Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Ванкувер: Франция АКШдан озду


Canada -- Syarhey Novikov of Belarus in the men's biathlon 10 km sprint final during the Biathlon Men's 10 km Sprint on day 3 of the 2010 Winter Olympics at Whistler Olympic Park Biathlon Stadium, 14Feb2010
Canada -- Syarhey Novikov of Belarus in the men's biathlon 10 km sprint final during the Biathlon Men's 10 km Sprint on day 3 of the 2010 Winter Olympics at Whistler Olympic Park Biathlon Stadium, 14Feb2010

Учурда Ванкуверде жеңип алган медалдардын сапаты боюнча АКШдан Франция алдыда озду. Алар 2 алтын байгелүү болушту.

Ванкувер олимпиадасында К-95 деп аталган трамплиндин эки таймаш түрү боюнча бийиктиктен лыжа менен секирүү мелдешинде франциялык Жейсон Лами Шаппюн баш байгенин ээси болуп, алтын медаль тагынды. Бул жеңиш Франция командасын шыктандырып койду.

Экинчи орунду америкалык Жонни Спилэйн ээлеп, күмүш байгелүү болду. Италиялык Алекссандро Питтин үчүнчү орунду камсыз кылды.

Дүйнөлүк спорт күйөрмандарынын көңүл бурган эр-азаматтардын 10 км лыжа менен жарышып, мылтык атып мелдешкен биатлондун “спринт” түрү болду. Мындагы таймашууларда 24 жаштагы франциялык офицер Жей Венсан мергендиги жана чапчаңдыгы менен айырмаланып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону деп таанылды.

Норвегиялык Эмиль Хегле Свендсен экиничи орунду ээледи. Коло байге хорватиялык Яков Факка буюрду.

Жамгыр аралаш жааган кар биатлончуларга түйшүк жаратып, олимпиаданын беш жолку чемпиону, норвегиялык даңазалуу Уле Эйнар Бьорндален мылтыктан үч жолу жаза атып, марага 52-болуп араң жетти.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликееванын пикиринде Ванкуверде кыз-келиндердин 3 миң метрге коньки жарыштарында чехиялык Мартина Сабликова өз өлкөсүнө алгачкы алтын байгени утуп берди. Ошондуктан Бишкекте жаңы курулган муз айдыңында Ванкувер олимпиадасынын таасири менен коньки тебүү спортун өнүктүрүү учур талабы.

-Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталган 22 жаштагы чехиялык Мартина Сабликова мындан 4 жыл мурда Турин олимпиадасына да катышып, байгелүү орунга илинбей калган.

Үч миң метрлик коньки жарышында германиялык Штефани Беккерт экинчи орунду ээледи. Канадалык Кристина Гроувз коло байгелүү болду.

Эр-азаматтар арасында бир кишилик чана жарыштарынын жыйынтыгы да чыгарылды. Мында 20 жаштагы германиялык Феликс Лох Свен алдыга озуп чыгып, чеберчилиги менен таанылып, Ванкувер олимпиадасынын алтын байгесине арзыды.

Феликстин өнөгү Давид Меллер да марага экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынды.

Ванкувердеги чана жарышында олимпиаданын эки жолку чемпиону италиялык Армин Цоггелер германиялык жигиттерге утулуп, коло байге менен чектелди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун пикиринде Ванкувердеги мелдештерде оюн ээси Канада өлкөсүнө эр-азаматтардын фристайл жарышында дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Александр Билодо алгачкы алтын медалды тартуулады.

Фристайлдын “Могул” түрү боюнча мөрөй талашууда Турин олимпиадасынын чемпиону, австралиялык Дэйл Бегг-Смит марага экинчи болуп келди.

Америка Кошмо штаттарынын өкүлү Брион Уилсон коло байгелүү болду.

Кыз-келиндердин хоккей таймашууларында америкалыктар Кытай Эл республикасынын командасын 12:1 эсебинде утуп, үч упайга ээ болушту.

Кыргызстандык Ольга Решеткова 15-февралда кечинде 10 км аралыкка жарышка катышмакчы. Ал эми Тоо лыжачы Дмитрий Трелевский 19-жана 21-февралда мөрөй талашууга катышат.

Учурда жеңип алган медалдардын сапаты боюнча АКШдан Франиция алдыда озду. Алар 2 алтын байгелүү болушту. Экинчи катардагы Германиянын 1 алтын, 3 күмүш байгеси бар.

Алгачкы күнү алдыга чыккан АКШнын учурда 6 мелдалы бар. Алардын бирөө алтын, экөө күмүш жана үчөө коло байге болуп саналат.

Оюн ээси Канада бирден алтын, күмүш жана коло медалды олжолоп, учурда төртүнчү орунда келатат.

Бешинчи орундагы Түштүк Корея өлкөсү 1 алтын, 1 күмүш медаль утуп алышты. Учурда Голландия, Словакия, Чехия жана Швейцария өлкөлөрү бирден алтын байгелүү болушту.
XS
SM
MD
LG