Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Убактылуу өкмөт сунуш кылган конституциялык өзгөрүү, кошумчаларга алымсынбай, айрым саясий күчтөр жаңы Конституция долбоорун сунуштай тургандыктарын билдиришүүдө.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов парламенттик республика, конституциялык жаңы долбоор боюнча ой бөлүшөт.

Конституциялар парады

- Эмил мырза, мына Конституцияга киргизилчү алымча-кошумчаларды улай айрымдар жаңы Конституция долбоорун жаза тургандыктарын айтууга өтүштү. 1993-жылдан бери Башмыйзам жазуу, өзгөртүү менен эле алектенип келатабыз. Мүмкүн кеп Конституцияда болуп жүрбөсүн?

Эмил Алиев: - Кеп Конституцияда деле эмес. Биз жалгыз эле Конституция эмес башка жерде деле өзүбүздүн кимдигибизди көрсөтүп атабыз. Аныбыз жадесе жол эрежесин бузуудан деле көрүнүүдө.

- Шерадил мырза, Убактылуу өкмөт жаңыланган Конституцияны элге декрет аркылуу чыгарууда. Калган Конституция долбоорлорун кандай укуктук негизде сунуштаса болот?

Шерадил Бактыгулов: - Кыргызстан өзүнүн Конституциясын 1993-жылы кабыл алганга чейин мурунку социалисттик Коснтитуция менен жашап келген. Ал эми жаңы долбоор болсо 26-апрелде жарыкка чыгып, эртеси эле оңдолуп жарыяланды. Анын себеби адам укуктары боюнча бөлүмгө толуктоолор киргизилүүгө байланыштуу түшүндүрүлгөн. Бирок 91-беренедеги жергиликтүү администрация жетекчисин кызматка коюу маселеси өкмөт аркылуу чечилет деп жазылган. 27-апрелде чыккан вариантта ал мыйзам аркылуу аныкталары белгиленген. Ушу тапта ага сунуштар киргизилип жатат. Буга жаштар, саясий партиялар активдүү катышса жакшы болор эле.

Туруктуу Конституция тилеги

- Эмил мырза, конституциялык долбоорлордун көптүгү анын мыктылыгын көрсөтпөйт. Убактылуу өкмөттүн сунушун улай башка долбоорлор да арбын жазылары айтылууда. Бул эмнени көрсөтөт?

Эмил Алиев: - Бизде канча топ болсо ошончо көп ой болот. Алардын баарын угуп өзүбүзгө жаккан концепцияны алышыбыз керек. Саясий партиялар талкуусунда бир жакшы ой айтылды. Конституцияга негизги маселелер гана жазылышы керек. Калган маселелер конституциялык мыйзамдар аркылуу оңдолуп турушу керек. Ошондо Конституция туруктуу болот. Азыркыдай майдалап жазыштын кажаты жок. Конституция кыз сындуу баарына жага бербеши керек. Бирок азыркы шартта аны тезирээк жазып, тезирээк кабыл алышыбыз керек. Өкмөт мыйзамдуу жолго түшүшү зарыл.

- Биздин мындан аркы өнүгүшүбүздүн негизги багытын аныктап алышыбыз керек го. Парламенттик республикага өтөрүбүз айтылууда. Ага шартыбыз, чама-чаркыбыз туура келеби?

Шерадил Бактыгулов: - Парламенттик республика бизде буга чейин деле болгон. 1993-жылкы Конституцияда кийинки жылы өзгөрүлгөнгө чейин парламенттик республиканын негизги принциптери болгон. 2006-жылы да парламенттик конституция эки айдай иштеген. Иши кылып ал принцип азыноолок иштеген. Бирок анын парламенттикпи-республикалыкпы карапайым адамдар үчүн анча деле мааниси жок. Эмил мырза туура айтат. Баары адамга жараша. Эгер мыкты жетекчи келип башкара турган болсо бүгүнкү Конституция менен деле жакшы эле өнүгүп кетмекпиз. Буга чейин өлкөнүн ички-тышкы саясатын президент аныктап келсе жаңы долбоордо аны парламент аныктары көрсөтүлгөн. Талуу маселе ушул. Негизги маселе ушул. Ким аныктайт? Андай болгондон кийин бийлик жоопкерчилиги да аныкталышы абзел. Маселен, парламентте берген добушу үчүн депутат жооп бербейт. А.Акаев менен К.Бакиев өздөрүнө укуктарды көбөйтүү менен алектенип келсе эми ал Жогорку Кеңешке өтүүдө.

Бир “винтиктин” мандеми


- Эмил мырза, парламенттик башкарууга каршы болгондордун көпчүлүгү “мындан ары өлкөнү көптөп жей башташат. Мурда бир президент жесе эми көп президент жейт”, жүйөөсүн алдыга жайышат. Буга өтүүнүн пайдалуу, опуртал жагына токтоло кетсеңиз.

