Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Көчмөн цивилизацияны азыркы заман талабына ылайык аңдап чыгуу зарылдыгы Кыргызстанда жакындан бери расмий деңгээлде коюла баштады. Өткөндөн бүгүнкүгө материалдык-рухий маданияттын эмнеси өтүшү керек? Көчмөндүктүн муңбай турган баалуулуктары кайсылар? «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунда мына ушул маселелер талкуyланат.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунда мына ушул маселелер талкуланат. Студияга Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдырахман Алымбаев, тарыхчы, саясат таануучу Табылды Акеров мырзалар чакырылган.

-Көчмөн цивилизация адамзат турмушуна эмне алып келди, анын маданияттагы орду кандай? Абдырхаман мырза, көчмөндөн мурун цивилизация дегендин өзү кандай, ушуга токтоло кетсеңиз.

Абдырахман Алымбаев: - Окумуштуулардын ырасташынча, цивилизация дегендин өзү 21 жакын аныктамасы бар. Бирок алардын ичинен 3 негизги белгини сөзсүз айта кетиш керек. Биринчиси адамзат тарыхында жазуунун пайда болушу. Экинчиси - темирди иштетүүнүн башталышы. Үчүнчүсү – мамлекеттердин пайда болушу. Бардыгында мына ушул 3 фактор дайыма бар. Көчмөндөргө анын кандай тиешеси бар? 14-кылымдарда өткөн арабдын социолог-тарыхчысы Абдырахман Ибн Халдунгдун сөзүнө таянсак, ал отурукташкан арабдар менен көчмөн арабдардын жашоо-турмушуна токтолуп, көчмөндөрдүн артыкчылыктары көп экенине токтолгон. Ал мамлекетти алгач көчмөндөр түзгөнүн кеп кылат. Ысык-суукка карабай жер которуп жашашкан көчмөндөрдүн саламаттыгы чың болот. Уруулук түзүлүштөгү коом мүчөлөрү болгон соң бирин-бири жакшы билишет. Улуусун кичүүсү сыйлайт. Салт менен жашап, аны бузгандарды күнөөсүнө жараша жазалап турушат, дейт. Уюшкандыкта, тартипте жашаган калк. Бир жерди басып алгысы келсе оңой эле басып алып коет. Жоокер эл. Көчмөндөр менен отурукташкан эл урушканда саны аздыгына карабай көчмөндөр жеңишке ээ болот, деген. Көчмөндөр отурукташкан элдерди басып алып, аларды башкарыш үчүн мыйзам, анан акырындап отуруп мамлекет пайда болгонун кеп кылган.

- Табылды мырза, көчмөндөрдүн адамзат цивилизациясына алып келген дагы кандай жаңылыктары бар?

Табылды Акеров: - Көчмөндөр тоо-талааларда жашаганы менен жанындагы коңшулары менен алака түзүп турушкан. Булар аскердик-демократиялык түзүлүш негизинде жашашкан. Ошон үчүн алар көчмөн империясын түзгөнгө жетишкен. Мисалы, хундардын империясы. Кытай чегинен чыгып, Европанын чоң урууларын жеңип, Италияга чейин кирип барган уруулар. Болбосо улуу кыргыз дөөлөтү жүнүндө да айтсак болот. Ушул дөөлөт учурунда биздин “Манас” эпосунун сюжеттери калыптанганын айрым окумуштуулар айтып келатышат.“Манас” кыргыздардын адамзат маданиятына кошкон чоң салымы. Мындан тышкары “Огуз-Намени” алсак болот.

- Абдырахман мырза, көчмөн цивилизацияны аңдоо жөнүндө кеп кылып жатабыз. Көчмөн цивилизация азыркы заман талабына шайкеш келе турган идея, максатты бере алабы?

Абдырахман Алымбаев: - Эми азыр көчмөн цивилизация жок. Биз дагы отурукташкан калкка айландык. Биз көчмөндөрдүн урпактарыбыз. Көчмөндөрдүн коомдук турмушунда артыкчылык жактары биртоп болгон. Мисалы, уруулук түзүлүштү биз совет доорунда орустук же болбосо европалык көз караштан карап олтуруп, аны биз ушу күнгө чейин жамандап келатабыз. Бирок ушул күнгө чейин ал түзүлүштөн кеткен жокпуз. Жана сөз башында Ибн Халдунгдун пикирин келтире кетпедимби. Ал деле уруу адамдарды тарбиялаганын айтат. Шаар цивилизациясы башкача. Шаар эли бирин-бири билбейт. Бирин-бири тааныбайт. Алар бири-бири менен тууган болбогондуктан ар ким өзүнүн проблемасы менен жашай берет. Анан душман каптап киргенде кедейи “душман кирсе экен, мен тиги байдын байлыгын тартып алам” деп ойлойт. Байы болсо душман кирсе байлыгымды тартып алат, деп кедейине ишенбей, отурукташкан коом ичинде бири экинчисине каршы күч жашаганын көрсөткөн. Көчмөндөрдө мындай жок. Аларда артыкбаш жүк дак жок, өзүнө керектүүсүн гана алат, дейт. Шаар цивилизациясына караганда көчмөн коом адамды тарбиялоо жагынан көп артыкчылыктарды берген. Мына азыр кездешип жаткан көрүнүштөр: кыздардын көчөгө чыгып кетүүсү, жалган сүйлөп, ыйманын жегендик же хан башы менен элин таштай качкандык – эч качан болгон эмес. Анан көчмөндүк доордо генетикалык тазалык – 7 ата өткөнчө үйлөнбөй, тукумду бекем сактоо өөрчүгөн. Азыр Фергана өрөөнүндө 2 - 3 атадан кийин эле үйлөнүшүп алуу көбөйүп баратканын журналисттер жазууда. Эми көчмөн коомго кайрылбайбыз. Бирок алдагыдай жакшы жактарын ылгап өзүбүзгө алып алсак жакшы эле болмок.

- Табылды мырза, кыргыздардын байыркылыгы, алардын арийлер менен тектештиги, Андрон уруулары менен байланышы жөнүндө кеп кылып келатабыз. Ушуга токтоло кетсеңиз.

Табылды Акеров: - Академик В.Бартольддон тарта эле кыргыздардын байыркылыгы тууралуу кеп кылып келатабыз. Чынында эле кыргыздардын Андрон маданиятына тиешеси бар. Тарыхый булактарда кыргыздардын көзү көк, чачтары сары болгондугу айтылат. Ар бир коом өзүнүн тарыхына кайрылат. Бул коомду реформалоодо керек. Көчмөндүккө көңүл буруунун бир жакшы жагы туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүшү мүмкүн. Көчмөн турмуштун айылын жасап, этнографиялык жайларды курса ага туристтер арбын келиши мүмкүн. Ушундай иштер мисалы, азыр Монголияда жасалып жатат. Ал натыйжалуу чыгууда. Азыр жер-жерлерде таберик буюмдар, шырдактар жасалып жатат.

- Абдырахман мырза, соңку суроо. Кандай иштер жасалышы керек, деп ойлойсуз?

Абдырахман Алымбаев: - Тарых дөңгөлөгү артка айланбайт. Ошол көчмөн доордон эмне жакшы нерселер болсо ошону алып өтүүбүз керек. Материалдык маданияттан боз үй менен ак калпакты алалы. Калпак тууралуу өтөле көп жаздым. Аны жакшылап тигиш зарыл. Көчмөн турмуштун архитектурасын алып жүргөн боз үй формасындагы үйлөрдү салууга эмне үчүн болбосун?! Боз үй - үч катмар дүйнөнүн микромоделин билдирген курулуш. Анан комуз, кол өнөрчүлүккө байланышкан көп нерселерди айтсак болот. Маданий мурастарды алсак. “Манас” баш болгон эл оозеки адабиятынын үйлүгүлөрүнүн 40 томдугу чыгып жатат. Эми буларды өздөштүрүү маселеси турууда. “Тооратты” билбегенди жөөт деп эсептебегендей эле, “Манасты” билбегенди да кыргыз дебеш керек.

- Табылды мырза, көчмөн цивилизациядан биз эмнелерди алышыбыз керек?

Табылды Акеров: - Көчмөн цивилизациядан көп нерселерди алууга болот. Ал Кыргызстандын саясий структурасын да өзгөртүүгө көп жардам берет. Енисей кыргыздарында коом үч топко бөлүнгөн. Алардын башчылары сүйлөшүү жолу менен, ар кандай келишимдер аркылуу башкарып келген. Бизде деле үч партия түзүп, саясий ишмердикке кызыккандарга ошолордун бирөөсүнө кирип, күрөшө бериш мүмкүндүгүн бериш керек. Ал үч партия бийликтин да ишин көзөмөлдөп турганга жетише алар эле.

- Мырзалар, студияга келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG