Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Жаңы Конституция: окугула, ойлонгула, ойгонгула!


Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору бүгүн-эртең жарыяланганы турат. Парламенттик башкарууга жол ачкан Башмыйзамда деле президент жалпы эл тарабынан шайланат. А бирок анын укук-милдеттери кыйла чектелип, бийлик парламент тарабынан шайланган өкмөт башчыга оойт.

Убактылуу өкмөт жаңы Конституция кеңири талкуудан өтүп калса июль айынын аягында жалпы элдик референдумга алып чыгууну көздөөдө.

Аты калды, өзү жок

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, бүгүн-эртең жаңы Башмыйзамдын долбоору бекитилип жалпы элдик талкууга коюлат. Жер-жерлерден келип түшкөн пикир-сунуштар конституциялык кеңешме мүчөлөрүнө түшүп, жай саратанда жалпы элдик референдумга алынып чыгышы ыктымал. А.Акаевдин тушунда 4 ирет, беш жылдык К.Бакиев заманында деле ошончолук оңдолгон Конституцияны андан ары бийлик башына келгендердин оңдоп-түзөп иймейи кыйын ишке айланарын Ө.Текебаев атайын белгиледи.

- Бир партия көп добуш алалбайт деген чектөө бар. Ал бир гана максат менен киргизилген. “Акжолго” окшоп көпчүлүк добуш алып Конституцияга каалагандай өзгөртүү киргизүүгө тыюу салуу. Ал эми референдум жолу менен өткөрүүнү биз татаалдаштырып атабыз. Президент өз демилгеси менен референдум өткөрө албайт. Бул үчүн парламенттин көпчүлүк добушу, өкмөттүн да макулдугу болуш керек. Референдум өткөрүү абдан татаалдаштырылды.

Конституцияда бийлик тең салмактуулугун сактоо, жеке бийликтин орнотулушуна, кайсы бир партиянын үстөмдүгүнө жол бербөө аракети жасалган. Ө.Текебаев жаңы Башмыйзамда көпчүлүк орунду алган партия катарында оппозицияга, мыйзам чыгаруу бийлигиндеги азчылыкты түзгөн саясий күчтөрдү да башкаруу ишине аралаштырууга шарт түзүлөрүн ырастады. Анын маалымдашынча, ушул жуманын аягына чейин саясий партия, бейөкмөт, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган Борбордук шайлоо комиссиясы саратан жайда өтүүчү кезектеги референдумдун кам-чомун көрө баштайт.

Эми революция болбосун

Жаңы Конституция долбоору кеңири талкуудан соң жалпы элдик референдумда жактырылса сентябрдын аягында же кийинки айда президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Аны жаңы өкмөт жарандык коом, саясий партия, бейөкмөт уюмдардын катышуусунда уюштурууну көздөөдө. Ө.Текебаев эмки шайлоо калыс өтөт деген ишенимде.

- Бийликтегилердин жоопкерчилиги бул демократиялык таза шайлоолор, күчтүү оппозиция. Эгерде элдин пикири эске алынбаса күчтүү оппозиция аларды оодарып түшөт. Биз ушундай түзөлүк деп жатабыз. Мындан кийин эч качан революция болбосун. Шайы кеткен, кадыры түшкөн бийликти таза шайлоодо күчтүү оппозиция оодарып түшсүн, деген ниетте “Демократияга кайтуу” деген программа түзүп жатабыз.

Убактылуу өкмөттүн “демократияга кайтуу” программасы кыйладан бери кеп болуп келаткан улуттук телеканалды коомдук телеканалга айлантуудан башталат окшоп калды. “Интер билим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтуусунда, демократияга кайтуу программасы убактылуу өкмөт менен бейөкмөт уюмдардын биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашырылмакчы.

- Коомдук телекөрсөтүү деп атабыз, сөз эркиндиги, Шайлоо кодекси, адам укугу, соттор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, Конституцияны реформалоо талаптарын иштеп чыгууга өз каалообуз менен катышып, бул ишке көмөк көрсөтүүгө өзүбүзчө топ түзүп жатабыз.

Ошентип башкаруунун жаңыча жолуна өтүү, профессор Жеңиш Жунушалиевдин пикиринде, кысталыш кырдаалдан чыгуунун учурдагы аргасыз амалына айланууда.

- Кыргыздар президенттикке, анан парламенттикке деле анчалык даяр эмес. Президенттикти эки жолу көрдүк. Ханга, падышага айланып кетишти. Эми парламенттикке өтөбүз деп атышат. Бизде трайбализм, уруучулук бар эмеспи, анан бир киши башкара албаса, 15-16 киши кантип башкарат? Депутаттарыбыз жүзгө жакын болот. Ошолор кантип башкарат? Тияк-биягын деп так айтыш кыйын.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу өлкөнүн учурдагы укуктук кысталыш кырдаалдан тезирээк чыгышына өбөлгө түзөрүнө басым жасаган жаңы өкмөттүн парламенттик республикага өтүү демилгесин жактырбагандар деле биртоп. Анткен менен президенттик башкаруунун көлөкөсү үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан көрүнүп калгандан бери парламенттик башкаруу демилгеси күчөй баштады.

XS
SM
MD
LG