Эмил Алиев: - Антип теориялык ой жүгүртүүгө айлантып отура берсек деле болот. Жана башында айтып кеттим го. Баары өзүбүзгө байланыштуу. Бизге мисалы, Американын Конституциясын алып келсе деле ушул кейпибизде каларыбыз бышык. Алгач башыбыздагы бир “винтикти” оңдоп коюшубуз керек. Анан кандай Конституция кабыл алабыз – ал анчалык деле чоң мааниге ээ эмес. Президентке чексиз бийлик берилгенден алар кандай иш жасаганын көрүп көпчүлүк эл ошондон чочулап жатат. “Арнамыс” партиясы 1998-жылы түзүлгөндө эле парламенттик республика болууну жактай турганыбызды жазганбыз. Аны 2003-жылы да бекиткенбиз. Менимче биздин элдин менталитетине парламенттик республика жакыныраак. Бирок айтып коеюн, биз өзүбүздү өзүбүз оңдобосок баары бир. Парламенттик же президенттик дегенден бир нерсе өзгөрүлбөйт.

Жол ачкыла – жаштар келатат!

- Шерадил мырза, ушу тапта жаштарды бийликке алып келүү жөнүндө көп айтылып жатат. Шайлануу курагын парламентке 25 жаштан эле аны 21 жашка, атүгүл 18 жашка түшүрүү, президенттик 35 жашты төмөндөтүү сунушталууда. Бул маселени ишке ашырыш үчүн сөзсүз эле конституциялык өзгөрүү керекпи?

Шерадил Бактыгулов: - Зарылдыгы бар деп эсептейм. Социализм тушунда пионер, комсомол деген даярдык мектептери бар болчу. Антип жаңы жетекчилерди тарбиялоонун бүгүнкү күндө андай системасы жок.

- Эмил мырза, жаштарды бийликке арбын тартуунун зарылдыгы катары анын мурдагы бийликти кулатуудагы ролу айтылууда. Эми аларга өзгөчө укук берилип калса бул кийинки бийликти деле ушинтип эле кулатууга жол ачып койбойбу? Бул маселени чечүүнүн дагы кандай механизмдери бар?

Эмил Алиев: - Жаштарга ишеним болушу зарыл. Аларды 18 жаштан аскерге чакырып, колуна автомат берип, Мекенин коргоого ишеним кылабыз да эмне үчүн алардын Мекенин башкаруусуна келгенде андай ишеним кылбайбыз? 25 жаштан депутат, 35 жашыңдан президент боло аласың. Жаштардын акылы, билими, жөндөмү болсо эмне үчүн аларга 18 жаштан башкарууга аралашууга мүмкүндүк бербейбиз? Кеп бул жерде жаштарга, кийинки муунга жакшы билим бере албай калганыбызды айта кетишим керек. Мамлекет тарабынан аларга көп көңүл бурулбай келди. Аларга ишеним артса сөзсүз натыйжа болот.

- Шерадил мырза, талкуу кандай жүрүүдө?

Шерадил Бактыгулов: - Жандуу эле. Бирок сунуштар кантип кабыл алынат? Ушул суроо турат. Сунуштарды кабыл алуу-албоо кандай чен-өлчөмдөргө негизделген, кепилдиги барбы – ушул жагы белгисиз бойдон калууда.

- Эмил мырза, талкуу кандай жүрүүдө. Мурункулардан айырмасы болуудабы?

Эмил Алиев: - Айырмасы жок деле. Бирок азыркы талкуу элге жакын болууда. Көпчүлүк эл бир нерсени оңдоо, өзгөртүү керектигин сезип жатышат. Анан бул жерде түшүндүрүү да керек. Адистердин ой-пикири, түшүндүрмөсү зарыл. Сөздү так жазган, түшүнүктөрдү таамай туюндурган адистер керек болуп жатат. Мен А.Акаев тушунан бери эле конституциялык өзгөрүүлөргө катышып келатам. Азыркы талкуунун жыйынтыгы кандай болот? Сунуштар кабыл алынабы-жокпу – бул да азырынча белгисиз. Конституциялык кеңешме да ишин баштай элек.

- “Чымчык сойсо да касапчы сойсун” . Шерадил мырза, бул ишке мыкты кесипкөй адистер тартылды деп айта аласызбы?

Шерадил Бактыгулов: - Айта албайм го. Өзгөртүүгө негизинен саясатчылар гана катышууда. Анан да өзгөртүү бийлик, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт боюнча гана жүрүүдө. Эксперт адистер айтылган пикир-сунуштарды укуктук түшүнүк, укуктук тилге салып жазып жатышат. Конституциялык кеңешме тезирээк ишин баштап, ага саясий партия, жаштардан арбын тартылса жакшы болмок.

- Эмил мырза, конституциялык кеңешмеге кимдер кирип жатат?

Эмил Алиев: - Менин билишимде азырынча конституциялык кеңешме түзүлө элек. Сунуштарды сурап жатышкан. “Арнамыс” партиясынан мен катышам. Угушумда 200 ашуун өтүнүч түзгөн. Алардын канчасы кабыл алынат, ал азырынча белгисиз.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG