Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Коопсуздук кызматы отко май тамызганбы?


6-7-апрелдеги окуялардын чоо-жайын иликтеген көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү кан төгүлгөн тополоңдун чыгышына Улуттук коопсуздук кызматынын чагымчыл аракеттери алып келген деген билдирүү жасашты. Алардын пикиринде, Акаев өстүргөн кадрлар Элмира Ибраимова, Абдыганы Эркебаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдин 7-апрелде өз эрки менен атайын кызматтарга келип колго түшүп бериши да шек туудурат.

Сексен ашуун кырчындай жаш жигиттердин жаны кыйылган апрель окуяларынын чоо-жайын иликтеген көз карандысыз коомдук комиссиянын башында турган укук коргоочу Азиза Абдырасулова Германиянын Deutsche Welle үналгысына интервью берип, Улуттук коопсуздук кызматы 6-апрелде оппозиция лидерлерин текши камоо эл арасында катуу нааразылык толкунун жаратарын билип туруп, ушундай ишке атайын барган деген пикирин айткан. Анын пикиринде, айрым оппозициялык лидерлердин, мурдагы Акаев кланынын кадрлары Элмира Ибраимова, Абдыганы Эркебаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдин 7-апрелде өз эрки менен атайын кызматтарга келип колго түшүп бериши да шек туудурат.

Мындан улам укук коргоочу бул адамдар алдын-ала кандуу кагылыштар болорун баамдап, өздөрү үчүн алиби даярдашкан деген жыйынтыкка келген. Ошондой эле ал чогулган фактыларга таянып, 7-апрелде “Форумдун” алдына митингге келген адамдардын куралданышына коопсуздук кызматы атайын чагым жасап, ошол жерге эки унаа менен курал-жарак алып келип таштаганы комиссия чогулткан видеолордо бар экенин кабарлаган.

Ушундай эле пикирди “Азаттыкка” берген интервьюсунда мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Субаналиев да билдирген болчу:

- Негизи жанагы жерге (“Форумга”) УУК кызматкерлери келгенин элдин баардыгы билет. Милиция деле айтып атат, анткени милиция курал-жарагы жок барган. Алар менен сүйлөшкөндө алар деле УККнын балдары болчу деп айтып жатышат.

А.Абдырасулова ошол күнү Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди кармоо үчүн атайын кызматтын 200 кызматкери, маичилер жана башка структуранын адамдары тартылганын күбөлөр айтып бергенин интервьюсунда кабарлаган.

Ал ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди жана анын орун басарын мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов Таласка жибергенин Бишкекте абалды көзөмөлдөн чыгаруу үчүн атайын даярдалган иш-чара болгон деп эсептейт.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова комиссия оор жагдайда чоң жоопкерчиликти мойнуна алганын айтты. Анын айтымында, 7-апрелдеги окуяга мурдагы Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов менен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун ролу чоң болгон.

- Биз “Форумда” курал-жарак кандайча адамдардын колуна тийди жана Ак үйгө алар кандайча куралданып келди деген маселени козгодук. Аны азыр да абдан териштирип жатабыз. Биз УККнын табышмактуу катышканын далилдедик. УКК абдан чоң оюнду ойногон. Ошондуктан мырза Суталиновдун да ролу чоң.

Мындан сырткары апрель окуясын иликтеген көз карандысыз комиссия Бакиевдер менен да жолугуп, окуянын чоо-жайын сураштырган.

- Мен Жаныш Бакиевге атайын даярдыктагы аскерлер каяктан келди эле, алар кимдер эле деп суроо бердим. Ал “биздин эле балдар болчу. Бирок алар жаңы эле түзүлгөн, жакшы, сабаттуу окуу алган эмес жана биз аларды терроризмге каршы үйрөтүп жаттык эле” деп айтты. Бул киши бир тууганына таянып алып профессионалдуу иштеген эмес.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Азиза Абдырасулова жогоруда белгилегендей, А. Эркебаев, Э. Ибраимова жана К. Дүйшөбаев өздөрү УККнын колуна түшүп бергендигин иликтөө көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, 7-апрель күнү эртең мененки саат тогузда аны бала-чакасынын көзүнчө үйүнөн кармап кеткен. Ошондой эле ал Акаев бийлигинин тушунда иштесе да, анын үй-бүлөсү менен жеке катыштыгы болбогонун айтты:

- Биринчиден, мен андай комиссия түзүлгөнүн да билген эмесмин, бүгүнкү маалыматтан улам билип отурам. Маалыматтын кайдан чыкканы – бул мениче ар бир адамда симпатия, антипатия болот да. Экинчиден, саясий оюндар болот да. Укук коргоочулар саясатка аралашпай, укукту коргосо.

Элмира Ибраимова менен 6-7-апрелде чогуу жүргөн бир тууган иниси Эрмек Ибраимов А.Абдырасулова айткан маалыматты четке кагып, эжеси Элмира айымдын 7-апрель күнү үйүнөн УКК кызматкерлери тарабынан кармалганын билдирди. Ошол эле кезде учурда УККны убактылуу жетектеп жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев Акаевге да, Бакиевге да эмес Ата Журт үчүн иштеп жатканын "Азаттыкка" берген маегинде билдирген эле.

Апрель окуяларын иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүү мүдөөсү Улуттар Уюмунун, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Бишкекке келген өкүлдөрү жана Кыргызстандын убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева тарабынан мурдатан айтылып келе жатат. Апрель окуяларын эл аралык иликтөө жүргүзүү талабын экс-президент К.Бакиев дагы батыл коюп жатканы белгилүү.

Антсе дагы ушул күнгө чейин эл аралык комиссияны чакырып апрель окуяларын иликтөө жөнүндө айтылган ой-пикирлер сөз бойдон турат. Убактылуу өкмөт болсо укук коргоо органдарынын тиешелүү топтору тергеп-тескөө иштерин жүргүзүп жатканын гана байма-бай маалымдоодо.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов өз кезегинде Азиза Абдырасулованын соңку билдирүүлөрүн убактылуу бийлик менен элдин ортосуна чагым салуу аракети катары сынга алды.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, комиссия иликтөөсүн мындан ары да улантат, анын жыйынтыгы жакын арада жалпы коомчулукка расмий жарыяланат.

XS
SM
MD
LG