Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Бактыбек Калыев: «База эмес, окуу борбору»


Бактыбек Калыев, Кыргызстандын коргоо министри
Бактыбек Калыев, Кыргызстандын коргоо министри

Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук окуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анда куралдуу күчтөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү кесиптик даярдыгын жогорулатышат. Жаңы окуу борборун курууга АКШ өкмөтү аскердик-техникалык жардам иретинде 5,5 миллион доллар бөлмөкчү.


Борбордон алыс борбордун чоо-жайы

Өткөн жылы “Манас” аба майданында мурунку аскер базанын ордуна Кошмо Штаттардын Транзиттик борбору ачылган. Эми болсо Кыргызстандын түштүгүндө жайгашчу атайын аскерлердин окуу борборун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бул ишке болжол менен 5,5 миллион доллар сарпталышы мүмкүн экенин Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Калыев 26-мартта “Азаттыкка” берген маегинде ырастады.

- Көп түшүнбөстүк кылып айтып атышат. Ал Американын базасы, башка бир нерсе деп өзүнчө тыянак, чечим чыгарып жатышат. Жок, ал андай эмес. Америкалыктар бизге жардам берип атат. Бул келип аткан жардам аскерий-техникалык жагынан берилген жардам. Ал жерде кыргыз аскерлеринин инструкторлору болот, же ошол эле Орусиядан, Түркиядан, Америкадан чакыртылган адистер келип сабак өтүп кетишет. Инструкторлор штат боюнча бардыгы курулуп бүткөндөн кийин каралат. Кыргыз армиясында Кыргызстандын жарандары гана кызмат кылат. Ошон үчүн инструкторлор жалаң өзүбүздөн болот.
Эми аны борбор деген менен база деп эсептесе болот.
И. Масалиев

Б. Калыев жаңы окуу борбордун кайсы бир деңгээлде аймак коопсуздугуна таасир көрсөтүшү мүмкүн экендигин белгилеп, анда негизинен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлери даярдыктан өтүшөрүн маалымдады.

Исхак Масалиев
Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев Кыргызстандын түштүгүндө түптөлүп жаткан жаңы аскердик түзүм биртоп маселелерди чубап чыгарын белгилейт.

- Экинчи база курабыз деген сөз болуп жатпайбы. Эми аны борбор деген менен база деп эсептесе болот. Менимче, ушул маселелер боюнча биртоп суроолор болуп атат.

И. Масалиев мына ушул окуу борбору, ошондой эле өткөн жылкы берилген 300 миллион доллар кредиттин кандай жумшалганына байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын мамилеси кыйла салкындап кетти деген пикирде.

Коңшулар капа болушпасын
Бул америкалык борбор эмес, бул Кыргызстандын антитеррордук борбору.
Р. Тагаев

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Рашид Тагаевдин пикиринде, жаңы окуу борборунун курулушу Кыргызстан менен кызматташ өлкөлөргө салакасы тийбейт.

- Бул америкалык борбор эмес, бул Кыргызстандын антитеррордук борбору. Биздин эле аскерлер, атайын аскердик бөлүмдөр ошол жерде машыгышат. Эч кандай Американыкы эмес. Алар каражат берип атышат. Ошондой бир борбор куруп берип атышат. Кыргызстандын террорчулук менен күрөшүүсүнө ушундай бир борбор түзүлүп атат. Анан ойду бөлөк жакка жүгүртө бербегиле да, бу кандай болду ыя?

Роза Отунбаева
Анткен менен террорчулукка каршы жаңы окуу борборунун курулушу сөзсүз Кыргызстандын коңшулары менен мамиле-катышына таасирин тийгизерин парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева белгиледи.

- Коопсуздук ошол жерде – Баткенде начар, ошол жерди биз камтышыбыз керек деп эле ошентип базаны кое берсе бул менин оюмча, бизди жакшылыкка алып келбейт.

Р. Отунбаева жаңы окуу борборун баштоодон мурун жакын турган коңшулар, ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр менен макулдашып, ишти жасоого өтүшсө жакшы болор эле деген пикирде.

Жаңы окуу борборунун качан ачылары так чечиле элек чакта Баткенде контракт негизинде куралган аскердик бөлүк жайгашты. 1999-2000-жылдары Кыргызстанды кыйла дүрбөлөңгө салган эл аралык жанкечтилердин бүлүгүнөн жапа чеккен аймакка дагы бир жаңы аскердик түзүм орнотуу маселеси ошентип эмитен эле чоң талашка түшүүдө.

Р. Отунбаеванын ырасташынча, кыргыз бийлигинин аракет-кыймылдарында кийинки кездери экономикалык кызыкчылык басымдуулук кылып кеткени байкалууда.

- Ким каякка тартып кетсе эле, кайсы жерден дагы акча түшсө эле ошону менен маселелердин баары чечилип атат.

Ангткен менен президент К. Бакиев Кыргызстан эл аралык мамилелерди улуттук кызыкчылыктарга бурууга жетишип, өткөн жылдан бери “эларалык аренада өз ордун таба” баштаганын айтууда. “Мурдагыдай теңсинбөөчүлүктөн арылып, бизге тең укуктуу, урмат мамилени сезип” жатканын Ынтымак курултайында баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG