаларга алып келерин болжош кыйын. Убактылуу өкмөткө жасалган андай кысым баштатан эле ичара ынтымагы жок оппозициялык күчтөрдүн ортосундагы бийлик талашты гана күчөтмөк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG