Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусунунан” бөлөк гезиттер 24-март эмне күн экенин эскеришкен жок.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кылымдарга айтылчу кыргыз ыңкылабы?” деген жалпы тема менен экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун “Банкрот өлкөнү кабыл алганбыз” аттуу интервьюсу жана журналист Анаш Кадырованын “Эгемендүүлүктү улаган элдик революция” аттуу макаласы менен ачты.

Гезитте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Насыят”, окутуучу Рахат Таштемированын “Ата Журттун рухий атасы” аттуу макалалары, профессор Амангелди Бекбалаевдин “Атилла-гунндардын ханы” аттуу тарыхый романынан үзүндү жана буга дейре сандан санга жарыяланып келаткан белгилүү тарыхчы Абылабек Асанкановдун “Кытайлык кыргыздарга саякат” аттуу даректүү баянынын соңку бөлүгү басылып чыккан.

“Беш жылдын ичинде Кыргызстанда кант кызылчасын өндүрүү 39 эсеге кыскарган. 2003-жылы кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмү 812 миң тонна болсо, 2007-жылы 155 миң гана тонна өндүрүлгөн. Ал эми акыркы жылдары ал өзүн өзү актабай калды деп, кант кызылчасы малга тоют катары гана берилип калган. ...Өткөн кылымдын 80-81-жылдарында Кыргызстан жылына 1,2 млн. тонна кант кызылчасын өндүрүп, түшүмдүүлүгү жагынан СССРде 1-орунду ээлеп келген” деп жазган ушул эле гезит бул тармак бүгүн бүлгүнгө учурап бүткөнүн кеп кылат.

Мына ушул маселе Кубанычбек Сыйданов төрагалык кылган республиканын коомдук ордо кеңешинин кезектеги жыйынында сөз болгонун, анда кант боюнча мамлекеттик программа иштелиши керектигин, бардыгын эле жеке менчикке берип коюп жалаң салык жыйымын карап олтура берүүгө болбой калгандыгын, айрым стратегиялык өндүрүш тармактарын мамлекет өз карамагына алышы зарылдыгын талкуулаганы баяндалган.

Айыл чарба маселесинин илим жагдайы тууралуу “Ачык саясат” гезити аркылуу айылчарба илимдеринин доктору, Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор А. Назаркулов жазып чыкты. Ал айыл чарба илими акыркы күнүн жашап атканын, анткени Кыргызстандын айыл чарба жана жайыттар боюнча илим изилдөө институтундагы илимий кызматкерлердин орточо жашы 68 жашты түзүп калганын, негизинен пенсия курагындагылар гана иштебесе, жаш илимпоздордун көбү чет өлкөлөргө кетип, кээ бир илимдин кандидаттары Ош базарында олтурганын кеп кылган.

Айыл чарба тармагында иштеген окумуштуулар менен илимдин оор абалы тууралуу президентке, Жогорку Кеңешке, кыргыз өкмөтүнө эчен курдай кайрылуулар жазылган, жолугушууларда маселе коюлган, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаган бойдон кала берүүдө. Эгер бул абал ушундай жол менен кете берсе 8-10 жылдан кийин Кыргызстандын айыл чарба илим тармагында иштей турган адистер калбай калары анык.

Гезит мындан тышкары мурдагы депутат Замир Парманкуловдун:“Бакиев элдин убалынан да, көз жашынан да коркпойт” жана “27-мартта бүткүл Кыргызстан боюнча нааразылык акциялары өткөрүлөт” деген баш темалар менен 1-бетин ачкан.

Гезит ошондой эле генерал Исмаил Исаковдун “Армияны да коммерцияга айлантышты” деген аталыштагы маектешүүсүн окурмандарга сунуш кылды. Садыркулов жана Слепченконун өлумүнө байланыштуу оюн билдирген генерал “Бул жалпы Кыргызстан үчүн төбө чачты тик тургузган окуя болду. Жетер жерине жеттик. Мындан ары ушундай окуянын кайталанышы мүмкүн эмес. Мунун артында кимдер турганын, кимдердин колу менен жасалганын, биздин коом эчак эле билип калышкан. Азыркы бийликте олтурган атка минерлер “ауиди” автомашинасы менен сүзүшүп, анан күйүп кетиптир деген ой-пикирлерди элге сиңирүүгө болгон аракеттерин жасап жатышпайбы. Ага бешиектеги бала да ишенбейт” деп айтты.

Буга улай эле Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров “Жакырчылык жанына баткан эл толкуй албай араң турат” деп айтып, ал мурдагы депутат Рахат Ирсалиевдин ордуна келгенин, 27-марттагы митингке өзү да кошулуп чыгарын, дал ушул күнү өлкөдө күчөп бараткан саясый куугунтук тууралуу сөз болорун, эң башкысы репрессия кылып аткандарды токтотуу экендигин билдирди.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Дүйнөлүк премьера” деп аталган макаласын эмдиги жылы ОБСЕге Казак Республикасы төрагалык кыларын, мунун өзү эле эларалык алкакта Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жагымдуу шарт түзөрүн белгилеген. Казакстандын европалык абройлуу уюмга төрагалык кылышы Борбор Азияда күчөп келаткан диний экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана анаша аткезчилигине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бура алат жана бул боюнча маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө көбүрөөк таасирин тийгизет..

Анын үстүнө Казакстан Батыш менен да, Чыгыш менен да аймактык талаш -тартышы, чыр-чатагы жок жалгыз өлкө. Назарбаевдин Борбор Азия мамлекеттеринин союзун түзүү боюнча айткан демилгеси да унутал элек. Казакстан төрагалык кылары менен жанкечтиликке, анаша жана курал-жарак аткезчилигине каршы күрөш ишинин өзгөгү болуп каларын жар салганы бар, эми буюрса мына ошол 2010-жыл да жакындап калды, деп жазды аталган жумалык.
XS
SM
MD
LG