Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Карыздан – карыз же насыя өнүгүүнүн жөн-жайы


Өнүгүү фондунун каржы жетекчиси Рифат Утюшев менен “Азия универсал” банкынын башкармалык төрагасы Нурдин Абдразаков маалымат жыйынында, 2010-жылдын 29-марты.

Өнүгүү фондунун каржы жетекчиси Рифат Утюшев менен “Азия универсал” банкынын башкармалык төрагасы Нурдин Абдразаков маалымат жыйынында, 2010-жылдын 29-марты.

Орусиялык кредит эсебинен Өнүгүү фонду айыл чарбасына 1 миллиард сом насыя акча бөлүүнү чечкен. Кыргыз өкмөтү жылдык үстөгү 0,7% дан алган орусиялык кредитти Өнүгүү фонду жылдык үстөгүн 6% көтөрүп «Азия универсал» банкына которот.

Банктын 10% кошумчасы менен орусиялык карыз акча кыргыз дыйкандарына 23% жылдык үстөгү менен берилет.

Бекер акча жок

“Азия универсал” банкынын башкармалык төрагасы Нурдин Абдразаковдун айтуусунда, малчы менен дыйкандарга берилчү насыя акча убагында кайтарылышы керек.

- Бул акчанын баары айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо үчүн таратылып берилчү бекер акча эмес. Анын баары ыкчам берилчү, төлөнчү, кайтарылчу акчалар.

Азырынча бөлүнгөн акчанын 34 миллион сому гана насыя акчага муктаж малчы, дыйкандарга берилди. Жаз жарышы кирип келген чакта жаңы иштин жайбаракат алдыга жылышы насыя алчулардын күрөөгө койчу жерлеринин мыйзамдуу каттоодон өтпөгөндүгү, үй-жайынын ээлиги катталбагандыгы сындуу биртоп тоскоолдорго байланыштуу болууда.

Айыл чарбасына ири өлчөмдөгү насыя акча берүү Өнүгүү фонду, ошондой эле аталыштагы борбордук агенттиктин ири долбоору катары сыпатталууда. Чоң акча Кыргызстан бюджетин колдоого бөлүнгөн Орусия кредити реалдуу экономикага жумшалып жатканын айгинелөөчү иш деп бааланууда.

Өнүгүү фонду менен Борбордук агенттиктин иши алардын каржылык маселелер боюнча кеңешчиси “MGN Group” компаниясынын жетекчиси Е.Гуревичтин айланасындагы чатактан соң толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратты. Өнүгүү фондунун каржы жетекчиси Рифат Утюшевдин ырасташынча, Е.Гуревичке байланышкан жаңжалдардын жалпы ишке салакасы тийген жок.

- Евгений Гуревичтин тагдыры Өнүгүү фондунун ишине эч кандай таасир көрсөтө алмак эмес. Биздин иш Өнүгүү фонду жөнүндөгү мыйзам, устав аркылуу жөнгө салынат. Өнүгүү стратегиясы директорлор кеңеши тарабынан жактырылган. Инвестиция боюнча бардык чечимдер Өнүгүү фондунун директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат. Кеңешке тогуз адам, анын ичинде өкмөт башчы, борбордук агенттик жетекчиси, каржы министри киришет.

Рифат Утюшев топтолгон акчаларды Өнүгүү фонду өзү билип орусиялык, кыргызстандык рынокко жайгаштырылып, андан өлкө бир тыйын да зыян тартпагандыгын кошумчалады.

Капка катылган шибеге кантип ачыкка чыгып калды?

Анткен менен Е.Гуревичтин айланасындагы жаңжал Өнүгүү фонду менен Борбордук агенттиктин эле эмес, жалпы Кыргызстандын кадыр-баркын түшүргөнүн парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева белгилейт.

- Е.Гуревичти болсо К.Бакиевдин бийлиги финансылык гений деп түртүп атты эле алдыга. Чынында болсо ал италиялык мафиянын бир бугалтыры болуп чыкты. Бул эларалык абдан чоң жаңжал. Муну биздин оюбуз боюнча, Жогорку Кеңеш жана коомдук ишмерлерден топтолгон комиссия түзүлүп, ушуну башынан аягына чейин, ийне-жибине чейин карап чыгышы керек.

Парламент депутаты өзгөчө үмүт арткан андай комиссия түзүлө элек, текшерүү-тактоо амалындагы андай иш-чаранын жакын арада жасалышы деле күмөн. Анын үстүнө “MGN Group” компаниясынын айланасындагы талаштуу иштерге Кыргызстандын маалымдоо каражаттарына караганда орусиялык журналисттердин кызыгуусу күчөп баратканы деле жашыруун эмес.

Антишке орусиялык 300 миллион доллар кредиттин кайсы бир коммерциялык максатка, болгондо да президенттин уулу башкарган Борбордук агенттик алдындагы Өнүгүү фондунун эсебинен коммерциялык долбоорлорго жумшалганы карыз акча берчү тарапты катуу ойлонтуп жатканы себеп болду окшойт. Анын чоо-жайы ошол эле орусиялык маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыяланууда.

Иши кылып жалгыз орусиялык кредит эмес, Кыргызстан бюджетинен бөлүнчү 20 миллиард сом, кирешелүү мамлекеттик ишканалардын акцияларына ээ фонддун табышмактуу каржылык кеңешчисинин айланасындагы талаштуу маселелерге азырынча чек коюла элек.

Айтса, өткөн жылдын башында президент К.Бакиев орусиялык кесиптеши менен «Камбар-Ата –1» ГЭС курулушуна 1,7 миллиард доллар кредит бөлүү жөнүндө меморандумга кол коюп кайткан. Ага кошумча орус өкмөтү бюджетти колдоого 300 миллион доллар бермей болгону да ошондо ачыкка чыккан. Макулдашуулардын баасы “Манас” абамайданындагы аскер базаны чыгаруу экени ошондо деле айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG