Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Аяз атага кат


“МК Кыргызстан” гезити демейдеги “президентке кат” деген рубрикасын бул ирет “Аяз атага кат” деп алмаштырып, макаланын атын “Биз бука эмеспиз, бука биз эмес” деп атады. “Дело №..” гезити “24 Kg” маалымат агенттигине шилтеме кылып, Британдык экономикалык чалгындоо кызматынын иликтөөсүнө ылайык президент К. Бакиев 2010-жылкы президенттик шайлоого чейин бийлигин туруктуулук менен сактап тура аларын кабарлады.

“МК Кыргызстан” гезити демейдеги “президентке кат” деген рубрикасын бул ирет “Аяз атага кат” деп алмаштырып, макаланын атын “Биз бука эмеспиз, бука биз эмес” деп атады. “Саламатсызбы, Аяз Ата!” деп башталаган кат андан ары минтип уланат. “ Мен эми бул жылы президентке кат жазбайм. Ага жазганың да, жазбаганың да баары бир экен. Ошон үчүн катты сизге жазып жатам, Аяз Ата! Баса, Сиз төлгөгө ишенесизби? Келаткан жыл президент К. Бакиевдин жылы – Бука жылы экен.”

Кат акырында : “Кымбаттуу Аяз Ата! Келаткан жылда мамлекеттик аткаминерлердин бири да каратаман калкты сүзбөгүдөй кыла көр. МАИчилер менен салыкчылар бизди мал сыяктуу жайытка жайганын гана эмес ар бирибизди сааганын да токтотсун. Эгер айбандар үчүн мыйзам жазылбаса дагы жок дегенде букалар үчүн мыйзам жазылгыдай кыла көр. Өлкө башчылары өз элине жайылып жүргөн мал катары эмес, эл катары мамиле жасагыдай кыла көр” деген тилек тилөө менен аяктаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесине ташкендик саясат иликтөөчү Владимир Паромонов интервьюсунда токтолгон. Анын оюнча өзбек тарап Кыргызстандагы окуяларга кооптонуу менен көз салып турат. Өзбек тарапты айрыкча коңшу өлкөдөгү сациалдык-экономикалык оор жагдай жана исламдын саясатташып баратканы чочулатат. Политологдун байкоосунда эки өлкөнүн масмилесиндеги эң эле өзөктүү маселе – суу-энергетикалык маселе. Мына ушул маселе жөнгө салынмайын бүтүндөй аймактык маселе жөнгө салынбайт. Ташкендик саясат иликтөөчү андан ары Өзбекстан менен Кыргызстанды жакындаштыруу вазипасы Орусияга байланыштуу, ошондуктан бул ролду Орусия алышы керек деп эсептейт.

Гезит муну менен бирге эле Орусия Кыргызстанга 2 млрд. доллар карыз бергени жатканын, анын 1,7 миллиарды Камбар Ата ГЭСинин курулушуна жумшаларын, бул ГЭСтин сметалык баасы эле 2 млрд. доллар турарын, эгер аны бүгүнкүдөй темп менен куруп олтурса шашпай дагы 50 жыл куруу керектигин сөз кылган.

Ошентип орустар бере турган доллардын 300 миллиону бюджетке түшмөкчү. Аны кандай сарптайт, ал өкмөттүн иши. Баса өкмөт башчыларынын ошол жыйынында В. Путин Сочидеги олимпиадалык объекттерге өнөктөштөрүнүн ар биринин катышууга мүмкүндүгү барын, керек болсо ар бири бирден мейманкана куруп, алардын атын өз борбор шаарларынын аты менен атаса боло тургандыгын айткан.

Маселен, анда Сочидеги кыргыздар кура турган Бишкек мейманканасы кайсыл каражаттын эсебеинен курулат? Же Путин Камбар Ата ГЭСинин курулушу үчүн берген доллардын эсебиненби? Гезит ушинтип жазды.

“Дело №..” гезити “24 Kg” маалымат агенттигине шилтеме кылып, британдык экономикалык чалгындоо кызматынын иликтөөсүнө ылайык президент К. Бакиев 2010-жылкы президенттик шайлоого чейин бийлигин туруктуулук менен сактап тура аларын кабарлады.

Гезит ошондой эле элчиликтен бошотулган Рина Приживойт Мекенине кайтып келатканын, ал үчүн “Моя столица” гезитинен шеф-редакторлук кызмат орду дайындалып койгонун маалымдады. “Президенттик шайлоо жакындап келатат. Эми Рина айымдын калеми кайсыл жакты карай шилтенер экен? Президенттик шайлоонун үгүттөөчүсү боло алар бекен? Бирок анын калеми түзгөнгө караганда бузганды жакшы көрчү эле” деп кошумчалады.

Гезит “Саясый качкындар, алар кимдер?” деген макаласын акыркы жылдары Мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгондорго арнады. Кийинки эки жыл аралыгында саясый жагдайларга байланыштуу ондон ашуун кыргыз жарандары өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Жаңы бийлик ошентиип биринчи ирет өз диссиденттерине ээ болду. Кыргызстандык укук коргоочулардын божомолу боюнча мындайлардын катары дагы калыңдашы мүмкүн.

Мисалы, Т. Исмаилованын айтуусунда Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелди. Энергетикалык кризистин чыныгы себептерин ачып жазган журналисттерди 37-жылдагыдай УККга аңгемелешүүгө чакыртышууда. Оппозиция жолбашчыларына кылмыш иштери козголгон. Салык салмай зомбулугу же азыркы тил менен айтканда рейдерчилик алтургай бала бакчаларга чейин жетти. Деги эле бул өлкөдө жашоонун өзү коркунучка айланды.

Элдин укугун коргой турган укук коргоочу Э. Байсалов өзү чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Эдилдин байкоосунда бүгүн өлкөнү саясатчылар эле эмес, саясат менен иши жок, бирок өлкөнүн экономикасына салым кошо турган жаштар массалык түрдө таштап кетүүгө аргасыз болууда. Бүгүн кыргыз бийлиги мына ушул өңдүү жаш адамдарды ишке тартуунун ордуна тескерисинче кереги жок буюмдай улам сыртка сүрүп таштап жатат.

Ушу кезде кыргыз качкындарын Европанын бардык өлкөлөрүнөн көрүүгө болот. Мисалы, бийлик тарабынан жабылган “Де-факто” гезитинин башкы редактору Ч. Орозобекова күйөөсү, эки кичинекей баласы менен Швейцарияда баш калкалап жүрөт. Азыр ал Кыргызстан жөнүндө интернет-сайт ачып алып иштөөдө.

“Пирамида” телеканалынын шеф-редактору Турат Бектенов жубайы экөө француз тилин үйрөнүүдө. КТРдын журналисти Кайрат Биримкулов да ушул өлкөдө. Ошондой эле 2007-жылы ошол кездеги премьер-министрдин машинасына таш ыргытты деп күнөөгө жыгылган төрт таластык азамат – Улугбек Осмонов, Лира Тантабаева, Шумкарбек Жумакеев, Азимкан Жунушалиев да Швейцарияда. Булардын экөө - У. Осмонов менен Л. Тантабаева баш калканч алса, калган экөөнүн абалы азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG