Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыга электе мөрөйү үстөм 4 партия жетекчилеринин Москвага жетип барышы ачуу сындарга кабылууда.

Ишкер Разак Сайдилканов айрым партия жетекчилердин Москва сапары тууралуу ой бөлүшөт.

О, Орусия, бир боор энем

- Шайлоо жыйынтыгы чыга электе төрт партия жетекчилеринин озунуп, Москвага жетип барышын кандай деп баалайт элеңиз?

Разак Сайдилканов: - Эми бул кыргыз элин, шайлоочуларды сыйлабагандык. Экинчи жагынан бул биздин эгемендигибизге, мамлекеттик аброюбузга келтирилген эң чоң шек. Муну дүйнө алдында жасалган саясий шермендечилик десек деле жаңылбайбыз. Эгемен өлкөдө өкмөт түзбөй туруп экинчи бир өлкө эмне дейт экен деп барыштын өзү уят нерсе. Кыргыз өзү тарыхынан сабак албаган эл экенин дагы бир жолу көрсөтүп атат. ХIХ кылымда бугу менен сарбагыш чабышса же экөө жараша албайт, же аларды жараштырып койчу бир кыргыз уруу жок. Ошондо да Орто Азияга кантип кириштин аргасын издеп отурган империялык орусту биз ээрчитип келгенбиз. Эгемен экенибизди эске албай, амалдын артынан өзүн кичинекей сезген саясатчылар ошол жерге барып атышат. Кыргызстан эгемендиги, өзүнчөлүгү, гүлдөп-өнүгүшү үчүн күрөшкөн жалгыз кыргыздар. А бийлик үчүн өзүнүн арнамысын сактабаган саясатчылар дагыле оторчулук саясатын улантып аткан Орусияны караан тутуп, ошол жерге барып атканы бул эмне деген шермендечилик.

Кош жээктегилер коошо алышабы?

- Азыр биздин коом батышчыл демократиячыл, анан орусчул деп эки жээкке бөлүнүп калгандай сезилет. Сизге андай туюлган жокпу?

Разак Сайдилканов: - Ага башка өлкөлөр түртүп атышпайбы. Дегинкиси Борбор Азия ачылбаган бай ресурс. Советтер Союзу таркаганга чейин анын убайын Орусия көрүп келген. Ал таркагандан кийин бул бай потенциалга Орусия, Америка, Батыш өлкөлөрү, анан Кытай көз артып жатышат. Мына билесиң, Европа бул байлыкка жетиш үчүн Түркия, Грузия аркылуу мунай, газ түтүктөрүн куруп алып кетип атат. Кытай Казакстан менен Түркмөнстандын байлыгын ташып кетүү мүмкүндүгүн түзүп алды. Мындан Америка бош калды. Анын жалгыз жолу Ооганстан, Пакистан аркылуу Ынды океанына чыгуу. Америка үчүн бул жердеги артта калууну жоюп, демократиялык гүлдөгөн өлкөлөрдүн турушу керек. Бул жагынан өрнөк болчу өлкө түзүш маанилүү. Андай өлкө Кыргызстан. Чөлкөмдөгү тирешүүнү токтотуп, тынч, бакубат өлкөлөр менен экономикалык алака-катыш түзүш максатын көздөйт. Орусия болсо мурдагы эле империялык позициясынан кете элек. Ал эми элди сатып ала албайт. Бирок айрым саясатчыларды сатып ала тургандыгын көрсөттү. Орусия эмне үчүн парламенттик түзүлүшкө каршы чыгып жатат. Бул элдик түзүлүш. Президенттик бийлик - жеке кишинин бийлиги. Аны сатып алыш оңой. Эми булардын өрнөгүн алалы. Ф.Кулов өз элинен колдоо ала албасын билгенден кийин Орусияга Д. Медведевге барып, ошолордон колдоо алып келди. Ошонун аркасы менен орус тилдүүлөрдүн колдоосун алып отурбайбы. Мунун аркасынан калганы сатылганы барып атпайбы.

- Минтип тышкы саясаттын бир жакка ооп кетиши өлкөнүн өзүнө салакасын тийгизбейби?


Разак Сайдилканов: - Албетте, тийгизет. Биз өз баркыбызды билишибиз керек. Биз намысыбызды сактап турсак өздөрү келишмек. Баары менен жакшы мамиледе болушубуз зарыл. Эң негизги максат элибиздин намысы, өлкөбүздүн кызыкчылыгы болушу керек. Анан ушулар бизге демократияны, эгемендикти алып келеби? Бүгүн ар бир кыргыз ойлонсун! Дүйнө алдында кадыры тепселип, укугу, элдиги тепселип турганын ойлонсун! Кимди саясатка алып чыкканын, кимге добуш бергенин ойлоно турган кез келди.

- Разак мырза, ырахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG