Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Экинчи ирет күч менен бийликти алмаштырган Кыргызстан калкы дагы чоң суроо алдында турат. Президенттик башкарууну парламенттикке өткөрүү демилгеси байма-бай айтылууда. Өлкөнүн келечегин эмки сыноодо жаңылбай аныктап алыш жоопкерчилиги көпчүлүктү ойлонтуп турган чагы.

«Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунун бул күнкүсү мына ушул темага арналат. Оболу студия конокторун тааныштыра кетейин. Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, белгилүү ишкер Тимур Муратов.

Мыйзам урматы

- Убактылуу өкмөттүн алдында өз бийлигин мыйзамдаштыруу милдети турат. Асан мырза, жаңы Конституция канчалык деңгээлде мына ушул милдетти ишке ашыра алат?

Асан Жакшылыков: - Биз мыйзамды сактап жашоого көнүшүбүз керек. Себеби мыйзамдын алдында мамлекеттикти сактоо, элдин маданиятын калыптандыруу сыяктуу орчун маселелер турат. Мыйзам сактоого көнбөсөк кыргыз элинин келечегине чоң сокку урулуп калышы мүмкүн. Эмне үчүн улам-улам Конституцияны оңдоого мажбур болуп жатабыз? Себеби, мыйзамды сыйлабай, Конституцияны Ханституцияга айлантып ийдик. Ошол бийликке келгендердин кызыкчылыгы, бийликте отурган адамдардын кызыкчылыгына ылайыкталып жазылган мыйзамдар көбөйүп, элдин укугу тебеленип, бийликтин укугу чексиз чоңоюп, тең салмактуулук бузулду. Эл укугун коргой албай калды. Азыр да Конституцияга Ханституциялык гана өзгөрүүлөр кирет окшоп калды. Ө.Текебаевдин айтуусунда, анда бийликке тиешелүү нерселер гана оңдолот экен. Конституциялык сот токтотулуп, А.Акаев, К.Бакиев тушунда эчен ирет бузулган 1993-жылы “легендарлуу парламент” кабыл алган Конституцияга кайрылып келиш керек болчу. Ошол Конституцияда бийликтин тең салмактуулугу, элдин укугу, жер сатылбастыгы так көрсөтүлгөн болчу. Жерди сатуу Кыргызстан менен Армениянын Конституцияларында гана көрсөтүлгөн. Ошондон жерибизге ээ боло албай жаман ахывалда турабыз. Эми Конституцияны өзүнө келтирип, аны элдин мүдөөсүн түшүнгөн адамдар жазышы керек. Элдин идеологиясы табылбаса конституциялар адаша берет.

- Мыйзам негизинде иштөөбүз керек, деген ой айтылды. Тимур мырза, мына жаңы өкмөт келди, анын кадр саясаты кандай болуп жатат? 2005-жылдагыдай өзүнүн эле кишилерин коюу кайра башталды окшойт.

Тимур Муратов: - Конституция эки бөлүктөн турат. Биринчиси кыргыз жарандарынын укуктары жана милдеттери. Экинчиси кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, ошону башкаруу. Мурда Конституция бийликте отургандар тарабынан жазылчу. 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин бизде да аны жазууга катышуу мүмкүндүгү пайда болду. Аны убактылуу өкмөт сунуш кылабы же башка саясий күчтөр жазышабы, негизгиси жарандардын укугуна чоң көңүл бурулушу керек. Ал эми формасы парламенттикпи, президенттикпи же аралашпы ал экинчи катардагы маселе. Анан кадр саясаты боюнча. Кадрларды четтен издебеш керек. Кыргызда “Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат” деген сөз бар. Бизде чоң кызматка умтулбаган, бирок иштин көзүн мыкты билген кадрлар айрыкча ортоңку звенодо арбын. Ал эми азыр болсо кызмат талашмай күчөп жаат. 7-апрелде курман болгондордун сөөгү жерге бериле электе жарандык авиацияда жетекчиликти келип талашты. Бир тарабында убактылуу өкмөт бизди дайындады десе, экинчи жакта К.Бакиев койгон жетекчиликти сактап калабыз дешти. Кийинки жылдары эле жарандык авиация жетекчилиги 6 ирет алмашылды. Анын бирөө кыргыз, калганы башка улут өкүлдөрү эле. Алардын төртөө качып кетип калышты.

Эмкиси парламенттик башкаруу

- Асан мырза, 2 президенттен кийин “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” болуп, үч көчкөн журттай көңүлүбүз калып турган кез. Эми парламенттик республикага өтүү демилгеси башталды. Азыркы жагдайда ушул гана эң туура жол деп айта аласызбы?

Асан Жакшылыков: - “Кеңешип кескен бармак оорубайт”. Кеңешип кескенге жетсек жанакы авторитаризм мынчалык күчөбөйт болчу. Шашып коомдун бир формасынан экинчисине өтүүдөн да аябай сак болушубуз керек. Батыштын көп өлкөлөрү парламенттик башкарууга өтүшкөн. Алар бай өлкөлөр, салты өнүгүп, жарандык коому кыйла жылдардан бери калыптанып, көп жылдардан кийин барып жетишкен мамлекеттер. Аларга парламенттик башкаруу бап келип турат. Кыргыз деле тарыхта кеңешип иш кылып келген. Бирок азыр бизде эки чоң оорубуз бар. Биринчиси жакырчылык. Экинчи илдет көпкөндүк же коррупция. Бул экөө киндиктеш. Бийлик коррупциялангандардын колунда. Анан бир президенттин тегерегиндегилердин уурдашынан ушундай ахывалга жетсек, адам ачкөздүгү жоюла элек заманда көп киши башкаруудан деле жакшылык күтпөйм. Экинчиден бизде кызматты сатуу калыптанып калган. Мурда бир кишиге пара ташышса эми токсонбу, жүзбү, депутаттардын көңүлүн алыш башталат. Кадр калыс талданат деп, бүгүнкү кырдаалда ишенбейм. Анда бийликти бири-бирине бербеген майда адамдардын атаандаштыгы пайда болот. Президенттик башкарууда улуттук лидер чыгат. Элин жерин жандай сүйгөн азаматтарды тандоого жетишибиз керек. Ал үчүн парламенттик жол эмес, президенттик даражаны жоготпошубуз керек. Анан мансапкор, өзүнүн гана камын ойлогон башкаруучу бийликке келип калса кыргыз
эли алмаштырып коет. Кыргыздар эркиндикти сүйгөн, духу күчтүү эл.

- Тимур мырза, президенттик башкаруу менен парламенттик башкаруунун ортосунда дагы талаш чыгат окшоп калды. Сизге анын кайсынысы жагат?

Тимур Муратов: - Бул азыр философиялык суроо болуп турат. Анын оң-терс жагы экөөндө тең жетиштүү. Окууну жаңы бүтүп келгенде ыраматылык чоң апам: “Балам, эч качан кулга кызмат кылба” деди эле. Кул деген колунда жок жакыр киши эмес. Кул аң сезими кулдук деңгээлде, жасакерликтин жарым карыш өйдө көтөрүлө албаган киши. Эки башкаруунун кандай экенин эл алдына ачык айтышыбыз керек. Мен анын кайсынысын кабыл аларымы азырынча тактай элекмин. Бирок жекече оюм мындай. Парламенттик башкарууга барсак 3-4 партия эмес, ондон кем эмес партия бийликке келиши туура болот. Сөзсүз коалициялык өкмөт башкарышы керек. Ошондо баланс болуп турат. Президенттик башкарууга келсек. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дейт го, жаңы шайланып атканда жакшы убадаларды берип, анан орто жолдон тескери кетип атышпайбы. Көпчүлүк үчүн кеңешип иш кылган жакшы, кеңешип кескен бармак оорубайт. Азыркы кырдаалда менимче парламенттик башкаруу эле оң болуп турат.

- Сунуш кылынчу жаңы Конституцияда президентти эл шайлашы көрсөтүлгөнү айтылууда. Асан мырза, президентти эл шайлаганы дуруспу же жеңип келген партиялардын шайлаганы оңбу?

Асан Жакшылыков: - Буга чейин саясатчылардын, бийликке умтулгандардын гана талашы болуп келди. Мынабу 20 жылдык саясатка кыргыз эли катышкан жок. Анын укугун чектеп койдук. Кыргыз эли саясатка кирбесе кор болуп калат. Мындан кийин президентти шайлайбы, парламентти шайлайбы алгач элдин үнү угулушу керек. Андан кийин саясатчыларга кезек берилиши туура болот. Элдин саясаты болушу керек. Ошон үчүн эл шайлаганы оң болуп турат.

- Тимур мырза, сиздин пикир кандай?

Тимур Муратов: - Эгер эл президентти өзүбүз шайлайбыз десе мен да Асан агайды колдойм. Президенттик башкаруу болгондо парламент президентти шайлабаш керек.

-Мырзалар, ырахмат, ишиңиздерге ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG