Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Жомокко баатыр, жоого жок…


«МК-Кыргызстан» гезити Бишкектин райондорунун атын өзгөртүүгө каршы пикирлерди жазды. «Дело №…» жогорку чөйрөдөгү аткаминерлердин айрымдарына ачылган сот иштерине кайрылды.

«Московский комсомолец Кыргызстан» гезити Бишкектин 4 районунун аттарын өзгөртүүгө каршы каяша пикирин билдирип: «Балким мындан ары көчө аттарын аткаминерлердин, саясатчылардын жана алардын а дүйнөдөгү ата-бабаларынын аттары менен атоону токтотуу боюнча мыйзам чыгаруу керек болуп жүрбөсүн, антпесе 2005-жылдын 24-мартын майрамдаган сайын көчөлөр менен мектептердин аттарын мына ошол март революционерлеринин аттары менен атап калчу күн да алыс эмес сыяктанып калды окшойт, Бишкекте Пригородная деген көчөнүн аты бар эле, аны өзгөртүп, Өнөржайөнүктүрүү министри Акылбек Жапаровдун атасы Үсөн Жапаровдун ысымы менен атап салышты, биз тарыхка маркум Жапаров кандай эмгек сиңиргенин интернеттен да издеп таппай убара болдук, деги эле райондор менен көчөлөрдүн аттары койгон атына эмес, затына жараша болот эмеспи» депкеп кылды.

Гезит бул теманы андан ары улантып: «Депутаттар Ленинди Манаска алмаштырганы жатышат» деп кабарлап, «акжолчу» депутат Бейшенбек Абдыразаков парламентке Лениндин сүрөтүнүн ордуна Манастын сүрөтү тартылган «Алиппе» китебин чыгарууну сунуштаса, депутат Турдукан Жумабекова «Манас» үчилтигин чыгаруу маселесин койгонун сөзгө алат.

Жаш муундарды тарбиялоонун маңызы тигил же бул китептин же дептердин мукабасындагы сүрөтүн алмаштырып коюу мене эле чечиле турган болсо жарасы жеңил болбойт беле атаганат. Азыркы жаштар арадан бир нече кылым эмес, бир нече жыл өткөндүгүнө карабастан Ленин ким экенин билбей калышты. Москвалык мектеп окуучуларынан Ленин деген ким деп сурамжылашканда: «мафиоз», «байыркы баскынчылардын бири», «дүкөндүн жанындагы эстелик », «космонавт», «мумия» деп жооп беришкен. Биздин кыргызстандык балдар деле Ленинди булардан кем билбейт болуш керек.

Элдин өнүгүп-өсүшүн эпостон издеген эл алыс узабайт. Маркум Салижан Жигитовдун: «Албетте, «Манас» бизде өзгөчө ардакталат. Баарыбыз миллиондогон ыр саптары бар теңдешсиз эпосубуз бар деп мактанабыз. Бирок ошол эле учурда биздин «Дон Кихотубуз», «Фаустубуз», «Тынчтык жана согушубуз» ( көркөм чыгармалар) жок деп кейибейбиз. Акыркы жылдары «Манас» темасына арналган 300кө жакын китептер, брошюралар жарык көрдү. Бирок, тилекке каршы, физика же химия боюнча балдар үчүн бир дагы илимий-популярдуу энциклопедия басылып чыгалек. Ансыз да жакырчылыктан жан айласын таппай жаткан жаш муунга «Манас» аркылуу заманбап билим берем дештин өзү күлкү келерлик» дегени аргасыздан эске түшөт» деп жазды.

Жумалык андан ары көчө рекламаларынын жазылышына арналган макаласынын атын «тилиң тилиңе душман» деп атады.

Гезит төрөттөн көз жумган төрт аял жөнүндө сөз кылып, алардын үчөөн сактап калууга болмогун, өлгөндөрдүн эң кичүүсү 29, эң улуусу 36 жашта экенин, эки келиндин каны токтобой, ар бири 3 литрден канын жоготуп атып жан кыйганын «Акмакчылык» деген макалада баяндаган.

«Эмдиги жылы электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт». Мындай кабарды 17-сентябрда президент Курманбек Бакиев Европалык банкир деректирлердин делегациясы менен жолугуу учурунда билдирген. «Электр энергиясына бааны кымбаттатуу керек, анткени көптөгөн жарандар энергияны үнөмдөш эмне экендигин билишпейт» деген президенттин сөзүн шилтеме кылган «Дело №...» гезити бүгүнкү санына оппозиция бийлик менен сүйлөшкүсү келип туруптур, бирок БЭК тарабынан президенттин администрациясына жазуу түрүндө да, оозеки түрүндө да өтүнүч түшөлек экен деп жазды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Бешимов өз өмүрүнө коркунуч туулгандыгына байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетиптир, ал анысын Вашингтондогу Борбор Азия жана Кавказ институтунда сүйлөгөн сөзүндө билдирип, Кыргызстанда орус саясатчылары менен жергиликтүү кылмышкерлер биригип, оппозиционерлерге кысым көрсөтүүдө бийликке жардам берип жатат деп айтты деп, Американын Нью-Йорк штатында орус тили испан жана кытай тилдери менен катар ырасмий статуска ээ болгонун тастыктаган мыйзам чыкты, АКШнын бул аймагында миллионго жакын тургундар орус тилинде сүйлөшөт экен, эми Нью-Йоркто орус тили кеңири колдонула баштаган 3-тил болуп калды деп кубануу менен шардана кылды.

«Кылмышпы же саясатпы?» Мына ушундай рубрика алдында макалага окурман көңүлүн бурган «Дело №…» жогорку чөйрөдөгү аткаминерлердин айрымдарына ачылган сот иштери тууралуу маалыматтар бир нече ай мурда маалымат каражттарынын беттеринен түшпөй калганын, бийлик болсо: «мына мурдагы сиңирген эмгеги менен атак-даңкына карабастан, коррупционерлер менен кандай күрөшүп атканыбызды көрдүңөрбү?» дегендей түр көрсөтүп келгенин аткаминерлер И. Кадырбеков, И. Исаков, А. Жекшенкуловдун мисалында баяндаган. Алардын кандай себеп менен күнөөлөнүп жатканына жана сот жүрүшүнүн азыркы абалына токтолгон.
XS
SM
MD
LG